Кыргыз элинин жазгы ай календары

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:05

Кыргыз элинин жазгы ай календары

??????????????????????????????? Кыргыз эли байыртан ай календарынын негизинде мезгилди такташкан. Дасыккан эсепчилер жылдызга карап, жылдын кандай болорун алдын ала билишкен. Ай календары жана мүчөлдөрдүн негизинде кыргыздардын туулган мезгилдери белгилүү болуп, паспорт сыяктуу кимдин, качан туулганын билишкен.
Экинчи паспорту албетте жети атасы болгон. Жети атасын тактап, аталары аркылуу анын ким экенин билип турушкан. Алкай турган болушса жети атасын, жети тукумун кошуп алкап, кокус каргай турган болсо, жети тукумун кошо каргап: “Тукумуң жүздөн ашпасын”-дешиптир, ушундай каргышка дуушар болгон калмактарга кыргызды талатып жиберген Кудаяндын тукуму ушу күнгө чейин жүзгө жетпей келет.

Жалган куран (Камал), Март, Мухаррам (Мукарам)

Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» -деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди билдирет. Кыргыз элинде деле башка элдер сыяктуу жазгы күн-түн теңелүү 21-мартка туура келген. Нооруз майрамы перстерден ооп келгендиктен өзбек, тажик, балким түштүк тарапта белгиленгендир, арийне, аркалык кыргыздарда нооруз майрамы белгиленген эмес.
Анын үстүндө байыркы кыргыздарда жер айдоо, дыйканчылык деген менен көп деле иши болгон эмес. Кыргыз эли жаз келсе жаздоого, жай келсе жайлоого, күз келсе күздөөгө, кыш келсе кыштоого көчүп, көчмөн турмушту башынан өткөзүп келген.
Албетте, көчүп конууда эсепчилердин эсеби боюнча кайсы күнү көчүү керек тууралуу тактап алышкан. Болбосо ай арасы, суук күндөрү көчүшкөн эмес. Кокондуктар кыргыз жергесине чеп куруп, дыйканчылыкты алып келишкен. Ошондо да өзбек, уйгур,сарттар жер менен алек болушкан. Ал эми орус оторчуларынын келе башташы менен бир аз жатакчы кыргыздар пайда болуп, колунда малы жок кыргыздар жайлоого чыгышпай, бир аздан дыйканчылыкка киришет.Нооруз майрамын майрамдабаса да кыргыздар март айын жылдын башы катары эсептешип, кыргызда ай санаганда жылдын баш айы, биринчи айы жалган курандан башталып саналган.
Үркөр так төбөгө келгенде кыш аяктап калат токсон түшөт, ушул учурда жерде тоң кармалып турат. Кыш чилдесинен соң “Кемпир ыйлаактын” ичиркенген суугунан кийин дагы 12 күн 26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Жетимишинчи жылдын аягында алай-дүлөй шамал согуп келатып, “Токсондогу чал” кеткен жатты бекен 8-марттын алды эле, ошондо бир кезде чак түштө эле капкараңгы болуп калды. Бир топ убакыт капкараңгы болуп туруп эле бир кезде айлана-тегеректин бары кыпкызыл болуп, бала кез койдун кесүүсүн кайтарып жүргөм, кесүү кайтаргандар бары эле коюн таратышты. Мен да таратып жиберип, үйгө келип саатты карасам күндүзгү 1 да боло элек экен.“Токсондогу чалдын” мезгилинде бирде күн жылуу болсо бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну “Токсондогу абышка онтоп, ары бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып атат” — деп коюшат. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот.
Токсон чыгып жатканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот экен. «Токсон чыгып, томуктай кар калбай калды» — дешчү экен кыргыздар. Эсенбай эсепчинин эсептөөсүндө мына ушул токсондун чыгышы да жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу? Жаз эрте келеби же кеч келеби? Жазда кайта кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу? Эсенбай сыяктуу эсепчилер ушул токсондун чыгышын жана кыш чилдесинин ар бир күнүн кандай болуп өткөнүн эсептеп, кандай сыр көрсөтүп жатат деп, өзгөчө эсине сактап байкаган.
Жалган курандын 15 жарыгы «үт маалы», 15 караңгысы «соор маалы» аталат. Жалган куран бешинен Үркөр менен Ай тогойт. Куут бүткөндө курандын эркеги мүйүзүн таштайт, ургаачысынын мүйүзү жок болот. Ургаачысы менен эркеги экөөнүн айырмасы жок болуп калат. Илгери Чоют сыяктуу мергенчилер экологияны окубаса да, тукум бере турган жаныбарлардын ургаачысын аткан эмес. Куран деп эликтин эркегин айтат, ургаачысын телки дейт. Жалпысынан элик деп атайбыз. Ошондуктан, жалган куранда мергенчилер ууга чыгып эликтин кайсынысы куран, кайсынысы телки экенин ажырата албагандыктан ушул айды жалган куран деп атап калышкан.
Чын куранда курандын мүйүзү чыгып 10-15 сантиметр болуп эркек, ургаачысын ажыратып калышкан. Кыргыздардын алгач жашоосу негизинен аңчылык менен өткөндүктөн айларга кайберендердин аттарын коюп, жылдын башын «жалган куран», «чын куран», «бугу», «кулжа», «теке» – деп башташкан. «Жалган куран» деп аталганынын дагы себеби, элик тогуздун айында жүгүрүп токтолот. Жалган куранда түйүлдүк анча билинбейт. Бооз кысыры жалган, арсар чагы. Ошол себептен жалган куран дейт. Чын куранда бооз кысыры анык болгон үчүн ал айды чын куран дейт.

Чын куран (Соор), Апрель, Сафар (Сапар)

«Чын куранда чыңыртып кулун байланат» -дегени, бээнин тууту башталып, апрелде кымыз ичиле баштаганын экен. Апрелдин 15 жарыгы «чечек суу маалы», 15 караңгысы «жооза маалы» аталат. Анын үч жаңысында Ай менен Үркөр тогошот. Үркөр декабрдан баштап даана көрүнүп, январь, февраль, март, апрель айларында үркөр батышта жерди көздөй ылдыйлап, жакындап отуруп, апрелдин орто ченинен баштап көрүнбөй калат. Койлор жана башка төрт түлүк мал апрель, май айларында төлдөгөн. Ал кезде малды чыгашасыз багуу үчүн жаратылыштын сырларын өздөштүрүү зарылдыгы болгон. Кыргыз эсепчилеринин бири, кылымдардан бери аңыз болуп келе жаткан Эсенбай эсепчи жылдыздарга, айга, күнгө кылдат байкоо жүргүзүп келген. Кыргыздардын салттуу жыл санагында жылдын кайсыл мезгилинде кандай аба ырайы жана табият кубулуштары боло тургандыгы жөнүндө асмандагы жылдыздарга, айдын жаңырышына жана Ай менен Үркөр топ жылдызынын тогошуна карата божомолдогон. Бул балким апрель айында Үркөрдүн көрүнбөй калышына чейин Үркөргө карата эсептелинсе керек.
Ал эми Үркөр апрелдин экинчи жарымы жана май айында көрүнбөй калганы менен майдын аягы, июнь айында кайра чыгат. Кыргыз элдик календары бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, эл ичинде колдонулуп келет. Эсенбай эсепчи, ал көк асмандагы жылдыздардын эсебин чыгарып, ар бир жылдыздын кандай жайгашуусу менен бул жылдын кандай болоорун алдын ала биле турган. Ал Үркөр (Үркөрдү кыргыздар элек жылдыз деп да аташкан), Толтойдун огу, Үч аркар, Чоң Жетиген, Кичи Жетиген, Алтын казык, Сары жылдыз, Чолпон, Тараза, Балбылдак жылдыз, Саманчы жолу сыяктуу жылдыздарга карата убакытты, багытты аныктаган. Ошол кезде Эсенбай сыяктуу эсепчилер менен акылдашып жерге соко салышып, жайлоого, жаздоого качан көчкүлө десе көчүп, жазга камылга көрүп турушкан. Кээ бирде апрелде, ал түгүл май ичинде кар жаап үшүк жүргөндү “Кыш кетерде келген оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дечү тура жарыктык.

Бугу (Жүзө), Май, Раби ал –аввал (Абал)

Майдын 15 жарыгы «кызыл түлөө маалы», 15 караңгысы «күкүк маалы» аталат. Май бир жаңысынан Ай менен Үркөр тогойт. Бугу ушул айда төлдөгөн үчүн бугу дейт. Жазында айдап-себүү мезгилинде «үркөр батты, кош жатты» деген накыл сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Үркөр батты деген сөздү, байыркы кыргыздар көбүнесе Үркөр жерге түштү деп аташкан. Бул сөздүн айтылып калышынын да олуттуу себеби бар. Качан гана Үркөр батканда жер кыртышынын үстүнкү кыртышы ойдогудай ысый баштайт. Ошондо гана бел-белестеги, ой-кырлардагы чөптөр дүркүрөп өсө баштайт. Төрт түлүк мал ошондо гана көк чөпкө кененирээк тоюп калышат. Эсенбай эсепчи айдын түрпөйүнө, башкача айтканда ай чалкалап же иймейип жаңырганына жараша ошол айдын жаанчыл же кургакчыл болоорун, кайсыл күнү эгин сепсе өнүмдүү болоорун, күндүн чыгышы менен батышына карата эртеси күн кандай болоорун айткан. Айдын чалкалап жаңырганы — элге тынчы жок, иймейип жаңырганы өзүнө тынчы жок болот деген экен Эсенбай эсепчи.
Ал келгин куштардын келишине, асмандагы жылдыздардын жайгашуусуна дыкат көзөмөл салып турган. Айдын, жылдыздардын дыйканчылыкка, айыл чарба өсүмдүктөрүнө таасирин жакшы билген. Элдик тажрыйбада тал-теректи ай толгуча отургузган жакшы. Ошондой эле сабагы түшүм берүүчү өсүмдүктөрдү коон, дарбыз, ашкабактарды ай жаңыргандан кийин айдаса түшүм мол болоорун азыр кыргыз билип калды. Анткени биоэнергия жогору карай кетет. Ал эми тамыры түшүм берүүчү өсүмдүктөрдү сабиз, пияз, картөшкө, жер жаңгак ай кемий баштаганда айдаса түшүм жакшы болот. Биоэнергия төмөн жакка топтолот.
Кыргыз элинин уламышына айланган Эсенбай эсепчи кайсы убакта эгин себээрин да жылдызды карап билген. Кээ бир учурда дан эгиндерин туура эмес сээп жаткан учурда, аяр салып, кеңешин айтчу экен. Майдын аягы үркөр чыгып калган убакта эгин сээп жаткандардын жанынан өтүп баратып Үркөр батканын байкаган Эсенбай эсепчи: “Эртелесеңер болмок, түшкө чейинки эгиниңер бышат, түштөн кийинкиңер бышпай калды окшойт” –деп кетет. Мунун эсебин байкайлы деп, түшкө чейинки себилген менен түштөн кийинки себилген эгиндин ортосуна таш менен белги коюп коюшат. Август, сентябрь айлары эки тарап бирдей бышып баратып эле, сентябрдын аягы үшүк жүрүп, түшкө чейинки себилгендер толук бышып үшүккө чалынбай, түштөн кийинки себилген бышпай үшүк алып кетиптир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:05

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина