Кылмыштуулук менен күрөшүп, элге кызмат кылган милиция

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 14:04

Кылмыштуулук менен күрөшүп, элге кызмат кылган милиция

13 ИИМдин салт болуп калган кезектеги басма сөз жыйынында  үстүбүздөгү жылдын тогуз айында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо ички иштер органдары тарабынан аткарылган иштерге жана кыргыз милициясындагы ишмердүүлүгүндөгү негизги төрт багыт боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын ийгиликтерине КРдин Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Астаканович Жунушалиев токтолду. Бул маалымат жыйындын негизги өзөгү суроо-жооп иретинде өткөндүгү болду. Анда министр, министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын кызмат жетекчилери башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, ошондой эле Бишкек шаары менен Чүй облусунун милиция башкармалыктарынын башчылары журналисттер берген суроолорго жооп беришти. Министр Кашкар Жунушалиев жакында болуп өткөн ИИМдин коллегиясында милициянын иши жөнүндө сын-пикирлер айтылып, жетекчилерге талаптар коюлгандыгын баса белгилеп өттү.

Быйыл оор кылмыштар 100 пайыз ачылган.

Министр Кашкар Жунушалиев талдоонун негизинде маалымдагандай 018-жылдын 9 айында республика боюнча жалпы укук коргоо органдары тарабынан 22 миң 948 кылмыш катталган. Ал эми ички иштер органдары тарабынан үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 20 миң 401 кылмыш катталып, мында кылмыштын жалпы санынын 88,9 пайызын түзгөн жана кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшүндө 15 миң 294 кылмыштын бети ачылган. Анын ичинде оор кылмыштар 100 пайыз ачылган. Катталган кылмыштарды иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 18 миң 503 кылмыш иши козголгон жана ички иштер органдарынын тергөө кызматтары тарабынан 12 миң 712 кылмыш иши иликтенип сотко жөнөтүлгөн.

Уюшкан кылмыштуу топтор кармалды

Министр Кашкар Жунушалиев ыкчам кызматтарга оор жана өзгөчө оор кылмыштарды, айрыкча мурда жасалган кылмыштардын бетин ачуу боюнча дайыма тапшырмаларды берип, ал кылмыштардын ар бирин өзүнүн жеке көзөмөлүнө алып, жыйынтыгын сурап тургандыктан уюшкан топтор кармалып, учурда камакта.

Тактап айтканда өткөн тогуз ай ичинде 1538 кылмышкерлерден турган 613 ар кандай кылмыштуу топтор кармалып, алар тарабынан 1588 кылмыш жасалгандыгы аныкталып азыр кылмыш жоопкерчиликке тартылышууда.

Алардын ичинен туруктуу ар кандай оор кылмыштарды жасаган 69 кишиден турган 25 кылмыштуу топ 100гө жакын оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы аныкталган. Анын ичинен ыкчам иликтөө жана издөө иш-чараларынын натыйжасында ар кандай кылмыштарды жасагандыктары үчүн 181 уюшкан кылмыштуу топтордун субъектилери кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Тергөөнүн жүрүшүндө  кармалган кылмышкерлер тарабынан ондогон карактоолор, тоноолор,адам өлтүрүүлөр, ири суммадагы уурулуктар жасалгандыгы далилденген.

Резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыштардын бети ачылды.

Учурдагы ИИМдин жетекчилери убагында ар бир кылмышты ачууну өзүнүн көзөмөлүнө албагандыктан, коомчулук арасында резонанс жараткан оор кылмыштардын бети ачылбай калган. Ошол ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча коомчулукта катуу сын-пикирлер айтылып келгендиктен, ал кылмыштардын бардыгын ачуу боюнча министр Кашкар Жунушалиев ыкчам кызматтарга чоң тапшырмаларды берип, дайыма көзөмөлдөп, талап коюп, жыйынтыгын улам-улам сурагандыгынын натыйжасында республика боюнча коомдо резонанс жараткан , мурда жасалган ондогон оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бети ачылган. Алардын айрымдарына токтоло кетсек,2014-жылдын апрелинде акча алмаштыруу пунктунда иштеген К.Темирбердиевди өлтүрүү фактысы менен кармалган топтун аркасынан бир катар каракчылардын бети ачылган.

Издөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы “Осьминог” кафесинин өрттөлүшү боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана 015-жылы Ысык-Көл облусундагы “Дельфин делюкс” пансионатынын директору К.Тнын автомашинасынын орттөлүшү ачылып, шектүүлөр кармалган.

Ошондой эле жакынкы күндөрдө Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында Абдышүкүр уулу Имранга карата жасалган каракчылык фактысы, Ленин айылында жайгашкан “Сталбек” акча алмаштыруу жайына карата жасалган каракчылык фактысы жана ошол эле  айылда таксист А.Юсуфовду өлтүрүү фактылары ачылып, кылмышка шектүүлөр, аны уюштургандар камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандар тарабынан дагы 21 оор кылмыш жасашкандыктары далилденген.

Бишкек жана Чүй облусунун аймактарында катталган 24 каракчылыкты жасашкан К.Аскаровдун беш адамдан турган бандиттик тобу кармалган.

Эми ИИМдин коррупция менен күрөшүүдөгү иштеринен мисал келтирсек, мамлекеттик мүлк фондунун экс-төрагасы Б.Казаков, анын орун басары жана башка комиссия мүчөлөрү мамлекетке тиешелүү объектини “Идеал Хаус” ЖЧКна 60 млн. 73 миң 945 сомго базар баасынан арзан мыйзамсыз сатып жиберишкендиги үчүн КРнын КЖКнын Коррупция мүнөздөгү 303-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Мындай фактыларды келтире берсек абдан көп.Эң негизгиси министр Кашкар Астаканович Жунушалиев мурда ачылбай калган кылмыштардын бардыгын ачуу боюнча тиешелүү иш-чараларды колго алып, өзү көзөмөлдөп, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуунун үстүндө иш алып барууда.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 14:04

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина