Кыргызстандыктар ат чабыштарда 14 медаль утуп алышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 13, 2018 15:00

Кыргызстандыктар ат чабыштарда 14 медаль утуп алышты

80 км аралыкка ат чабыш6-сентябрда  Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ар кандай аралыкка ат чабыштар болду.

Ат чабыш боюнча мелдештер 5 дисциплина боюнча өткөрүлдү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев жана эл аралык ат чабыштар федерациясынын өкүлдөрү катышты.

 

6-сентябрга карата жеңүүчлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:

Кыска аралыкка (түз жерде чабыла турган) ат чабыш:

Аралык 1600 м, катышуучулардын саны – 8

1-орун – Данбай (күлүктүн каймана аты), Жапаров Бурганак (ээси), Жапаров Таалай (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) – байге фонду – 200 миң сом;

2-орун – Харт ту Кети, Зарипов Рассим (ээси), Таалайбек уулу Бактияр (машыктыруучу) – Башкыртстан (Россия) – 100 миң сом;

3-орун – Падиша Нури, Шынайдаров Адилет (ээси), Рахимбаев Малик (машыктыруучу) – Казакстан – 70 миң сом;

4-орун – Сулкара GB, к/з «Асанбек Ата» (ээси), Батыркулов Жекиш (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) – 50 миң сом.

Кунан чабыш:

Аралык 11 000 м, катышуучулардын саны – 25

1-орун – Зара, Жолдошбеков Кубанычбек (ээси), Өмүралиев Керим (машыктыруучу) – Кыргызстан (Нарын облусу) – байге фонду 300 миң сом;

2-орун – Көк Серек, к/з «Асанбек Ата» (ээси), Батыркулов Женишбек (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) – 200 миң сом;

3-орун – Байдарка, к/з «Аширбек Ата» (ээси), Дүрбөлөң уулу Эдил (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чүй облусу) – 120 миң сом;

4-орун – Аракет, к/з «Самоволов» (ээси), Абдылдаев Саид (машыктыруучу) – Краснодар крайы (Россия) – 80 миң сом.

Кыска аралыкка (түз жерде чабыла турган) ат чабыш:

Аралык 2400 м, катышуучулардын саны – 12

1-орун – Дичато – Булгынов Мерхан (ээси), Табылдиев Мейрамбек (машыктыруучу) – Казакстан – 200 миң сом;

2-орун – Каркыра, к/з «Асанбек Ата» (ээси), Батыркулов Жекиш (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) – 100 миң сом;

3-орун – Фен Кэролайн, Мамбетаитов Турсунаалы (ээси), Өмүралиев Керим (машыктыруучу) – Кыргызстан (Нарын облусу) – 70 миң сом;

4-орун – Фитзимун, Шыдаков Марат (ээси), Букетов Данияр (машыктыруучу) – Россия (Карачаево-Черкесия) – 50 миң сом.

Бышты жорго:

Аралык 6000 м, катышуучулардын саны – 26

1-орун – Победа (Патрон-Аймончок), Ургазиев Камчыбек (ээси), Ургазиев Камчыбек (машыктыруучу) – Кыргызстан (Ысык-Көл облусу) – 300 миң сом;

2-орун – Канзас, Абдулбакиев Искендер (ээси), Абдулбакиев Искендер (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чүй облусу) – 200 миң сом;

3-орун – Мамба Лок, Минбаев Нурмухаммед (ээси), Токмергенов Жаныбек (машыктыруучу) – Кыргызстан (Нарын облусу) – 120 миң сом;

4-орун – Киприот, Абдулбакиев Искендер (ээси), Абдулбакиев Искендер (машыктыруучу) – Кыргызстан (Нарын облусу) – 80 миң сом.

Кыска аралыкка (түз жерде чабыла турган) ат чабыш:

Аралык 3200 м, катышуучулардын саны – 8

1-орун – Желкабыз, Зарипов Рассим (ээси), Замудин Нурдан (машыктыруучу) – Россия (Башкыртстан) – 200 миң сом;

2-орун – Апрокаллис, Абылгазиев Менсулин (ээси), Тимченко Андрей (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чүй облусу) – 100 миң сом;

3-орун – Рояль Тюлип, Сырдыбаев Улан (ээси), Өмүралиев Керим (машыктыруучу) – Кыргызстан (Талас облусу) – 70 миң сом;

4-орун – Элита, Исмаилов Ильшат (ээси), Батырбек уулу Жаннат (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чүй облусу) – 50 миң сом.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 13, 2018 15:00

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина