Кыргыз элдин медицина баяны

admin
By admin Сентябрь 18, 2015 22:52

Кыргыз элдин медицина баяны

Элдик медицина дегенибиз, кыргыз болуп жаралгандан бери табият жана көк ааламы арыш (космос) менен үзөгүлөш түбөлүктүү өмүр кечиргендиги  жалпыга маалым.

Эгерде элдик медицина, табыпчылыктын не бир сырдуу ыкмаларын, бүгүнкү күндөгү медицина кызматкерлери биле жүрсө, алар андан эч нерсе уттурбас эле.

Маселен тамыр кармоону жана дары чөптөрдү жана ичирүү ыкмаларын терең өздөштүрсө жакшы болор эле.

Байыркы Кыргыз элдик медицинасынын башаты жөнүндөгү маалыматтар тээ байыртан бери келе жаткан жомок катары эсептелген менен бир табыптын жеке өзүнө гана таандык  тажырыйбалык ыкмалары бар.

Маселен: (эшен, калпа, молдо, кара бакшы, эмчи-домчу, сыныкчы жана эң жогорку тамырчы табып) мына ушуларда байыртадан келе жаткан сырдуу элдик медицина ыкмалары бар.

Маселен: Молдо дем салуу менен

Кара бакшы жин ооруларга,

Сыныкчы  чыккан сынган үчүн,

Эмчи-домчу ырым-жырым менен,

Элдик медицинаны мына ушундай түшүнсө болот.

 

 

Тамыр кармоо дегенибиз өзү эмне?

 

Элдик медицина  медицинанын башаты десек болот.

Мен кадимки табып,  тамырчы катары кармоонун түрдүү ыкмаларын баяндап, өзүмдүн нукура семимимдеги көптөн бери купуя сыр катары сактап келген оюмду жана  улуу улукман бабалардын уланып келген тамыр кармоо ыкмаларды кийинки  жаш муундарга үлгү катары айтып бермекчимин.

Тамыр кармоо деген эмне?-мүнөс.

Мүнөс-адам табынын ысык-суукка бөлүнүшүн аныктоо.

Мүнөс-термини (адам баласынын ысык-суукка табы ) деген сөздөн келип чыккан. Кыргыз тилине киргенде түштүк-түндүк дубандардагы жергиликтүү жашаган адамдар Мүнөстү өз тилинде  ар башка термин менен атап келген.

Маселен: Талас казак аймакта Дүбүлөс-деп, Ысык-Көл, Нарын, Чүй өрөөнүндө мүнөс-деп.

Ал эми Ош, Баткен, Ноокат, Кызыл-Кыя, Лейлекте Мүзөс, Мижаз, Мизас- деп атаган.

Орустарда –диета деп аталат.

Тамыр кармоо-дал ушул Мүзөс-аркылуу адамдын табынын ысыгы-суугун айырмалап, кандын согуу ыргагын бакылап отуруп, ошого жараша ноокастын эмнеден ооруганын тактап алуу… Дал ушул тамыр кармоо менен кан тамырнын кандай ыргакта кагуусун аныктап алган соң, анын илдетинин пайда болуу себеби аныкталат.

Ошондон кийин гана оорулуунун илдетин айыктыруу  үчүн түрдүү чөптөр, алардан жасалган дары-дармектер колдонула баштайт. Эгер ноокастын дартына чөптөн жана башка  канаттуунун, жапайы жырткыч-жаныбырлардын,кайберендердин этин, өтүн, боорун ж.б түрдүү мүчөлөрүн пайдалануунун зарылчыгы  болбосо, анда ноокастап жаткан пенденин илдетин кан алуу, укалоо,үзүү жер ороого салып буулоо жолу менен айыктырууга болот.

Табиятта адам баласынан тартып, жан-жаныбарларлар ошондой эле өсүмдүктөргө  чейин эркек-ургаачы болуп эки чоң топко бөлүнөт.

Эркек дегени-ысык.

Ургаачы дегени-суук.

Тамыр кармоонукөрүнгөн эле пендезатка үйрөнүү мүмкүн эмес.

