Кымбаттуу Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана орук эмгекчилери!

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2019 17:38

Кымбаттуу Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери  жана орук эмгекчилери!

2 Сиздерди Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!

Сиздердин Улуу Ата-Мекендик согушта көргөзгөн эрдиктиктериниздер менен биз дайым сыймыктанабыз жана терең урматтоо менен сиздерге таазим кылабыз!

Биз сиздердин өлкө тарыхы менен тагдырлаш басып өткөн кан кечкен жолуңуздардан, Ата-Мекенге болгон сүйүүнүн, эли-жерине чексиз берилгендиктин жана ооруктагы кайраттуулуктун сыймыктуу үлгүсүн көрүп келебиз.

Учурда, Чүй облусунда 41 Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары жашайт. Бул адамдар коомубуздун өтө баалуу мүчөлөрү, төрүбүздүн көркү. Сиздердин чачыңыздарды бубак басып, жыл өткөн сайын катарыңар азайып бараткандыгы жүрөк сыздатат.

Бүгүн Улуу Жеңиш майрамында сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо менен бактылуу узак өмүр каалаймын. Майрамыңыздар куттуу болсун! Сиздердин эрдигиңиздер эч качан унутулбайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Абдраимов

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2019 17:38

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина