КЫРГЫЗДЫН КӨРҮНҮКТҮҮ КЫЗЫ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:38

КЫРГЫЗДЫН КӨРҮНҮКТҮҮ КЫЗЫ

11 Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева жөнүндө баян

 

… Эмгеги менен элине таанылган Жаңыл Түмөнбаевна менен 1991-жылы ишке байланыштуу таанышып калдык. Биринчи бетме-бет кездешүүдө эле өзгөчө таасир калтырганы ушуга чейин көз алдымда . Жылдыздуу, ар бир сөзү жумшак жылмаоюу, ички зор күч менен коштолгон айым бирде жай, бирде эргүү сезим-туюмунда сүйлөп жатты. Капкара чачтары жагымдуу көз карашына, келишимдүүөң-келбетине куп жарашып турду. Сөзү уланган сайын айткандары улам ынанымдуу боло берди…

Ошол чакта Чүй облусу кайрадан түзүлүп, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов облусту жетектеп, Жаңыл Түмөнбаева, Сыдыкбек Аблесов, Мукун Асеинов, Жалгап Казакбаев, катарлаш кызмат өтөшкөн. Эң алды – Чүй облусунун бардык жактан үлгү болушуна Апас Жумагулов, аны менен бирге иштешкен жетекчилер көп салым кошкондуктарын айтып өткүм келет. Өзүнүн мыктылыгын бардык иште көрсөткөн Апас Жумагуловичтин мындан соң кайрадан экинчи ирет Премьер-министр болуп шайланышы бекеринен болгон эмес.

Алгачкы мезгилден эле Жаңыл Түмөнбаевна менен тыгыз байланышта иштөөгө туура келди. Буга чейин эле мамлекеттик жана партиялык чоң кызматтарда иштеген Жаңыл Түмөнбаевна жөнүндө көп жылуу сөздөрдү угуп жүрсөк, кызматташ болгон кезде нечен жакшы сапаттарына күбө болдук.

Эң биринчиси – ишке берилгендиги. Бүткүл ишти ырааттуу уюштура билгендиги дайыма ийгиликтин камсыз болушуна түрткү берчү. Ар бир кеңешме-чогулушта каралып жаткан маселенин терең жактарына чейин талдоо, багыт берүү менен өткөрө билишинен улам, ар бир катышуучу үчүн пайдалуу жактары көп болчу. Кандай маселе каралбасын, талкууга башкаларды да тартып, алардын сунуш-пикирлерин угууга аракет жасоочу. Ошондон кийин гана жыйынтык чыгарууга өтчү. Бул болсо, туура чечимдердин кабыл алынышына негиз түзчү.

Жаңыл Түмөнбаевна Чүй облустук кеңешинин төрайымы кызматын чоң ынтаа, зор жоокерчиликти сезүү менен аткарып, өтө татаал, машакаттуу иштердин башында турду. Жаңы түзүлгөн Чүй облусунун көп улуттуу элинин биримдигин, достугун, эмгек жигердүүлүгүн, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, кол өнөрчүлүк иштерин жандандыруу багытында абдан демилгелүү, өтө көтөрүңкү маанай менен иштеди. Ошол жылдары маданият жана искусство, кол өнөрчүлүк фестивалдары, спорттук ири мелдештер өткөрүлүп, облуста мазмундуу, шыктандыруучу иштер жанданды. Жер-жерлерде бул өңдүү жумуштар жолго салынды.

Жаңы облуста Шаршен Термечиков атындагы театр да пайда болду. “Сары-Өзөн” телерадиокомпаниясы түзүлдү. 1991-жылдын сентябрь айынан облустун “Чүй баяны” жана “Чуйские известия” газеталары чыга баштады.

Ал кезде СССР таркап, ар бир республика оор тоскоолдуктарга учураган. Облустук “Чүй баяны” гезитин чыгаруу облус үчүн да,башкы редактор мен үчүн да абдан оор түйшүктөрдү жаратпай койгон жок. Ошондо жогорудагы маселелерди чечүүдө жана “Чүй баяны” гезитинин жарык көрүшүндө Жаңыл Түмөнбаевнанын көмөгү да чоң болгон.

Ошол жылдары “Сары-Өзөн” телерадиосу да, облустук гезиттер да иштерин эң жогорку деңгээлде уюштурууга жетише алышкан. Ошол эле “Чүй баяны” гезитинин эки-үч жыл ичинде ар жолку санынан 10 миң нускага жеткирилиши өзгөчө жетишкендик, эң мазмундуу гезит катары бааланган. Гезиттин 10 миң нускада чыгышын ошол кездеги, ал эмес бүгүнкү күндөгү эң чоң ийгилик катары деп бааласа болот.

Гезитке байланыштуу финансы, имарат-жай маселелерин чечүүдө облустун биринчи жетекчиси Апас Жумагулович жана Жаңыл Түмөнбаевна өзгөчө жөндөмдүүлүктү жана чечкиндүүлүктү көрсөтүшкөнүн ар дайым терең баалоо, урматтоо менен айтып келебиз.

Аткарган, көз салган иштери өтө арбын болсо да, Жаңыл Түмөнбаевна “Чүй баяны” гезити жөнүндө камкордук көрүп, Чүйдүн таланттуу калемгерлерин облустук гезитте иштөөгө тартуу боюнча кеңештерин берип турчу. Гезиттин башкы редакторунун орун басарлыгына Панфилов райондук гезитинен Догдурбек Юсупов, жооптуу катчылыкка Жайыл райондук гезитинен Жумакан Сариев, бөлүм башчылыкка Чүй райондук гезитинен Кемел Тойбаев, башка журналисттер чакырылган.

Жумакан Сариев кийин “Чүй баяны” гезитинин башкы редактору да болгон, “Кыргыз Туусу” гезитинде башкы редактордун орун басары, “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде башкы редактор болуп иштесе, акын жана журналист Догдурбек Юсупов “Кыргыз Туусу” гезитинде башкы редактордун орун басары болуп көп жылдар бою эмгектенди.

Ишке жараша Жаңыл Түмөнбаевна менен ар кайсы учурда, ар кыл маселелерди талкуулап-чечүүдө көп эле кездешип жүрдүк. Бул учурларда а кишинин бийик касиети, маанилүү мамлекеттик иштерди аткарып, ар тараптан такшалгандыгы, элим-жерим дегенде күйүп-жана эмгек өтөгөндүгү, адамдык мыкты сапаттары кашкая ачык көрүнүп турчу. Кыргыздын көрүнүктүү кызы эң жооптуу иштерде – партиянын Биринчи Май райондук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары кызматтарын аткарууда айырмаланганы эмне деген эмгек! Бирок ойдон чыкпаган бир өкүт: биздин коом, мамлекет үчүн бере турган зор жөндөмү толук пайдаланылбады. Мындан да жогорку кызматтарды аткарууга жетиштүү бийик сапаттарын элге берүү мүмкүнчүлүгү бийлик тарабынан эске алынбады…

Жакшы адам, жарык мүнөз Жаңыл эжебиз мындан соң көп жооптуу кызматтарда иштеди. Баарында өзүн көрсөтүп, мыкты мамлекеттик жана коомдук ишмер экендигин нечен ирет далилдеди. Качан көрбө, кайдан учуратпа баягы ачык мүнөзүнөн, сый мамилесинен жазбай, өлкөбүздүн келечегине, өксүктөрүбүзгө байланыштуу кеп козгоп, өз эл-жеринин мүдөөсү менен жашайт.

Өмүрүөлкөсүнүн тагдыры менен байланышкан аруу тилек, сүйүктүү Мекенине жасаган эмгеги Ала-Тоодой бийик Жаңыл эжеге – кыргыздын сыймыктуу кызына эли Биринчи даражадагы “Манас” орденинин берилишин каалайт. Мындай кубанычтуу күн алыс эмес болсо керек…

 

 

Курманбек РАМАТОВ,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:38

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина