Кыргызстанда 760 май куюучу жай автоматташтырылган системага өттү

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 21, 2020 12:28

Кыргызстанда 760 май куюучу жай автоматташтырылган системага өттү

14 10-сентябрга карата Кыргызстанда 760 май куюучу жай автоматташтырылган системага өттү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 1-июлдан тартып май куюучу жайлар, анын ичинде автогаз, газ толтуруучу компрессордук станциялар автоматташтырылган башкаруу системасы менен иштей баштаган.

«10-сентябрга карата өлкөдө иштеп жаткан 1 миң 48 май куюучу жайдын 760ы жай автоматташтырылган системага өттү. Анын өзгөчөлүгү — кардар акы төлөп кассалык чекти албай туруп май куюп ала албайт. Себеби, май куюучу жайдын колонкасынан мунайзатты берүү жөнүндө белги иштебей калат», — деди ал.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 21, 2020 12:28

Приемная кампания 2020

Элдик медицина