Укум-тукумдагы кандан же өзүнүндээринде жаралган тубаса сезими менен гпнп тамырчы боло алат. Адам баласынын тамыры мүнөт сайын өзгөрүлөт. А, тубаса тамыр өзгөрүлбөйт.

Ушуну сезген гана адам же кыл табып, нукура тамырчы.

Тамыр кармоонун  3 түрү бар:

1 ысык

2 суук

3 чарбысын.

 

1 Ысык кан тамыр үчкө бөлүнөт

А) Тубаса ысык

Б) Сөөк жана катык күйгөн ысык

С) Ысык жел

Тубаса ысык тамыр- дайыма эркекке гана мүнөздүү, тиешелүү. Тамырдын кагуу ыргагы кысылып, эттен сөөктү тыз-тыз этип, тез-тез ичинен мн согот. Мындай адамдардын баскан турганы  тың, сергек болуп, ичкен-жегени аш болумдуу келет. Ал суюктукту көтөрөт.

 

Сөөгү ысык же катык ысык- күрөө тамырлар көппөй, тез-тез, сөөктөн этти көздөй сырттан согот. Бул ноокастын пейили катык, эти жука эч семирбеген ар убак денеси ысык болот. Тамагынын ош болумдугу начар. Көңүлү  ачылбай, басмырт жүрөт.

 

Жел ысыкчан тамырга- сыркоо адамдар кирет. Тамырдын кагышы эт менен терини жара бөлүп, лак-лак этип сырттан согот. Бул ноокас дайыма үшүкчөөл. Кан басымы жогору болуп, дене кара-көк тартып, денеде уюган кан турат. Дайыма кандын айлануусунун начарлыгы сезилет.

Суук тамыр үчкө бөлүнөт

Тубаса сууктук

Ашынган сууктук(оорулуу)

Жел капты тамыр (оорулуу)

1 Тубаса суук- тамырга аялзаты кирет. Тамыры көппөй, мелүүн аз-аздан жумшак, ичтен чертип согот. Аял кандай түйшөлсө да кан басымы өзгөрүлбөйт. Кан басымы ар дайым төмөн болот. Бул адам өзүн-өзү сергек ысык-суукка чыдамдуу, кыймыл аракетине жараша тер чыгат, ичкен тамагы өтө сиңимдүү келет

 

2 Сууга ашынган-ноокас пенденин күрөө тамыры көөп, тамыры солгун, жай согуп кез-кезде тамырыдын согушу өзгөрүлүп токтоп калат. Бул оорулуунун денеси муздак, ар кандай  ооруга чыдамы болбой, жалакайланып тез-тез эти ысытмалап, температурасы көтөрүлүп, ысыкка чыдамдуу, суукка чыдамы жок болот.

 

3 Жел капты-болгон оорулуунун тамыры өтө басмырт, кез-кезде гана былк-былк деп тамыры кысылып согот. Жакшы байкабаса мындай сыркоонун тамыры ууру болот. Бул ноокастын денесин шишик басканы байкалат.

Өзүнө алтымыш эки мүчөсү тең ооругандай сезилет.

 

4 Чарбасын-ысык, сууктан бирдей тап жеген оорулуу адам. Тамырдын кагышы –ысык жел, суук жел соккондой согот. Бул ноокас мүнөздү туура эмес кармап, аштан айнытып алгандар. Көп ооругандар болот. Мындай оорулуу адам ысыктанса сууктукка, суктанса ысыктыкка көтөрүмдүүлүгү жок. Бул оорулууну, эркек болсо ысыктоо, аял болсо сууктоо керек. Ар бир ысык, суукка жараша  №1ден  №9га чейин мүнөздөө режими колдонулат.

Сөөгү каны күйгөн катуу ысык эмнеден пайда болот? Кантип мүнөздөсө ысык чыгат? Алгач төрөлгөндө жатын ысыгын чыгарбай  бат-бат сыркоолосо жаныбардын майын ичирип , денеге өтө сиңгенден кийин желдетпей, думбалап ороп баккандан ысык пайда болот. Ымыркай жаныбардын майын көп ичирсе, андан катуу ысык калат. Ал эми денесине көп сүйкөсө, сөөккө ысык пайда болот.

Думбалап бакса, жел ысык калат. Уул бала –жатында ысык төрөлөт, ал эми кыз бала суук төрөлөт.

Бала төрөлгөндө бир ай кир самын менен жуундуруп, бат-бат туз менен киринтсе балада ысык болбойт. Денеси чың болот. Мындай балдар ооругачалдыкпайт. Муну Умай Энелерибиз илгертен эле колдонуп келишкен.

            Качык ысык- бул бейтапка суу ичүүгө болбойт. Анткени, ашказан, ичегилер кырындысы сезгенгендиктен тамактын  аш болумдуугу начар болуп, тамакка табити тартпайт. Кан басымы төмөндөп, башы айланат, жүрөгү дитилдеп турат. Мындай адамдар тамакты тез-тез ичип туруусу зарыл. Антпесе, ичегидеги курттар өөрчүп кетиши мүмкүн. Мындай адамдарга ар дайым мүнөз тамак ичүү сунуш кылынат. Антпесе, сарык, ашказан, ичеги-карын, геморрой ооруларына салдыгат.

Мындай адамдар  1жылда 3 жолу № 9 режимди кармап, андан кийин тамырчынын көзөмөлү  менен № 7 режимди колдонот.

Сөөгү ысык-бейтап алына жараша суу ичүү жолу менен ысыгын чыгарат. Эгерде ысыгы чыкпай жүрө берсе эт менен терини ортосунда майда кан тамырлар ысыгы-сууктуу болуп сезгенип, денени кычыштырган аллергия, экзема, бөрү жатыш сыяктуу оорулар, улгайып калгандардын денесинде түлөмө кычыткы пайда болот. Ал гана эмес, өпкө, жүрөк сөөк ооруларына да чалдыгат, алар мүнөздөп тамак ичип, №1 режимди колдонууга тийиш, андан соң № 7 режимге өтөт.

Жел ысык- бул ноокатын кан басым жогору болгондуктан кызыл жүгүрүк, баштан урнган шайкылуу ооруларо мазесин алат. Башы бирде ысып, бирде чыйрыгып турат. Түрдүү ооруга чыдамы жок келет. Денеси кара –көк, саргыч тартканда суу ичүүгө тыю салынат. Тамырдын кысымдуулугу кандын айланышына тоскоолдук кылат.

Эгерде нерв түтүкчөлөрү суукка чалдыкса көп ойлонуп, катуу кейисе, чочуса же ичимдикти көп ичип жүргөн болсо шал ооруга, ошондой эле остреохондроз оорусуна туш келет. Жел ысыкчандын пайда болушу ысык бууну же ысыктыкты көп колдонгондон, ар кандай күчтүү тамактарда сиңирүүсүнө карабай ичкендиктен пайда болот.

Бул ооруларга суу ичүүгө, ванна аркылуу бууланууна болбойт. Аларга 100% буулануу № 7 режими колдонулат. Ошондой эле кан алуу жолу менен да сыркоо пендени дарттан арылтуу болот.

Суугу ашынган- оорулуунун денеси муздак тартып, түрдүү ооруга чыдамсыз келет. Эти тез-тез ысып, кээде чыйрыгып, сасык тер басып турат. Денесине жел шишик пайда болуп, бирде жок болуп кетет.

Бул оору өз маалында денеге азык жеткирбеген себептүү пайда болгон.

Андай адамдар бирде тамак ичсе, кээде ач калып жүрө берген себептүү анын денесине катуу суук тиет. Ошондон улам бүткөн бою, мурдагы начар мүчөлөрү алсызданып, нерв түтүкчөлөрү бошоңдоп, ар кандай ооруга чалдыгат. Бул  оорулууну ысыгына айландыруу керек. Ал үчүн № 5 режимди колдонгондон кийин 100% буудайды, № 2, № 3 режимди кармагандан кийин акырында  № 7 режим колдонулат.

Жел капты- оорусу менен көбүнчө аялдар ооруйт. Алар төрөттөн кийин суукка урунуп, желдетип алышат(айрыкча жаш төрөгөн келиндер). Жел каптыга туш келбес үчүн  40 күн катары менен кордо (сүзмө катыктаган күрүчтүн кайнатмасы) ичиш керек.

Эркек адам чанда гана жел капты менен ооруйт.денесине кандайдыр бир жараат алып, аны өз убагында дарылабаса, ушул оору пайда болот.

Жел капты оорусу менен ооругандарды улгайган сайын жел шишик басат. 62 мүчөсү оору сезилет. Аны жер ороо мүнөздөө, №2, №3, №7 режимдерди колдонуу менен айыктырууга болот.

Чарбасын-ысылуу суукка чалдыгып,өз маалында тамактанбагандыктан, ошондой эле ысык-суугун туура эмес чыгаргандыктан пайда болот.

Эркек адам  № 7 режимди колдоно баштап №5 режими менен бүтүрөт. Ысыкты суук, суукту ысык жеңет.

  Эскертүү: дарылануу дайыма тамырчынын көзөмөлү менен жүргүзүлөт.

 

Дары өсүмдүктөр

 

Элдик медицинада жана жалпы традициялык медицина оорулууну дарылоодо алдын алуу максатында колдонулуучу дары өсүдүктөр, алардын дарылык касиети составында алколоиддер, витаминдер ж.б. заттардын болуусуна негизделген. Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында же сабагында айрымдарынын гүлүндө же мөмөсүндө, тамырдында же кабыгында, органдарында топтолот. Ошондуктан, дары өсүмдүктөрүнүн керектүү бөлүгүн гана жыйнап  алуу керек.

Активдүү заттар түрдүү органдарда ар башка мезгилде жыйналгандыктан дары өсүмдүктөрдү чогултуу мезгили чоң мааниге ээ.

Тамырөсабак тамыр түймөктөр эрте жазда жана күзүндө казылып, жуулуп кургатылып, бүчүрү ачылып кете электе сыйрып алган оң. Жалбырактар богок пайда болуу, гүлдөө мезгилинде чогултулуп, чирип кетпес үчүн кугатылат.

Кургаган дары чөптөр кургак көлөкөлүү жерде сакталышы керек. Айрым өсүмдүктөр күчтүү таасир этүүчү  жана уулуу заттар болоорун эстен чыгарбоо зарыл. Аларды  бир аз эле ашыкча кабыл алуу ууланууга же ооруну күчөтүүгө дуушарлантат. Ошондуктан, врачтын же дары чөптөрдү толук иштете билген дарыгердин сунушу боюнча пайдалануу керек.

 

 

Дары чөптөрдү сактоо эрежелери

 

Бардык дары чөптөрдү ачык күндө, эртең мененки саат 8-9да кечкисин 16-17лер аралыгында жыйналат. Кургатуу, сактоо өсүмдүктөрдүн түрүнө, абалына жараша болот.

Чөптүн сабагы, гүлү шамалдатылып, салкын, күн жана жаан тийбеген жайда кургатылат. Эфир майы бар өсүмдүктөрдү акырныдык менен 35 градустан жогору болбогон ысыктыкиа кургатуу сунуш кылынат. Анткени составындагы аскорбин кислотасы кислотанын күчүн жоготуп коюшу мүмкүн.

Тамырды жыйнап алуу жана кургатуу, сактоо эрежелери да өсүмдүктүн түрүнө, дарылык касиетине, түзүлүшүнө, абалына жараша болот. Тамырды муздак суу менен жууп, майдалап кесип, көлөкөгө жайып кургатуу керек. Ушундай эле урукту жана жемишти көлөкөгө кургатуу пайдалуу.

Даярдаган дары өсүмдүктү (порошок түрүндөгү)-сактоо үчүн атайын кагаздан, айнектен же жыгачтан жасалган  идиш болсо жакшы.

Дары өсүмдүктөрдүн, жагым кубаттуулук мөөнөтү- жалбырак, гүлү 1-2 жыл, ал эми тамыр, сабагы 2 жылдан 3 жылга чейин сакталат.

admin
By admin Сентябрь 18, 2015 22:52

Парламент

Элдик медицина