Кыргызстандын кызыл «кызгалдактары»

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:17

Кыргызстандын кызыл «кызгалдактары»

                                     13   “Сөз сыйкырдуу күчкө ээ”    Конфуций

Кийинчерээк мурдагыдай деңгээлде сөз кылынбай бараткан баңгичилик боюнча кыскача ой-толгоолорду ортого салуудан мурда кыргыздын бир баятадан  айтыла калып жүргөн уламышын эске сала кетким келди: Илгери, илгери өзүнө эң эле кыска өмүр берилип калганына кейип-кепчиген апийим (кызыл “кызгалдак”) дегени Жаратканга “Мени каалап, мага жаны менен берилгендер менин албырган гүлдөрүмдөй болуп ар качан гүлдөп турсун, бирок менин сүйүүм жетишсиз болгондор да чыксын, анан алар менин тез эле куурап калчу бутактарымдай болуп бат куурап-кургап кетип турушсун” дегендей өтүнүчүн айткан экен. Андайлар, арийне, адамдар тура.

Мурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик комиссия, кийинчерээк агенттикболуп, бир топ жылдар бою бу жаатта тынбай иш жүргүзүп, баңги заттарын көзөмөлгө алуу боюнча аткарылып жаткан иштерден коомубуз кабардар болуп турчу эле жана өткөн убакыт ичинде топтолгон тажрыйбанын, Кыргызстандын тарыхы менен географиясынын негизинде алар тарабынан баңгиликти көзөмөлгө алып жана аны менен күрөшүүнүн кенен-кесири  илимий-практикалык доктринасы иштелип чыга баштаганын да билчүбүз. Кийинчерээк бул маселе жаатында бардыгы ойдогудай болуп, көйгөйлөр толук чечилип калгандан бетер көп сөз кылынбай, аткарылып аткан иштер жана чечилбеген көйгөйлөр бар экендигине карабай аларэлге дээрлик жеткирилбей калып аткандай туюлат. Идеялык-пропагандалык негиздерди толугу менен иштеп чыгуунун мааниси чоң экенин эч качан унутпашыбыз керек. Ооба, эми ал милдеттердин бардыгы ички иштер министрлигине өткөндүгүн уккан жайыбыз бар.

Кыскача түшүндүрмөгө өтсөк, адамзат баңги заты менен илгертен тааныш экендиги белгилүү. Маселен, айрым тарыхый маалыматтарга таянсак ,биздин доорго чейинки беш миң жылдыкта эле Жакынкы Чыгышта апийимди, анын адамга  болгон таасирин эске алып, “кубанычтын өсүмдүгү” деп атап келишиптир. Кытай императору Шен Шунг биздин доорго чейинки 2700 жылдардын тегерегинде кол алдындагыларга  ар кыл оорулардан, айрыкча, подаградан сактануу максатында кара куурайдын ширесин ичип турууга милдеттендирген экен. Кийинчерээк апийим менен гашиш крест жүрүштөрү менен саякатчылардын аркасы менен  чыгыш маданиятынын эң керектүү атрибуттарынын бирине айланып кеткен.

Учурдагы дүйнө деле бул коркунучтуу заттардан баш тарта алган эмес. Азыркы тапта героиндин булагы катары апийимдин негизги өндүрүүчүлөрү Индия, Австралия, Китай, Корея, Япония, Афганистан, Пакистан, Иран, Лаос, Бирма, Таиланд, Мексика жана Жаңы Зеландия болуп саналышат. Бирок бардык өндүрүлгөн баңги заттарынын орто эсеп менен төрттөн бир бөлүгү гана медициналык багыттарга колдонулат. Калгандары каякка кетет? Албетте контрабандалык жол менен адамдарга коркунуч келтирчү жактарга. Буга байланыштуу 1961-жылы баңги заттары жөнүндөгү Бирдиктүү конвенция түзүлүп, анан анын негизинде “Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча Эл аралык комитет” пайда болгон,  азыркы тапта анын филиалдары дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштөөдө.

Ал эми Кыргызстандын аймагында апийим 20-кылымдын башында эле атайын анча-мынча жерлер бөлүнүп, кадимкидей өнүгө баштаган, анткени биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда падышачылык Россия  ооруну басаңдатчу каражаттарга абдан муктаж болуп турган, ал эми апийим далай ооруну айыктырууга жөндөмдүү делет эмеспи.. Советтик бийлик да өткөн кылымдын 70-жылдарына чейин апийимди атайын өстүрүп келген. Советтик архивдерге таянып айтсак, Кыргызстанда 7 миң гектардан апийимдин дүйнөлүк өндүрүмүнүн 15 пайызы чыгарылып, дүйнөдөгү морфиндин 16 пайызы өндүрүлүп турган. Бирок 1974-жылы БУУнун жана ВОЗдун талабына байланыштуу Кыргызстандын жеринде өндүрүштүк апийимди өстүрүү токтотулган.

Тилекке каршы, кийинчерээк, советтик –афган согушу башталган учурда (1979-1988-жылдар), мурдагы СССРде, мунун ичинде биздин өлкөбүздө да баңги заттарын жайылтуу абдан күчөп кеткен. Так мына ошол учурда  туруктуу жана уюшулган кылмыштуу топтор пайда болуп, ошондогу коомдун аң-сезимине “наркобизнес” деген түшүнүк бекем орной түшкөн, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн аймактарынын баары афганда өндүрүлгөн баңги заттардын контрабандасы боюнча маанилүү өткөөл-жолдордон болуп калышкан.

Буга каршы күрөшүүнүн жолдору арбын эле болгон. Кыргызстандын чек араларын тактап жана бекемдөө, Борбор Азиянын укук коргоо органдарынын тыкыз кызматташтыкта иштөөсү, албетте, баңгиликке көз каранды болуп калгандарды реабилитациялоо (Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелери жана жеке реабилитациялык борборлор аркылуу)  маанилүү багыттардан болуп саналат. Бул жерде пропаганда каражаттарына таянууну да эч качан эстен чыгарбоо зарыл.

Айрым адистердин пикири боюнча баңги заттарына берилип кетүүнүн эң эле негизги себептери – айрым адамдардын эркинин жоктугу жана жеке болобу же коомдук саясий турмуштабы, кыйынчылыктар чыгып калганда психологиялык жактан туруксуздугу. Көбүрөөк тынчыбызды алган маселе – жаштардын баңгиликке берилип кетип жатышкандыгы. Бул жаатта да талаштуу көз караштар абдан  көп. Бирок буга каршы иш өз учурунда жана таасирдүү жүргүзүлсө, аларды мындай жаман адаттан арылтуу кыйла жеңилирээк деп айтышкандар да аз эмес.

Мамлекет булардын баарын эске алуу менен бул жаман адат боюнча коомдук түшүнүктү туура жолго коюу өнөктүгүн өз учурунда жана бардык керектүү каражаттарды колдонуу менен жүргүзүп турушу керек деп ойлойбуз. Мында пропагандалык, көрсөтмөлүүлүк маселелер эң алдыңкы орундарда турушу керек. Кийинчерээк массалык басма-сөз каражаттарынан бул маселе жаатындагы макала, корреспонденцияларды… дээрлик кездештирбей калдык.  Бул деле, дегеле баңгичиликти көзөмөлгө алып жана тизгиндеп туруу абдан деле чоң каражаттарды талап кылбаса керек, мында, биринчи кезекте, саясий аң-сезимдүүлүктүн болушу зарыл, бирок, эгерде баңгичиликке каршы күрөшүүдө идеялык-пропагандалык негиз түзүлүп жана аракеттенбесе, бул жагынан илгерилөөлөр да болбой калышы мүмкүн.

Ж.ЖУМАБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:17

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина