Кыргызстан кайрымдуулук боюнча 83-орундан 17-орунга жылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2018 01:06

Кыргызстан кайрымдуулук боюнча 83-орундан 17-орунга жылды

16 27-июнда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ар жылы чогултулуучу садака-битирден жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок, оорулуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берди. Иш чарага муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев баштаган кызматкерлер катышышты.

Маалыматка ылайык, каражат жылына атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде таратылып берилет. Быйыл өлкө боюнча 36 млн 792 миң 202 сом чогултулду.

“Берилип келген кайрымдуулуктун натыйжасында Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлде 83-орундан 17- орунга чыкты. Муфтият 2017-жылы Чоң-Алай жана өзгөндөгү  жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын ичинен 8 үй-бүлөгө үй куруу үчүн 3 млн 200 миң сомдук акчалай жардам көрсөттү”,- деди Шергазыев.

Эске салсак, 2014-жылы республика боюнча жалпы 21 372 992 сом, 2015-жылы 31 112 350 сом, 2016-жылы 32 156 605 сом, 2017-жылы 33 668 886 сом битир-садака чогулган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2018 01:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина