Кыргызстандын өнөр жайы өргө баратат

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2018 00:33

Кыргызстандын өнөр жайы өргө баратат

12Кыргыздар байыр тан эл менен кошо табиятты ала жүрүшкөн. Дан себүү убагында үчтөн бири элдики. үчтөн бири өзүмдүн кардымы тойгузганга,үчтөн бири жан-жаныбарларды тойгузганга деп себишкен. Ошондуктан, Асан кайгы сыяктуу табиятты ойлогон персонаждарды ойлоп чыгарыптыр. Бүгүнкү өкмөттүн платформасын карап туруп элди да, экологияны ойлоп боло турган нерселерди ойлоп, калп айтпай аткара турган иштерин айтып жатканы сүйүндүрөт.

Кыргызстан экономикада өз ордун тапты

Өлкөбүз үчүн эң оор жылдар артта калды. Кыргызстан өнүгүүдө өз жолун тапты, эми ал багытынан тайбайт. 2017-жылдын апрелинде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр-жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. 2018-жылы ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады. Өнөр жайдын өнүгүүсү тездеп баратат. Бүгүнкү бийлик кирешенин жогорулашына жетишти. 2018-жылы бюджетти терс көрсөткүчтөрү менен алган дагы, 1,5 жыл ичиндеги учурга карата ИДП ны 11% жогорулаткан. Ошондой эле бюджетке салык төлөөлөрдү жогорулаган.

Россиянын экономикага кошкон салымы

Кыргызстанга Россиянын жардамы зор. Мисалы, насия алынган 350 млн АКШ $ кечип койду. 2012 — жылдан бери Россия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө 1 млрд АКШ $ барабар куралдарды акырындап берип жатат. 2015- жылы ЕврАзЭСке киргенде жардам катары 1 млрд АКШ $ бергенге убада кылган, бул акчанын 300 млн. $ өткөн 2017- жылы берилди . Калган акча акырындап этап менен берилип турат. 2017-жылдын жарым жылдыгында товар алмашуу 500 млн АКШ долларын түздү. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында бул сумманы мындан да арттырууга болот. 2017-жылы болжолдуу маалыматтар боюнча КМШ өлкөлөрүндө өз ара товар алмашуунун көлөмү дээрлик 12,2% өскөн. Буга байланыштуу биримдиктеги өлкөлөрдө экспорттун көлөмү – 29,6%, ал эми импорт – 7,3% жогорулады. Россия жүк кыймылын жогорку сапатта көзөмөлдөө системасын түзүү жана ишке ашыруу боюнча комплекстүү иш чараларды жүргүзүүдө.

 2017-жылдан тартып экономика өнүгүүнү көрсөттү

 2017-жылдан тартып биздин өлкөнүн экономикасы өнүгүүнү көрсөттү. Жарым жылдыктын жыйынтыгында ал 6,4% түздү. Аталган көрсөткүчтүн жакшыруусуна жагымдуу факторлордун бири, ЕврАзЭС өлкөлөрүндө экономикалык өсүүнүн кайра калыбына келишине биздин негизги соода өнөктөштөрдүн таасири болду. Интеграциялык биримдиктеги өлкөлөр менен соода көрсөткүчтөрүнүн жогорулоосу байкалды. Өлкөлөрдүн экономикасы интеграциялык жаңы шарттарга жана эрежелерге ыщгайлашуу этабында экономикалык төмөндөө коркунучун алдын ала алдык.

Дүйнөлүк санариптик экономикага кирүү

Келечекте санариптик дүйнөдөн өз ордун ээлөө – Кыргызстандын стратегиялык милдети. Мамлекеттик башкаруу системасына заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү маселеси жана аталган тармакты реформалоого өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл бурууда. Бүгүн биз жаңы технологияларды алып жүргөн ири өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатабыз. Өзүбүзгө гана таандык өзгөчөлүгүбүздү сактоо менен өлкөнүн дүйнөлүк санариптик экономикага кирүүсү – бул зарыл процесс. Дал ошондуктан мамлекетти курууда жалпы улуттук жащы жогорку технологиялуу долбоор ишке ашырылат. Инновациялар Кыргызстанды ааламдашуу рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү камсыздоодо кыймылдаткыч болууга тийиш. Буга жетишүү үчүн биздин өлкөдө жасалган продукциялар сапаттык жактан үлгү болушу зарыл.

Логистикалык борборлор

Кыргызстанда бир нече логистикалык борборлордун курулушу бүткөрүлүп калганын билдирди. Анын негизинде дыйкандар өздөрүнүн продукцияларын ортомчуларсыз ички рынокко, Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнө жана Евробиримдикке түз сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аны менен бирге фермерлер өндүргөн продукцияларды туруктуу жана жогорку баада сатууга жол ачып, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу зарыл.

Коррупцияны кыскартуу

Коррупцияны кыскартуу үчүн «Таза Коом» долбоору натыйжалуу инстурмент болот. Буга административдик процедураларды автоматташтыруу жолу менен жана санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жолу менне жетишүүгө болот. Бул адам факторунун таасир этүүсүн минималдаштырат. Биздин социалдык шарттар жөн гана натыйжалуу болбошу керек. Алар өлкөдө ар бирине ишенимдүүлүк сезимди жана келечекке берилиши керек. Адамдык капиталдын бөлүштүрүү, билим берүү маселеси, санариптик сабаттуулук өнүгүүнүн артыкчылыгы болот.

Улуттук айдоочулук күбөлүгү

Россияда Кыргызстандын 500 миң жараны иштеп, ал жакта биздин автоунаа айдаган жарандар Кыргызстандын авто айдоочу күбөлүгү менен иштеп жатышат. Башка өлкөлөрдүн жарандары авто айдоо үчүн Россиянын күбөлүгүнө экзамен тапшырып, кайрадан күбөлүк алууга муктаж болушуда. КР жарандарына мындай артыкчылык: КР конституциясында “орус тили расмий тил” деп жазылганы себеп болду. Кыргыз жарандары өздөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгү менен Орусиянын аймагында иштөөгө мүмкүндүк алуусу тууралуу Федералдык мыйзамга кол коюу, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган. Азыркы жакшы алакаларды эске алуу менен, өлкөлөр арасында товар алмашуунун көлөмүн арттырууну көбөйүп баратат. Бул азыркы бийликтин жетишкендиктери.

538 километр жол ремонттон өткөн

2016-2017-жылдары 538 километр жол ремонттон өткөн. Түштүк менен түндүктү бириктирген жол курулуп жатат. Бул жол бир гана түштүктүктөрдү эмес, Анжиан жолу аркылуу өзбектердин Ысык-Көлгө келишин көбөйтөт.

Өзбекстан менен карым-катташууда Кыргызстанда ири потенциал бар, анын баарын толук кандуу пайдалануубуз зарыл. Кыргызстан Өзбекстандан минералдык ресурстарды, пахта сырьесун, автомобиль өнөр жай продукцияларын, медициналык буюмдарды жана каражаттарды импорттоого болот. Бул азык түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле жеңил өнөр жай жана башка продукциялар. Буга байланыштуу бардык тоскооолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу боюнча иштер жүрүп жатат. Аны менен бирге биздин элдердин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү чоң мааниге ээ.

Пенсия жаатында эмне өзгөрүү бар?

ЕврАзЭС мүчө-мамлекеттердин кызматкерлеринин пенсиялык камсыз кылуу боюнча келишим биздин өлкөнүн кызматкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү, бир маанилүү документ болууга тийиш. Биз 2019-жылга чейин ЕврАзЭС мүчө мамлекеттердин пенсия менен камсыз кылуу келишиминин өнүктүрүү жана күчүнө киргизүү үчүн бардык күч-аракеттерди жасоого чакырабыз. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын жалпы рыногун өнүктүрүүгө карай өзүнүн даяр экендигин тастыктайт жана буюмдар, кызмат, эмгек жана капиталдын кыймылынын эркиндигин бекемдөөгө даяр экенин билдирет.

Айыл чарба өнөр жайы

Бийликтин ирригация боюнча долбоорунда кошумча иш орундар камтылганын, ички миграциянын кыскартуу жолдорун билет. Айыл чарба толугу менен сугат суусу менен камсыз болуусу керек. 10 жыл ичинде 50 миӊ га.өздөштүрүлөт. Мелиорациясын жакшыртуу үчүн 46 суу чарбалык объектилеринин курулушу пландаштырууда, райондун өнүгүшүнө, конкреттүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өнүгүшүнө долбоор кандай таасир тийгизгенин баалай алышат.

 

Бир жылда 3000 бюджеттиктер жаӊы конуштун ээлери болот

Мамлекеттик бийлик мамлекеттен жардам алмайынча окутуучунун маянасына турак жай сатып алуу кыйын тураарын билет. Ошондуктан, ал бюджеттегилерге 2023-ж. Чейин 1 млн м2 турак жай куруу маселесин алдыга койгон. Максаты – бир жылда 3000 бюджеттиктер жаӊы конуштун ээлери. Өкмөттүн мамлекеттик ыкмасы бюджеттик чөйрөдөгүлөрдү жөн гана турак жай менен камсыз кылуу эмес, турак жайдын сапаттуу салынышынын бардык эрежелерин сактоо менен, социалдык инфраструктурасы каралышын көзөмөлгө алат.

Коопсуздук маселеси

Мамлекеттик бийлик түздөн-түз же тез арада пайда алып келбеген чөйрөлөргө камкордук кылат – бул коопсуздук маселеси, социалдык чөйрө, инфраструктуралык долбоорлор ж.б. Бизнеске болсо, үнөмдөө жана киреше табуу үчүн адамды машинага алмаштыруу пайдалуу. Жалпы иш менен камсыз кылуу маселесин чечет: ар башка чөйрөлөр боюнча иш орундарынын санын жогорулатууну камсыз кылат, кайсыл жерде иш орундар кыскаруусун аныктайт. Мамлекеттик бийлик кошумча жумуш орундарды камсыз кылуу жөнүндө ойлойт. Мамлекетчил, бизнесменге караганда, болушунча көбүрөөк адамдар иш менен камсыз болуусун пландаштырууга милдеттүү.

 

Тышкы саясат

Мамлекеттик бийлик тарабынан сырткы саясат маселелери боюнча көп сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бүгүнкү бийлик Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтө алат, анткени улуттук кызыкчылыктарды жетекчиликке алат, мүнөзү жайдары, тажрыйбалуулугу жана акылмандыгы менен айырмаланат жана өнөктөштөр аны жогору баалашат.

2017-жылы Өзбекстандын жарандарынын Ысык-Көлдө ыңгайлуу эс алуусуна шарт түзгөн «Ташкент – Тамчы» түз авиа каттамы ачылганын белгилей кетүү керек. Өзбекстан Республикасы менен жылуу коңшулук мамилелерди өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки тараптуу мамилелери жакшы жолго коюлду.

Айылды комплекстүү өнүктүрүү пландаштырылууда

Ар бир айылда заманбап спорт аянтча,  ар бир райондо – заманбап маданият жана көӊүл ачуу борборлор пайда болот. Айылдагы жашоо шарттар, сапаты жана ыӊгайлуулугу менен, шаардан айырмаланбайт.Акыркы мезгилде кыргыз спортсмендерин колдоо мамлекеттик бийлик тарабынан колго алынгандыктан дүйнөлүк көптөгөн мелдештерде кыргызстандык спортсмендер жеңиш менен кайтып келе баштады. Айсулуу Тыныбекова, Түмөнбаев, Шевченко сыяктуу көптөгөн спортсмендердин шыгына шык кошкон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2018 00:33

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина