КУУнун демилгеси:мектеп бүтүрүүчүлөрүн республикалык тестирлөөгө даярдоо

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 12:06

КУУнун демилгеси:мектеп бүтүрүүчүлөрүн республикалык тестирлөөгө  даярдоо

5 Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын башында региондорду кыдыруусун  Сары-Өзөн Чүйдөн баштаган.9-январда Сокулук районунда Чүй облусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда быйылкы жыл  «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланаарын айткан. Президенттин жарлыгын ишке ашырууда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унивеситети өз үлүшүн кошууда. Университеттин ректору Канат Садыковдун демилгеси менен  окуу жайдын кыргыз жана орус тилдеринде сабак берген математика, тарых, кыргыз тили, орус тили сабактары боюнча сабак берген мугалимдери эки топко бөлүнүп, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Кемин, Чүй, Ысык-Ата райондорунда жана Токмок шаарында мектептердин бүтүрүүчү класстарын жакында боло турган ЖРТга (ОРТ) даярдоо ишерин жүргүздү.

Мамлекет башчысынын аймактарды өнүктүрүү боюнча жасаган аракетин колдоо максатында, биз өзүбүздүн тармакка жардам берип, өсүп келе жаткан жаштарды колдоого алдык.Заманбап технологиялар өнүккөн кезде жаштарыбызды билимдүү болуунун мааниси зор.  Саналуу күндөрдөн кийин ЖРТ башталат. Ар бир мектептин бүтүрүүчүсүнүн келечекте билим алууга мүмкүнчүлүгү тестирлөөнүн жыйынтыгына байланыштуу. Ошондуктан, негизги сабактардан сөзсүз түрдө консультациялар өткөрүлүшү керек-дейт окуу жайдын ректору К.Садыков.

Улуттук университеттин  проректору Туратбек Суранаев орус, кыргыз тилдүү эки мобилдик топту жетектеди.

Ар бир бүтүрүүчү биздин окуу жайдын мугалимдери өтүп жаткан сабактын 10% ын түшүнгөн болсо, анда ЖРТдан жеңил өтөт. Себеби, биздин мугалимдер илим, билимге, тажырыйбага бай жана алардын  окутуу ыкмалары дагы өзгөчө. Көбүчет өлкөлөрдөн окушкан. Окуу жайдын мугалимдери мектептер менен тыгыз байланышта болуп, окуучуларга ар тараптан билим берүү көмөктөшүүсү  керек. Бул жагынан мугалимдерибиздин тажрыйбасы бар,  мындай ыкманы колдонуп келишкен. Мындан сырткары, айыл өкмөттөрүн, мектептин мугалимдерин маал-маалы менен окутуп турабыз”-дейт Т. Суранаев.

Албетте, мындай иш –чаралар жергиликтүү бийлик жетекчилеринин колдоосу жок ишке ашпасы турган иш. Ошондуктан, ар бир райондо бүтүрүүчүлөрдү чогултуп, мектептерге атайын мүмкүнчүлүк түзүп берген Өкмөттүн Чүй облусундагы Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Мамбетисаева Гүльнура, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Раимбек Султанов жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларына, мектептердин директорлоруна ыраазычылык билдиребиз.

Анткени, мобилдик топко жакындан жардам берип, бүтүрүүчү класстын окуучуларын орус жана кыргыз тилдеринде  мектептерге чогултуп, мүмкүнчүлүк түзүп беришкендиктен окутуучуларга жеңилдик болду. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, Панфилов, Жайыл, Москва, Кемин, Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Токмок шаарынын жетекчилери  бүтүрүүчүлөрдүн келечегине кайдыгер карабай, окуу жайдын окутуучуларына жакындан жардам беришти.

Тилекке каршы, иш-чараны өткөрүүгө тоскол болуп, өзүн көрсөтүүгө аракет кылган же жетекчилигин  көзүнө илбегендер да болду. Бул боюнча ири райондорунун катарындагы Сокулук районунун №1 орто мектебинин директору Ырыс Кудайбергенованы айтсак болот. Райондук билим берүү бөлүмүнүн сөзүн укпай, башка мектептен келген окуучуларды мектепке киргизбей, КУУнун мугалимдерине туура эмес мамиле жасап, мектепти менчиктеп алгандай түр көрсөттү. Акимчиликтин кийлигишүүсү менен окуучулар киргенден кийин өзү кошо класска кирип алып, мугалимдерге (сабакка тиешеси жок) болбогон суроолорду берип, өз “деңгээлин” көрсөттү. Кыргызда, “эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал” дегендей, мектептин директорунун деңгээли ушул болсо, бул директордон тарбияланган окуучулулар кандай болот деген ой кетти…

Мындай көрүнүш болбосо дагы, жетекчиликтин шалаакылыгын айта кетпесе болбойт. Ысык-Ата районунун акими Калмырза Кожомкуловго 5-6 күн мурда айтылган эле. Аким дароо эле райондук билим берүү берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиевди чакырып тапшырма берет. Акимдин сөзүн сөз дебеген Болот мырза “похоронго” кетип, 4 күндөн кийин гана келиптир. Жамандык деген жамандык, барыбыз түшүнөбүз, бирок өзү менен кошо билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерин ала кеткен жок да. Ким билет, башкаларга айтууга үлгүрбөй калганбы же акимдин тапшырмасына кол шилеп койгонбу, айтор иш-чарабыз үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Акимдин орун басары Айша Орозбекованын мыктылыгынан жакын жердеги мектептердин бүтүрүүчүлөрүн жыйнап келгенге жетишти.

Албетте, ЖРТынн  Болот Иманалиевге окшогон өзүм билем чиновниктерге кереги жок.  Бирок мындай            мамиле  мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн келечегине тескери таасир берерине шек жок…

Нурзада АКМАТ

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 12:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина