Кыргызстанда демографиялык көрсөткүчү жакшырууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 15, 2018 00:16

Кыргызстанда демографиялык көрсөткүчү жакшырууда

7 2018 — жылдын биринчи кварталына карата  төрөлүү боюнча статистика, өлкөнүн демографиялык көрсөткүчүнүн жакшыруусун билдирет. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин көрсөткүчтөрү боюнча 2018 –жылдын биринчи кварталында 42 411 туулуу катталып, өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 939 каттоого көп болгон.

2018 -2017 –жылдардын биринчи кварталдарына карата жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча көрсөткүчтөрүн салыштырууда аты жөнүн өзгөртүүнү каттоодон башка бардык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча көрсөткүчтөрдүн динамикалык өсүшүн  көрсөтөт.

Эгерде 2017-жылдын биринчи кварталында аты жөнүн өзгөртүү боюнча каттоо 8773 болсо, үстүбүзөдөгү жылдын биринчи кварталында бул көрсөткүч 2,40% азайган. Белгилей кетсек, персоналдык маалыматын өзгөртүү боюнча көрсөткүч калктын бирдиктүү маалымат реестрин түзүүнүн башталышы менен төмөндөй баштаган. Калктын бирдиктүү реестрин «1адам -1ЖИН -1паспорт» принциби менен  түзүүнүн алкагында, 2015-жылдын август айынан баштап жарандарга жеке идентификациялык номерди берүү функциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берилген. Аты жөнүн өзгөртүү менен кайталап жеке идентификациялык номерди алуу көрүнүшү ушул убакта көп кездешчү. 2012 – 2015- жылдарына карата калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо системасында, аты жөнүн алмаштыргандардан саны 50 000ге жеткен. 2015-жылга карата бул көрсөткүч эки эсе азайып 28 713 түзгөн. Бул реформанын жыйынтыгында, кайталап жеке идентификациялык номер берүү жокко чыгарылды.

Жарандык абалдын актыларын каттоонун башка түрлөрү боюнча 2018-жылдын биринчи кварталына карата көрсөткүч төмөндөгүчө:

 

2018-2017-жылдардын биринчи кварталдарына карата көрсөткүчтөрдүн салыштырмалуу анализи

 

Каттоонун түрү 2017 г. 2018 г
туулууну каттоо 31472 42411 34,70%
Никени каттоо 8982 12717 41,50%
Никенин бузулушун каттоо 2103 2558 21,60%
Аталыкты аныктоону каттоо 6006 7685 27,90%
Асырап алууну каттоо 251 288 14,70%
Аты жөнүн өзгөртүүнү каттоо 8773 8561 -2,40%
Өлүмдү каттоо 7830 8360 6,70%
Jeenalieva
By Jeenalieva Май 15, 2018 00:16

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина