Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишовдун 7-апрель күнүнө карата эскерүүсү

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 8, 2021 12:30

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишовдун 7-апрель күнүнө карата эскерүүсү

3Урматтуу кыргыз элим!

7-апрель – Элдик революция күнү. Быйыл өлкөбүз Апрель окуяларынын он бир жылдыгын белгилеп, эскерүү зыяратын аткарып жатабыз. 2010 –жылдагы апрель окуясына быйыл туура 11 жыл болду.

Бул дата Кыргызстандын адилеттүүлүккө багыт алган күнү катары тарыхта калды. Убакыт аткан октой, учкан куштай тез сызып өттү. Эң өкүнүчтүүсү –өлкөбүз жана келечек муундар үчүн өмүрлөрүн кыйып, Кыргызстанды коррупциядан үй-бүлөлүк кландык системадан куткарууда эр- азаматтарыбыз, камчыга сап  мекенчил жигиттерибиз курман болушту.

Өлүмгө тике караган өрт жигиттер элдин жаркын жашоого багыт алышын көксөп, көөдөнүн коргошун окко тосуп, өмүрлөрүн акыйкаттын жеңишине курмандыкка чалышты.
Жаңылануунун себепкери болгон Апрель революциясынын каармандары дагы тарыхтын барактарына калууга татыктуу. Тарыхый бурулушта алардын салымы зор болду.

Ардактуу туугандар!
Бүгүн – эркиндик үчүн курман болгондорду эскерүү күнү, бул адилетсиздик жана мыйзамсыздыкка каршы чыккан эркиндикти баалаган, өз өмүрүн мекенибиздин келечеги үчүн кыйган эр –азаматтарды эскерүү  күнү.
Өткөн окуялардын тарыхы, кийинки муундарга сабак алууну үйрөтөт.
Эч ким, эч качан унутулбайт. Апрель революциясынын баатырларынын ысымдары түбөлүккө  адамдардын жүрөгүндө, эсинде калат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 8, 2021 12:30

Приемная кампания 2020

Элдик медицина