Кыргыз жарандык паспорт алуунун баалары өзгөрдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 5, 2019 11:34

Кыргыз жарандык паспорт алуунун баалары өзгөрдү

7 Ушул жылдын март айынан тарта паспорттор жаңы баа менен сатыла баштаган. Тиешелүү буйрукту Монпополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги чыгарган. Ага ылайык, өлкө ичиндеги колдонуучу ID кард 30 сом, ал эми жарандык паспорт 60 сомго арзандады. Аны менен катар санариптештирүү аракетинде электрондук кезекке туруу иши да жанданды. Бирок калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүү көрүнүшү дагы эле калууда. Жашоочулар кызматкерлердин корс мамилесине нааразы. Бааларды тагыраак билип алуу үчүн, төмөндөгү маалыматтарга кулак төшөңүз:

Инфографика:

ID-карталарды кадимки мөөнөттө алуу баалары:

алмаштыруу – 260 сом

паспортту биринчи жолу алып жаткандарга – 260 сом

жоготуп же бузуп алсаңыз – 260 сом

аты-жөнүн өзгөртүү – 290 сом

этникалык кыргыздарга – 260 сом

Паспортту ушул эле жагдайларда, бирок тез арада алуу үчүн баалар:

8 күндө – 1030-1060 сом

4 күндө 1340 -1370 сом

2 күндө – 1630-1660 сом

3 саатта – 4270-4300 сом

Жалпы жарандык паспорт үчүн баалар:

алмаштыруу – 530 сом

биринчи жолу алып жаткандарга – 530 сом

жоготуп же бузуп алгандарга – 730 сом

аты-жөнүн өзгөртүү – 630 сом

этникалык кыргыздарга – 530 сом

Жалпы жарандык  паспортту ушул эле жагдайларда, бирок тез арада алуу үчүн баалар:

8 күндө – 1970-2170 сом

4 күндө – 2250-2450 сом

2 күндө – 2580-2780 сом

3 саатта – 6190-6390 сом

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 5, 2019 11:34

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина