Кылым карыткан кыргызымдын кырк кызы

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 11:44

Кылым карыткан кыргызымдын кырк кызы

8 Жаздын келиши менен айлана кооздукка бөлөнүп, чөптүн аңкыган илебине бышып жаткан эттин буруксуган жыты кошулуп, искеген адамдын табитин ача мурунду жарып турду. Обочодо жайгашкан боз үйдөн чарага тийген билериктин шыңгыр үнү жаңырып, ал үйдө бойго жеткен кыздын оокат кылып жатканынан кабар берет. Ооба, үйдүн ичинде бир байлам жоолукту бекем салынган, беш көкүл чачы далысына төгүлгөн кыжым чыптамачан кыз кичирээк чарага камыр жууруп жатты. Илбериңки кыймыл аракетинен үй оокатына жедеп бышып, бир үй-бүлөнүн жоопкеричилиги менен арабасын тартууга даяр экенинен кабар берип турду. Саймалуу боз көйнөгүнүн жеңин чыканакка чейин тартып камырын улам улам ийлеп жатты. Төрдө отурган ак элечектүү байбиче кыздын ар бир кыймылына көз салып, акырын басып келди да камырды кармап көрүп бир аз бар дегендей кайра чараны көмкөрүп койду. Бул арада камырды жаюуга камданып үбөлүгүн дастаркондун бетине коюп отуруп калды. Конок кирип келчүдөй болуп шашыла кыймылдаган кыздын шурулары боз үйдүн ичиндегилерди гана эмес, сыртта отургандарды да ойдон ойготот. Кантсе да байбиче көптү көрүп калган кыраакы адам эмеспи, кыздын ар бир кыймылына көз салып камырдын жайылышынан баштап кесменин кесилишине чейин баамдап карап байкаган жерлерин түздөп айтып турду.
Бул көрүнүш тарых барактарын камтыган сүрөт же кино тасмасы эмес, бүгүнкү күндөн бир элес болучу. Жасалмалуулук менен нукуралыкты таразалаган акциянын бир үзүмү эле. Ооба, жыл өтүп, коом жаңырган сайын кылым карытып келген кыргыздын каада-салты, жазылбаган мыйзамы жана укумдан тукумга өтүп келген жашоо эрежеси нымдуу жерге түшүп, акырындык менен чириген жалбырактай жок болуп бара жатканы кимди гана өкүндүрбөй койбойт. Мода деп башка улуттун же европанын кийимдерине басым жасап, сулуулук индустриясынын өнүккөн чегине жетип, жолдон жолуккан ар бир кыз келиндин жүзүнөн жасалма кирпик, каш жана башка сүрөтчүлүк чеберин көрө алабыз. Ал эми дүкөнгө кирсең кургатылып баштыкка салынган кесмелердин түрүнөн тартып, ысык суу куя калып беш мүнөттө даяр болчу тамактарга чейин миң түрлөп тизилип турат. Каалаган тамагыңды тандап алып каалагандай кылып тамактана берсең болот. Ак жоолугун башына байлап келген конокко дастаркону жайылып, таттуу тамагы табагында турган айымдардын азайып баратышы да мына ушундай даяр азык-түлүктөрдөн уламбы деген ойлор да жок эмес. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам жаш кыздар кыргыздын кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды коомчулукка көрсөтүү максатында “Кыргызымдын кырк кызы-2019” аттуу долбоор уюштурулган. Долбоорду уюштуруп өткөрүү, кырк райондун башын бириктирүү бул чоң эмгекти талап кылат эмеспи. Кыргыздын баалуулугун барктап, оор жүгүн көтөргөн “Замандаш” партиясынын лидери Чынара Өмүракунова, Элнура Кулуева жана Дана Абдыбекова болду. Бул долбоорго кыргыз жергесинин баардык аймактарынан 17 жаштан 25 жашка чейинки кыздар катышып, аты айтып тургандай кырк кыз, кырк насаатчы жана кыргыздын нукура кийимдерин көрсөткөн кырк дизайнер ат салышууда.
Коомдук транспортко түшүп калсаң жаштардын басымдуубөлүгү орус тилинде пикир алышып, кээ бирлери кыргыз тилин таптакыр түшүнбөйт. Өзгөчө бир сап сүйлөм менен бир окуяны түшүндүрүп, кээде уяткарып койгон кыска жана нускалуу орду толгус курч сөздөр унутта калып бара жатышы өкүндүрбөй койбойт. Ушундай баалуулуктарды биздин кыздар канчалык деңгээлде биле турганын баа берүү максатында конкурстун алгачкы баскычында кыргыз тилинен тестирлөөгө катыштырышты. Бул тестирлөөдө Чүй жергесинен барган кыздар жогорку баа алуу менен интернационалдык облуста кыргыздын көөнөрбөс баалуулуктары бар экенин дагы бир жолу баса белгилеп кетишти. Долбоордун экинчи баскычында “Супара” этно комплекстин боз үйүндө кырк кыз каз катар тизилип колго камыр жуурушту. Колдорундагы билериктер чарага тийип шагырап, чачпактары шыңгырап боз үйдү шаңга бөлөп турду. Ак элечек апалардын кыздардын кыймыл аракетине көз салып, жайылган камырларына баа берип, кыздардан байкаган кемчиликтерин оңдоп сөөлөттүү басып турушу эмне деген ажайып көрүнүш. Мындай көрүнүш бир кылып мурда болгондур же тарыхтын качанкы барактарында уламышка айланып калгандыр. Колу эптүү, үй оокатына тың айылдын баардык оокаттарын жасай билген кыздар камырын он беш мүнөткө жеткирбей жайып, атайы машинкага кескендей бир өлчөмдө кесип тактайына жайып койгондор да аз эмес эле. Алардын арасын Ысык-Ата жана Кемин району толуктап турду. Ар бир райондун кыздарын колдоп, дем күч болуп артында тургандар, коштоп келгендер да арбын болду. Чүй облусунун сегиз районунан долбоорго катышып, байгеге ат салышкан сегиз кызга колдоо көрсөтүп, дем күч болуп келген Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Мамбетисаева Гульнура Эрнисовнага кайрылганыбызда: “Бул долбоорго кыздарыбыз өздөрү демилге көтөрүп катышып жатышат. Биз болгону аларга колдоо көрсөтүү менен гана чектелдик. Албетте кыздарыбыздын алган баалары биз үчүн чоң сыймык болуп жатат. Кыргыз тилинен тестирлөөгө киргенде биздин кыздар жакшы упайларды топтошту. Мындан ары дагы кыздарыбыз жогорку упайлардын ээси болуп жеңишке жетет деген ишенимибиз чоң.”
Кырк кыздын колунан кесилген кырк жайым кесме бышкыча кыргыздын кыздарынын дагы бир касиети болгон жаа атуу да болду. Кыргыз эли тарыхта согушчан эр жүрөк жоокерлердин уюткусу болгон, катуу жоого кыз келиндер кошо аттанып алыстан жаа тарткан мерген болушкан. Ар бир үйдөгү бойго жеткен кыз үй оокатынан тышкары жаа тартканды сөзсүз билишкен. Андан бери кылымдан кылым өтүп унутта калган жаа атууну кыздар тез аранын ичинде үйрөнүп алганын жаа атууда көрсөтүп беришти. Кыздардын өнөрүнө баа берип, тамшанып бүткөнчө тууралган эт да даяр болду. Агыла дастарконго бет алгандар камырдын жуурулушунан тартып кесилгенине чейин карап туруп баа беришсе эми астына тартылган тууралган этти ырахаттануу менен жеп жатышты. Колго кесилген кесмелүү туураган эттин даамын таткан да татпаган да арманда демекчи акциянын конкурсунун экинчи бөлүгү аяктап, Кожомкул атындагы спорт сарайында өтчү турда кыздардын алган баасы менен жеңиши белгилүү болмокчу.
Дамира СААЛИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 11:44

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина