Кырсыктардын алдын алган рейд

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 10:49

Кырсыктардын алдын алган рейд

рейд17 ноябрь, Бишкек. Күн сайын ар түрдүү жол кырсыктары катталып, анын кесепетинен канчалаган адамдардын өмүрү кыйылып жатат.  Айдоочулар жол эрежесин сактап, автоунааны башкарып келе жатса, айрым  айдоочулар автоунаа башкарууда жол эрежелерин одоно бузуп, жол коопсуздугун сактабай жаткандыгынын айынан канчалаган адамдар оор жаракат алышып, кээ бирөөлөрү мерт кетишүүдө.

Ушундай жагдайларды эске алуу  менен облустун патрулдук милиция башкармалыгы  11-12-ноябрда Ысык-Ата жана Сокулук райондорунда «Рулда» аталышындагы  рейддик иш-чара өткөзүштү.

Анын жыйынтыгы боюнча 56 мыйзам бузуу катталып, алардын ичинен 11 автоунаа ээси ичимдик ичип алып автоунаа башкаргандыгы үчүн кармалса, 22 айдоочу  тийиштүү документтери жок унааны башкарып бара жаткандыгы үчүн, 6 айдоочу терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн, автоунааны айдоочулук күбөлүгү жок башкарганы үчүн 5 айдоочу кармалды.

Облустун патрулдук милиция башкармалыгы жол кыймылын одоно бузуп же болбосо автоунааны мас абалында башкарып бара жаткан жарандар тууралуу маалыматтар болсо 0312-44-64-22 телефону боюнча жарандар кайрылышса болорун эскертет.

Жибек ШАРШЕНБИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 10:49

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина