Кыргызстан улуттук валютанын баасынын кармап туруу үчүн жетиштүү резервдерге ээ

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:25

Кыргызстан улуттук валютанын баасынын кармап туруу үчүн жетиштүү резервдерге ээ

1 Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөлүк рыноктордо түзүлгөн кырдаал жана анын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасири боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө валюта рыногундагы жана банк секторундагы жагдай, ошондой эле  мунайзат баасынын төмөндөшүнө жана өлкөнүн валюта рыногундагы баалардын өйдө-ылдый болуусуна байланыштуу улуттук валютанын курсунун туруктуулугун камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар талкууланды.

Валюта рыногунун туруктуу жана теңдеш ишин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инструменттерин натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгү белгиленди. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун  маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү баалардын тышкы өйдө-төмөн болууларына карата коммерциялык банктардын жана валюта алмаштыруу жайларынын реакциясы байкалууда. Финансылык жөнгө салуу улуттук валютанын баасынын өйдө-ылдый болушун түздөө үчүн жетиштүү резервдерге ээ.

Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө, ошондой эле өлкөнүн финансылык-насыялык мекемелеринин ишинин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн таасирдүү чараларды кабыл алуу жана жөнгө салуунун зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана ата мекендик продукцияны чет өлкөгө экспорттоонун деңгээлин колдоонун натыйжалуу чараларын кабыл алуу үчүн эл аралык рыноктогу курстук айырмачылыктардын таасирине баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Өкмөт башчы Экономика министрлигине жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине ортомчулардын бааларды негизсиз жогорулатуусуна жол бербөө максатында керектүү товарлардын жана азык-түлүктүн наркына дайыма мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:25

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина