Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 14, 2017 11:38

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов

 Без названия 14 апрель, Бишкек. Маркум Үсөн агабыз учурунда 300дөн ашык кинотасмага тартылган. Ал Борбор Азияда, Кыргызстанда каскадерлордун мектебин негиздеген. Ат менен 27 метр бийик аскадан сууга секирип Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине кирген. Даңазалуу инсан Үсөн Кудайбергеновду 2005-жыллы 10-апрелде Бишкектин жанындагы Орто-Сай айылындагы үйүндө кечки саат 9 чамасында белгисиз эки жигит аткан “Макаров” тапанчасынын огунан набыт болуп, аска-зоодон, оттон-суудан коркпогон, аттын кулагы менен тең ойногон чыгаан каскадер агабызды Бакиевдер буйуртма менен өлтүрүшкөн.

Үсөн Кудайбергенов 24-марттагы ыңкылаптан кийинки талап-тоноо учурунда элдик кошуун түзүп, Улуттук банк баштаган бир нече банктар, «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнү, мамлекеттик резиденция жана башка мекемелерди талап-тоноодон сактап калышкан. Ыңкылаптан кийин элдик кошуундун катары өсүп, өлкөдөгү коопсуздукту сактоону колго алышкан. Бишкектин айланасындагы жер участокторун басып алгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде аракет кылуунун зарылдыгын айтып түшүндүрүп жүргөн эле. Элдик кошуундун лидери, каскадер Үсөн Кудайбергеновдун өлүмү атайын уюштурулган, бул саясый маанайдагы кылмыш деген пикирлер айтылганы менен аны кимдер буйуртма менен өлтүргөнү билинбей, кылмыштын бети ачылбай кала берди. Бул кылмыш ошол учурда өлкөдөгү башаламандыкты дагы тереңдетип, мамлекеттин, элдин, ишкерлердин байлыгын сактоого аракет кылган Үсөн Кудайбергеновду өлтүрүү элдин үрөйүн учуруу үчүн жасалганын убакыт өзү көргөздү.

Себеби Үсөн Кудайбергенов башында турган элдик кошуун эч кандай саясатка аралашпаганына «Эл адилет» кошуундун мүчөлөрү жана карапайым калк, ишкерлер күбө боло алышат.

Үсөн Кудайбергеновдун 2005-жылы февраль айында “Кыргыз Руху” гезитине берген маегинде мындай деп айтылат:

“Далай өлкөлөрдүн киночулары бизге келип көркөм тасмаларын тартышты. Кийинки 3-4 жылдан бери биздин «Каскадер» киностудиясы өз ишин токтотууга аргасыз болгон. Мунун ар кыл себептери бар эле. Учурда кайрадан ишти баштап, чет элдик кинолорго тартыла баштадык. Казактардын «Көчмөндөр» деген тасмасына тартылдык. Бизде шарт, мүмкүнчүлүк бар, мыкты, чебер жигиттерибиз бул өнөрдүн сырын жакшы билишет. Учурда кытайлыктар «Манасты» тартууга каражат бергени жатат. Мында да биздин жигиттер ойнойт деп ойлойм. Ар бир кыргыз бир сомдон жыйнасак деле өз күчүбүз менен “Манасты” тартып коюуга болот. Кытайлыктар аны кандай тартат, мааниси кандай чыгат? Саясатка аралаштырып бурмалап жибереби, ал белгисиз?.. Мен бир топ жылдан бери ыр жазам. Ырларымды, өмүр жолумду өзүнчө китеп кылып койсом деген тилегим бар, деген эле маркум Үсөн ага. Гиннес китебине кирген кыргыз каскадеру өткөн доордун 70-жылдарынан бери Советтер Союзунда тартылган көпчүлүк кинолордогу кымкуут түшүп кылыч чабышып, аттан жыгылып, отко күйгөн, сууга агып, аскадан секирген, автоунаадан авария болгон көрүнүштөрдүн баарын режиссер-коюучу, белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов койгон. Ал Орто Азия эле эмес мурдагы Советтер Союзунда биринчилерден болуп каскадерлук кесипти аркалап, АКШ, Италия, Франция, Германия сыяктуу дүйнөнүн кырктан ашык өлкөсүндө жигиттери менен барып, баш-аягы 300гө чукул кинодо ар кандай трюктарды аткарган.

Үсөн Кудайбергенов Голливуддун каскадерлер Ассоциациясынын ардактуу мүчөсү, Орусиянын каскадерлерунун жана Семиречие казактарынын Ассоциациясынын ардактуу мүчөсү, Кыргызстандагы «Панкратион» федерациясынын ардактуу президенти болгон. Кыргыз каскадеру “Өзбекфильм” киностудиясында тартылган «Генийдин жаштыгы» кинотасмасында аргымак менен 27 метр бийиктиктеги аскадан сууга боюн таштап, ал трюк Гиннес китебине жазылган. Үсөн Кудайбергенов СССР мезгилинде биринчи болуп «Каскадер» студиясын түзүп, кино өнөрүндө каскадерлук кесипти өнүктүрүүгө зор салым кошкон адам катары эсептелет. Анын оттон-суудан кайра тартпаган көк жалдыгын, кылычтай курчтугун, илбирстей шамдагайлыгын “Асан-Үсөн” деген жамгырдан кийинки эки желе сыяктуу «жарк» деп келип, «жарк» деп кеткен табигый кубулушка окшоштурсак болот.

Үсөн агабыз 1949-жылы 27-ноябрда Кара-Балта шаарына жакын Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 15 жашында Бишкекте алгачкы түзүлгөн кыргыз циркине жигиттердин атчандар тобуна кошулат. Бой жеткенден кийин Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда окуп жүргөндө эле аттын «кулагы» менен менен тең ойноп, кинолорго тартылып, кооптуу трюктарды аткарат. Кыркка чукул мамлекеттерде тартылган кинолорго кыргыз жигиттерин кошо алып барып, шумдуктуудай ат оюндарын көргөзүп, «жаанын жебесиндей учкан» шамдагай каскадерлорунун өнөрү менен тааныштырат. Кийин Бишкекке жакын Орто-Сай айылында ондогон кыргыз жигиттеринен турган каскадерлер тобун түзүп, аттан жыгылуу, жаа атуу, аттын капталында салаңдап калуу сыяктуу ат оюндарын, аска-зоодон секирүү, сууга агуу сыяктуу коркунучтуу трюктарды коёт.

«Азоо жылкыдай» эч кимге тизе бүкпөгөн Үсөн ага өз элинин бөтөнчө патриот уулу болчу.

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 14, 2017 11:38

Парламент

Элдик медицина