Кылган эмгегине алган акча дагы коррупция болуп калганбы?

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 5, 2018 10:11

Кылган эмгегине алган акча дагы коррупция болуп калганбы?

1 Биздин редакцияга баш баккан адам, кечээ жакында эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү  кызматы тарабынан кармалганК.Анын мурдагы студенти-бүтүрүүчүсү экендигин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду:”- Бул окуя тууралуу  ар  түрдүү социалдык тармактарга тараган комментарийлерди окусаң, ар тараптуу пикирлер айтылып жатканы аз келгенсип,  ГСБЭП (Финпол) да  кайра-кайра “актангансып” түшүндүрмө берүүдө,  эң кызыгы кармалган окутуучуну ЗАВ.КАФЕДРА деп туура эмес маалымат тараткандары  аз келгенсип, учурда университетте ден соолугуна байланыштуу  иштебей калган окутуучуну кармадык деп  эл арасында чындыкка дал келбеген иштер менен алектенишүүдө. Эмне үчүн университеттин жетекчилиги муну четке какпайт?….” деп билдирди.  Ушундан улам – биз көз карандысыз журналисттик изилдөө жүргүзүүнү чечтик.

Ушул жылдын 21-майында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматытарабынан К.Анын жашаган квартирасынын эшигинин алдында кармалган.

Буга себеп, КГУСТА окуган5 –курсунун  студенткасы А.Анын  кайрылуусу болгону айтылууда. Студентка А.А. дипломдук ишин Архитектура факультетинин мурдагы улук  окутуучу К.Ага жардам берүүсүн суранып кайрылган. Ал эми К.А. эки жолу инсульт алгандыктан, дарыланууда жүргөн. Студентка А.А агайына жардам берүүнү суранганынан улам  дипломдук ишин карап, архитектордук чиймелерин кайрадан чийүү керек эле. К.А өзүнүн үйүндө дипломдук иштеринин баарын бүтүргөндөн кийин, студентка менен жолукмак. Албетте,  ар бир иштин өзүнүн баасы болгондуктан, мугалим жумушу жок дарыланып жатканда айткан баасына А.А дагы макул болуп,  бир чечимге келишкен. Окуу жайдын окутуучулары, студенттеринин баары К.А. өтө мыкты окутуучу экендигин билишет.

Кечиресиз, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү  кызматы тарабынан берилген маалыматта кафедра башчысы, доцент деп жүрөт го?

Жок, К.А. доценттин милдетин аткаруучу, улук  окутуучу эле болчу. Кафедра башчысы  болуп такыр башка адам иштейт.

Окуу жайдын  окутуучусу болуп иштейби же …

Мен жогоруда айтып кеткендей, эки жолу инсульт алган адам  ден соолугуна байланыштуу  жумуштан өз каалоосу менен окуяга чейин эле өз  арызын жазып, иштен бошотууну өтүнгөн.

А эмнеге кылган эмгеги үчүн  өз ара  оозеки макулдашуунун негизинде  өз акысын алууга болбосун, бул анын эмгеги да?

Кептин баары ушунда болуп жатпайбы. Биринчиден, окутуучу  кызмат үстүндө студентке бааны сатып кармалса, эч ким эч нерсе айта алмак эмес. Ал үйүндө ооруганына карабай А.Анын дипломдук ишин бүтүрүп берейин деп макулдугун берген экен.  К.А. ал студентканын жетекчиси да, консультанты эмес. Экинчиден, жашаган квартирасынын  короосунан кармап, күбөлөрү (понятой) өздөрү ала келген балдар экен. Эмнеге коңшуларын күбө катары чакырып, ал ким экендигин сурабайт.

Негедир бир жактуу,  студентканы колдой берген туура эмес,  окутуучунун  укуктары эске алынбай калууда. Эгерде А.А. окууну мыкты өздөштүргөн студентка болгондо,  окутуучуга дипломдук ишин бүтүрүп бер деп жалдырап барбайт эле го.

Р.S: бул окуянын чоо-жайын такташтыруу максатында, К.А.га байланыша албадык. Кылган эмгеги үчүн алган акчаны “маңдай тери менен тапкан акча”-деп айтылат. Взятка деген эмне? Энциклопедияга кайрылсак, — бул «мамлекеттик кызматкерлер (чиновниктер) жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү тарабынан ээлеген кызмат ордуларын, кызматтык укутарын жана бийлигин, мыйзамсыз байлык чогултуу, жеке материалдык жана башка жыргалчылыктары үчүн колдонуу.»

Анда, Экономикалык кылмыштарга каршы  кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, К.Ага  Кылмыш жаза кодексинин 221-225-беренелери менен козголгон кылмыш иши дал келбейт деп айтууга болот.

Биринчиси, ал болгону улуу окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу.

Экинчиден, бул окуя болгонго чейин эле эки жолу инсульт ооруусуна чалдыккандыгына байланыштуу өз каалоосу менен  иштебей калган окутуучу өзү жашаган үйдүн короосунан  кармалып  жатат, окуу жайдан эмес.

Эми окурмандар, өзүнүздөр калыс болуп көргүлө, ушул заманда ден соолугуна карабай, түн уйкусунан кечип, архитектуралык дипломдук ишти жасаштын өзү кандай кыйын. Эмне үчүн кылган эмгегине алган акчалай  акы  “взятка” болушу керек.

Мындай кадам менен “бөрк ал десе — баш алып жаткан жокпузбу” деп айласыздан ойлойт экенсиң.

Адилет Калыгулов

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 5, 2018 10:11

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина