Кыргызстандагы Ата түрк-Ала Тоо университети террордук уюмбу?

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:15

Кыргызстандагы Ата түрк-Ала Тоо университети террордук уюмбу?

36 февраль, Бишкек. Кыргызстандагы эл аралык Ата түрк-Ала Тоо университети Түркияда террордук уюм деп табылган Фетхуллах Гүлендин террордук тобуна таандык экенин Стамбулдун Башкы прокуратурасы ѳзүнүн иликтѳѳлѳрүнүн негизинде далилденгенин айтып чыкты.  «Фетхуллах Гүлендин террордук тобу өзүнүн максаттарына жетүү үчүн университеттерде атайын топторду түзүп, ал тургай Түркиянын өзүндө 17 университет ачкан. Аталган окуу жайлар 2016-жылдагы июль айында болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин жабылган» деп башкы прокуратура билдирүү жасаган. Алардын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандагы ачылган Гүлендин мектептеринде ЦРУнун 130 агенти иштейт. Андан сырткары Гүлендин уюмуна тиешелүү чет мамлекетте орун алган университеттердин да аттары аталды. Ал эми Кыргызстандагы Ата түрк-Ала Тоо университетинин маалымат кызматы Стамбулдун Башкы прокуратурасынын чечими боюнча тѳмѳндѳгү оюн билдирди: «Мындан бир топ жыл мурда «Ата түрк-Ала Тоо» университетин Кыргызстанда «Себат» эл аралык билим берүү мекемесин ачкан. Бул мекеменин ээси кыргызстандык жарандар. Биздин университет башка мамлекеттин ички саясатына кийлигишпейт жана өз ишмердигин Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык алып барат. Ошондой эле Ата түрк-Ала Тоо университеттин  Фетхуллах Гүлендин террордук тобунун уюмуна тиешеси бар деген билдирүү чындыкка жатпайт».

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:15

Парламент

Элдик медицина