Кыргызстанга жарым жылда 2 млнго жакын чет өлкөлүк турист келди

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:05

Кыргызстанга жарым жылда 2 млнго жакын чет өлкөлүк турист келди

Вокруг-озера-Иссык-Куль16 Ноябрь, Бишкек. Кыргызстанга жарым жыл ичинде 1,9 миллион чет элдик туристтер келген. Бул өткөн жылга салштырмалуу 349 миңге көп. Мындай маалыматты Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтуусунда, бул жылы салыктын түшүүсү 38 миллион сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 7 миллион сомго көп чогултулду.

Туризмдин киреше булагы 8 миллиард 503 миллион сомду түздү. Туристтик кызматтарда экспорттоодон 173 миллион доллар түшкөн. Бул тармакка жасалган инвестициянын көлөмү 6 миллиард 780 миллион сом болду.

Туризмдин очогу болгон Ысык-Көл облусуна 70-80 пайыз туристтер келди.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:05

Парламент

Элдик медицина