Курман айттын мааниси, анын соопчулугу жана кандай шартта өткөрүлөт…

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 28, 2020 10:17

Курман айттын мааниси, анын соопчулугу жана кандай шартта өткөрүлөт…

10 Курмандык бул жаамы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тообо келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-ниматтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Ошондой эле, курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп кедейлер пайдаланат.

Курмандык – адам баласын сараңдыктан жана мал-жандыкты көбөйтүүнүн артынан сая түшүүдөн куткарат. Коомчулуктагы боордоштук, бир туугандык, жардамдашуу, тилектештик, бей-бечараларды кубандыруу сезимдерин өркүндөтөт, жетилтет. Адамдарды өз ара ырайым-сүйүүгө байлайт. Алла Тааланын нимат-жакшылыктарынан бардык пенделердин, бүтүндөй адамзаттын колдонуусун шарттайт. Эң негизгиси Алла Таалага жакын болууга жана Жараткан Кудайдын ыраазычылыгына ээ болууга өбөлгө болот.

2020-жылы илдетке байланыштуу Курман айт кандай шартта өтөт?

— COVID-19 инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында быйыл Курман айт намазы окулбайт. Шаарларда эл аянтка чогулбайт. Курмандык чалуу санитардык эрежелерди сактоо шарты менен мурдагыдай тартипте улантылат. 31-июль, 1-2-август күндөрү курмандык чалууга уруксат. Бирок жарандарды тууган, жакын адамдарына айттап, коноктоп баруудан алыс болууга чакырабыз. Курман айтты үй-бүлөлүк майрам катары кабыл алып, ар бир ата-эне өз үйүндө дастаркон жайып, балдарына чакан белек берсе болот.

Ошол эле учурда курмандык чалууга мүмкүнчүлүгү бар адамдарды Кудайдын буйругун так аткарууга чакырам. Анткени Курман айт — сооптуу күндөрдүн топтому. Учурда муктаж адамдар көп, мындан сырткары, карылар үйү, жетим балдар үйлөрү бар. Курмандыктын этинен ошолорго да таратса, өтө чоң сооптуу иш болот.

- Курмандык чалууга шарты жоктор кантип сооп таба алат?

— Ислам дининде садаканын орду чоң, даанышмандыгы бар. Андыктан садака берүү да маанилүү. Садака иретинде да курмандык чалууга болот. Алсак, бир нече киши чогулуп, бир курмандык чалат. Кайрымдуулук иштери менен алектенсе болот.

- Карызы бар адам курмандык чала алабы?

— Карызы бар адам курмандык чалууга милдеттүү эмес. Бирок карызымдан кутулууга шарт болсо, курмандык чалса, жарай берет. Эгерде мүмкүнчүлүгү жок адам «кийинки жылы курмандык чалам» деп, Аллахка убада берген болсо, анда кан чыгарууга милдеттүү болуп калат. Же болбосо, базардан кой алып «курмандык үчүн алып жатам» десе, анда ошол малды курмандыкка чалышы керек.

- Курмандыктын өкүмү кандай?

-Колунда бар бай эркекке да, аялга да курмандык чалуу важиб, тактап айтканда, милдет. Курмандык — бул биздин тирүү жүргөнүбүз үчүн Кудай Таалага болгон шүгүр келтирүү, Ибрахим пайгамбардын мурасын тирилтүү, биздин кетирген ката-кемчиликтерди Алла Таала кечирсин деп кылынган амал. Курмандык амалында «Кудай Тааланын өкүмүн аткарып жатам» деген ниет болуусу зарыл.

- Курмандык чалуунун кандай артыкчылыктары бар?

— Алла Таала Курани Каримде: «Эми эгеңе (сыйынып) намаз оку жана курмандык чал»,- деп айткан, (Кавсар,2).

Кылынган курмандык үчүн Алланын көптөгөн сооптору бар. Алланын Элчиси (с.а.в.) айткан: «Курмандык күнү Алланын алдында курмандыкка мал союудан өткөн сүйүктүү амал жок. Курмандыкка союлган мал Кыямат күнү мүйүзү, туяктары менен келет (мындайча айтканда анын ар бир мүчөсү үчүн Алла Таала сооп берет). Алла Таала (курмандыкка союлган малдын) канын, кан жерге тамганча кабыл кылат. Ошондуктан курмандыкты чын жүрөктөн, кубануу менен кылгыла».

- Курмандык кайсы күнү чалынат?

— Курмандык зул-хижжа айынын онунчу, он биринчи жана он экинчи күндөрү айт намазынан кийин чалынат. Курмандыкты айтка чейин чалып, даярдануу — сооптуу иш. Биринчи күнү чалынганы  -артыгыраак. Түндөсү курмандык чалуу — макрух.

- Курмандык кандай мал чалынат?

— Курмандыкка бодо малдар тактап айтканда төө, уй жана койлор жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуу жандыктар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле, жылкы да курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп, бешке кетиши керек. Уйлар эки жаштан ашкан болушу кажет. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан болушу зарыл. Пайгамбарыбыз (сав): «Койдун козусу кандай жакшы курмандык», — деп айткан, (Тирмизи,1499).

Курмандыкка чалынчу мал бүтүн болушу зарыл. Тактап айтканда, сокур, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилген мал курмандыкка жарабайт. Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган жандык курмандыкка жарайт. Мындан сырткары, мал өтө алсыз болуп, курмандык чалына турган жерге өзү басып бара албаса, анда курмандыкка жарабайт.

-Курмандык канча адамдын атынан чалынат?

-Кой менен эчкинин курмандыгы жалгыз адамдын атынан болот. Ал эми төө менен уйду жети адамга чейин же андан кем адам чалуусу зарыл. Жети адамдан ашса болбойт.

-Этти кандай бөлүштүрүү керек?

-Курмандыкка союлган малдын эттин барын садака кылып берсе болот. Ошондой барын алып калса да болот. Бирок, эң жакшысы үчтөн бирин садака кылып, дагы 3/1 бөлүгүн туугандарына жана досторуна коноктогону алып, калган үчтөн бирин өзүнө сактап койсо болот. Курмандыкка союлган малдын этин мусулмандарга да жана ошондой эле мусулман эместерге да берүүгө болот.

Курмандыктын терисин, этин, жүнүн, баш-шыйрактарын сатканга болбойт. Пайгамбарыбыз (сав): «Ким курмандыктын терисин саткан болсо, анда анын курмандыгы жарабайт», –деп айткан, (Таргиб ваттархиб,2/161, Хаким, 2/422).

Ошондой эле, касапчынын акысы курмандыктан берилбейт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 28, 2020 10:17

Приемная кампания 2020

Элдик медицина