Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:12

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү

1«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, Мирбек Ибаратович Мияров (1984-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды

Чүй облусунун мурдагы башчысы Алтынбек Намазалиев жаңы жетекчи Мирбек Мияровго белек тапшырды.

Маалым болгондой, бул көрүнүш салтка айланып калган. Ага ылайык мурунку жетекчи жаңы башчыга иш бөлмөсүнөн бир белек ташташы керек. 2

«Мага бир чоң аалым белек таштап кетти эле. Ушуну сага белек кылып тапшырдым. Сен дагы учуру келгенде ушул белекти кийинкиге тапшырып бер. Кудайым баарыбызга ийгилик берсин. Чүй «татаал» облус. Ишиң алдыга жылып, облустун өсүп-өнүгүшүнө салымыңды кош», — деди Алтынбек Намазалиев.

15-октябрда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Мирбек Мияровду биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков эмгек жамаатка тааныштырган эле.

Мияров парламенттик шайлоого «Ордо» партиясы менен катышкан. Ал партиянын талапкерлеринин тизмесинде №1 орунда болчу.

Чүй облусунун башчылыгына дайындалган Мирбек Мияров 1984-жылы 2-декабрда Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөлүү.

1992-2001 — Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп–гимназиясында окуган;

2001-2006 — Кыргызстан эл аралык университетинин алдындагы политехникалык колледж. Электр байланыш техниги;

2006-2010 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университет. Байланыш инженери;

2012-2014 — Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы. Менеджмент багытында магистр даражасы ыйгарылды.

2005–2010 — Бишкек шаардык байланыш түйүнүндө инженер;

2012 – 2019 — «Моби Строй» ЖЧКнын башкы директору;

2020-жылдын 15-октябрында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды.

2020-жылы «Ордо» саясий партиясынын лидери болуп парламенттик шайлоого катышкан.

Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 19, 2020 10:12

Приемная кампания 2020

Элдик медицина