Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровдун жаңы жылдык куттуктоосу

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:17

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровдун жаңы жылдык куттуктоосу

15

-Урматтуу мекендештер! Узатып жаткан жылыбыз өлкөбүз жана элибиз үчүн өтө маанилүү жана татаал жылдардан болду.  Дүйнө жүзүндө  коркунучтуу коронавирус илдети  менен күрөшүү уланууда.  Четте калбай өмүрлөрүн тобокелге салып, биздин дарыгерлер, медайымдар,  санитарлар  күндө  “Кызыл  зонада”   вируска каршы күрөшүү менен  адам өмүрүн сактап калууга чоң салымдарын кошуп келе жатышат. Дарыгерлердин  оор эмгеги  урмат- сыйга жана чоң алкышка татыйт. Андыктан облустун  ак халатчан  “жоокерлерине”  өзгөчө ыраазычылыгымды  билдирип, таазим этем. Сиздердин опол тоодой эмгегиңизди  баалайбыз, унутпайбыз.  Аламан апаатта, Элибиз, айрыкча, жаштарыбыз биримдиктин,  ынтымактын жана адилетүүлүктүн символу катары  тарыхта чоң из калтырды. ӨЛКӨБҮЗДҮН ЖҮРӨГҮ БОЛУП СОККОН ЭЛИБИЗ, мамлекетибизди 5-6- октябырында болгон оор саясий кырдаалдан да сабырдуулук жана акылмандык менен алып чыгып кетти десем жаңылышпайм. Кыргызстандын келечеги жаш муундун жоопкерчилигинде экенин таамай сездик. Кадырлуу калайык калкым!

Келе жаткан 2021-жыл өлкөбүз жана элибиз үчүн тынчтыктын, биримдиктин, жаратмандыктын жана өнүгүүнүн жылы болсун!

Аруу тилек, илгери үмүт, бийик максаттар менен 2021-жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Ак сакалы жайкалган аталарыбыз, колунан берекеси төгүлгөн энелерибиз аман болсун.

Келечектин ээлери — жаштарыбыздын баардык ой максаттары ишке ашсын. Үйүбүздүн куту — балдарыбыздын күлкүсү жаңырып турсун.

Баарыбызды тең жакшылыктар, ийгиликтер коштоп жүрсүн.

Урматтуу мекендештер!

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, тынчтык, бакубатчылык, үй-бүлөңүздөрдө сүйүү жана түшүнүүнү каалап кетүүгө уруксат этиңиздер!

      Дагы бир жолу, жаңы жылыңыздар менен!

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:17

Приемная кампания 2020

Элдик медицина