Кыргызстандагы хирургдардын атасы, 91 жаштагы Мамбет Мамакеев 68 жыл эмгек жолунда!

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 14:49

Кыргызстандагы хирургдардын атасы, 91  жаштагы  Мамбет Мамакеев  68 жыл эмгек жолунда!

11 Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев 91 жашка чыкты. Ал ушу бүгүнкү күндө күн сайын 4-5  операция жасап, көргөн-билгенди таң калтырып келет. Өмүрүндө отуз миңден ашык операция жасаган хирург. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында же карылар күнүндө Мамбет авабыз 91 жашка толду. Ошондуктан, кыргыз элинин сыймыктанган аксакал-хирургка барып, окурмандарыбызга ал-акыбалын, баарлашкан маегибизди сунуш кылалы деп чечтик. Биз барган учурда, кызматтык бөлмөсүндө бир нерсе менен алек болуп отурган экен.

- Саламатсызбы Мамбет ава…

— Саламатчылык, кел отур, тезирээк сурооңду бер. Мен түштөнүп, анан операцияга киришим керек. Сени күтүп калдым…

- Сизди бүгүн беш операция жасады дешти…

— Күнүгө — операция. Кечээ бешти жасагам, бүгүн бешти жасадым.

- Сиз кудай буюрса 91 жашка келдиңиз, суктана турган курак. Азыр сиздин курагыңызга  чыккандар скальпель кармамак тургай кашыкты оозуна жеткире албагандар бар. Операция учурунда кыйналып калган жоксузбу?

— (күлүп) Кудай таалам канча жаш бергенин өзү билет го эми, бирок адам баласы жашка тойбойт. Алтымыш жыл ичинде мен 80, 90, алды 112ге чыккан кишилерге операция жасадым. Бир кишиден “ичээримди ичип, жээримди жедим, жөн өлөйүн, кызыл-ала кылбай тим кой дегенди уккан жокмун. Эптеп жанымды алып кал дегенди угуп келем.

Кандай гана адам болбосун организми эскирет. Өзүң айткандай 70-80ге барганда ордунан туралбагандар бар. Менин коркконум: карыганда адам организми склерозго кабылат, алжыйт, тантыйт, басып кетет. Менин тилегим – ошого жеткирбесин. Ошого жеткиче дароо эле кете бериш керек. Ал үй-бүлөсүнө да, өзүнө да тозок. Ар бир адам дайыма кыймылда болуп, айланасында, үй-бүлөөсү, иштеген кызматкерлери жакшы мамиле жазаса адам карылыкка баш бербейт. Менин тарбиялаган хирургдарым, балдарым, үй-бүлөөмө ыраазычылык билдиргим келет. Алар мени сыйлап, көзүмдү карап турушат. Кудай канча жаш берсе дагы акылдан ажыратпасын деп тилейм. Мен өзүмдүн сезишимче алжый элекмин азыр. Операциядан дагы  чарчап көргөн эмесмин.

-Хирург кандай болушу керек? 68 жылдык эмгегиңизде канча адамдын өмүрүн сактап калдыңыз?

-Хирургдун эң башкысы,  башы, аң-сезими мыкты иштеп, колу калтырабай карылуу болушу керек. Мен бүгүнкү күнгө чейин 30 миңден ашык адамдын өмүрүн хирургия жолу менен сактап калдым.

Учурда, Бишкек шаарында аймактардан келген ар кандай адамдар бар. Арактын айынан  бычак жеп көп келишет. Бардыгын күн-түнү менен операция жасоого тура келет.

-Мамбет ава, Улуттук хирургияда канча хирургдар эмгектенишет. Арлар дагы сиздин окуучуларыңызбы?

-Ооба, Кыргызстандагы бардык хирургдар менден окуган. Алар мени менен тең карып, очор-бачар болушту. Улуттук хирургияда жүздөн ашык хирургдар эмгектенишет. Аларда  илимдин доктору – 13, илимдин кандидаты – 25. Жогорку категориядагы хирургдар 50дөн ашык. Кудайга шүгүр.

Менин окуучуларым азыр укмуш. Бүт операцияларды жасайт: бөйрөктү, боорду алмаштырат. Занадын талабына жараша ар кандай уникалдуу операцияларды жасап жатышат.

            -Сиз өзүңүз кандай операцияларды аласыз?

-Кайсынысын болсо ала берем. Менин бычагым тийбеген орган калган жок. Бизде хирургдардын тажрыйбасына карата тартибибиз бар. Тажрыйбасына жараша аттестациядан өтүп турушат. Биздин хирургдар эч качан операцияны жулунуп жасабайт.

- Менин жеке баамымда алтымыштагыдай көрүнөсүз. Кантип сактанып жүрөсүз?

— Өмүр бою диета дегенди билбейм. Ушу күнгө чейин колума эмне тийсе шашып ичем. Оозумду такай күйгүзөм. Болбойм. Мен тоюш үчүн, кандай тамак болбосун, бир эле мүнөт керек. Кудай жалгап тамеки, ичкилик кармап көргөн киши эмесмин. Туура. Эрте турам. Бир саат — физзарядка. Чуркамай. Азыр чуркабай калдым. Физзарядка жасайм. Анан операциядан чыга калганда мобу турган велосипедди (велотренажер-ред.) тебе коём. Мына 50 жыл болуп калды. Уйку жок менде. Уйкум да келбейт. Чарчаганды да билбейм. Тишим бүтүн.

Атактуу дарыгер тууралуу 9 факты

Бүгүн аты алыска кеткен даңазалуу хирург, дарыгерлердин сап башы, миңдеген бейтапка шыпаа берген ак халатчан Мамбет Мамакеев 91 жашка чыкты.

Кыргыз медицинасына опол-тоодой эмгеги бар Мамбет Мамакеев тууралуу 9 факты даярдады.

  1. 17 баланын улуусу. Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Ата-энеси 17 балалуу болуп, арасынан чарчап калгандары көп болгон. Мамакеев үйдүн тун баласы. Атасы Мамаке 93, апасы 85 жашында каза болгон.
  2. Мен ким элем, ким болдум? Өзүнүн эскерүүсүндө институтка келгенде бир да орусча сөз билчү эмес. Шаарга жылаңайлак, жылаңбаш келген. Окуудан кыйналган күндөрү Иса Ахунбаевге барып «кетсекпи, эч нерсе түшүнгөн жокпуз, кыйналып кеттик» десе, ал «чыдагыла, кыргыздан кадр жок» деп окуусун улантууга көндүргөн. Бүткүчө кыйналып, күн-түн дебей окуп, берген тапшырманын маанисин түшүнбөй ырча жаттап айтып берген күндөрү көп болгон. Ошондон улам Мамакеевдин «Мен ким элем, ким болдум. Азыр менде болгон-бүткөн наамдар бар» деп айтканы бар.
  3. 68 жылдык иш тажрыйбасында 30 миңден ашык операция жасаган. Бул тууралуу өзүнүн тастыктаганы бар. Чарчап кеткен учурда операцияларды креслого отуруп алып жасайт. Күнүгө үч-төрт, кээде жети-сегиз бейтап колунан өтөт.
  4. Дүйнөдөгү эң кары хирургдардын бири. Мамбет Мамакеев 91 жаш курагына карабай бүгүн да ишин улантып келет. Ал дүйнөдө эмгек жолун улантып жаткан эң кары хирургдардын бири болуп саналат.
  5. Хирургка жасалган үч операция: Мамакеев 80 жашында табарсыктын алдында жайгашкан аденома безинен арылган, 15 жыл мурда көзүнүн агарып кеткен хрусталын алмаштырган. Ал эми 4,5 жыл мурда Германияга барып жүрөктүн чоң кан тамыры — толтону жасатып келген.
  6. Кызыгы Мамбет ава! Компьютерди такыр колдонуп көргөн эмес. Уюлдук телефону бар, бирок көп пайдаланбайт. Жаш кезинде күрөштөргө катышып, улакка түшкөн. Кросс боюнча алтын медалы бар. Фрунзеге жаңы келгенде бокс секциясына барып жүрүп, колун чыгарып алып таштап койгон.
  7. Институтту бүтөр замат кемпири Сокенге баш кошкон. Эки уулу бар. Алар атасынын жолун жолдогон. Экинчи уулу Канат Мамакеев учурда атасынын ордунда жетекчи.
  8. Көптөгөн мамлекеттик сыйлык жана наамдардын ээси. 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган. СССРдин Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын, КРдин Жогорку Кеңешинин 2-чакырылышынын депутаты.
  9. Мамакеев 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.

Нурзада Акмат

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 14:49

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина