Кургак учук-бул социалдык чоң илдеттердин бири болуп кала бермекчи

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:49

Кургак учук-бул социалдык чоң илдеттердин бири болуп кала бермекчи

18 Бүгүнкү күндө кургак учук оорусу социалдык чоң илдетке айланды. Анткени, өлкөбүздүн аймагында жашаган калктын дээрлик көпчүлүгүнүн социалдык жашоо деңгээли абдан төмөн. Ошондон улам бул илдетке кабылгандар көбөйүп, өспүрүмдөр арасында да көп катталууда. Ушуга байланыштуу элибиздин саламаттыгы үчүн “ден соолук” рубрикасынан кургак учук оорусу жөнүндө кеңири түшүндүрмөкчүбүз.

Ал кандай оору? Кургак учук жугуштуу, инфекциялык илдет. Көбүнчө бул оорудан өпкө органы жапа чегет. Кээде мээ жана анын чел кабыктарынын, бездеринин, сөөктөрдүн, муундардын, бөйрөктөрдүн, көздүн, ичегилердин кургак учугу да болушу мүмкүн. Кургак учуктун жугуштуу оору экени байыркы убакта эле белгилүү болуп, бул оору жөнүндө Гиппократ, Ибн-Сина жазган. Ал эми кургак учукту козгоочу микробун немец окумуштуусу Роберт Кох 1882-жылы ачкан. Эң өкүнүчтүүсү, азыр кургак учукка каршы эффективдүү дарылар бар болсо дагы ал оору жыл сайын миллионго жакын аялдардын өмүрүн кесип, энелердин өлүм көрсөткүчүнүн жогорулашына алып келип жатканы. Азыркы убакта кургак учук менен ооругандардын дээрлик көпчүлүгүн айыктырса болоорун Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму далилдеген.

Негизги белгилери

Алсыздануу, чарчоо жана тердөө пайда болушу мүмкүн. Адатта бул белгилерди суук тийгенден болду деп ойлошот. Оору күчөгөндө шайы кетет, адамдын эти ысыйт, жөтөлөт, көкүрөгү ооруп, тамак ичкиси келбей, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Эгерде, убагында дарыгерлерге кайрылышпаса, убакыт өткөн сайын оорулуу ириң аралаш какырык чыгарып, жөтөлүп, кан аралаш түкүрүшү да мүмкүн. Жөтөл кургак учуктун эң негизги белгиси. Эгерде, жөтөл эки жумадан ашык созулса, анда үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүү керек. Кургак учукка карата текшерүү акысыз жүргүзүлөт.

Кантип жугат?

Кургак учук козгогучу же бактериялары оорулуу киши жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жана сүйлөгөндө какырыктын майда тамчылары менен чогуу сыртка бөлүнүп чыгып, бир нече саатка чейин абада калкып жүрүшөт. Алар жакын арада турган адам дем алганда өпкөсүнө аба аркылуу кирип кетишет. Эгерде, кургак учуктун жугуштуу ачык формасы менен ооруган оорулуу жакшы желдетилбеген жерде, элдер көп топтошкон жайларда көпкө убактысын өткөрсө, кургак учукту таратуу коркунучу жогорулайт. Кургак учук грипптин вирустарындай эле аба аркылуу таралат. Ошондуктан, кургак учуктун бактерияларын жугузуп алуудан эч ким сактанып кала албайт. Бул оору менен ооруган уйлардын кайнатылбаган сүтүн ичүү дагы кээде адамдарга оорунун жугушуна алып келет. Эгерде кургак учуктун жугуштуу формасы менен жабыркаган оорулууга убагында диагноз коюлбаса же ал дарыланбаса, анда бир жыл ичинде ал адам 10-15 адамга бул ооруну жугузушу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү элдердин үчтөн бир бөлүгүнө же болбосо 2 миллиард адамга кургак учуктун бактериялары жуккан. Бирок, көпчүлүк адамдарда кургак учук жуккандан кийин өпкөдө, бронхтордо, бездерде организмдин коргонуучу күчтөрү, тактап айтканда иммунитети жакшы болсо, кургак учуктун бактериялары өпкөнүн таза бөлүктөрүнөн бөлүнүп калат да, алардын тегерегинде катуу чел кабыкча (капсула) пайда болуп, илдет өөрчүбөйт. Кургак учукту жугузуп алган адамдардын 90-95 пайызы өмүрүндө кургак учук оорусу менен оорушпайт. Калган 5-10 пайызынын

организминде, кургак учук бактериялары чел кабыктын ичинде “чала өлүк” сыяктуу болуп кала беришет жана адам организминин алсыздануусун күтүп жата беришет. Бир нече айдан, кээде 5-10 жылдан кийин да кургак учук оорусу менен ооруп калуусу ушуну менен түшүндүрүлөт.

Кургак учуктун бактерияларын жугузуп алган адамдар (инфицированные) булар оорулуулар эмес, алар инфекцияны башка адамдарга жугузушпайт.

Коркунучтуу түрү

Мультирезистенттүү кургак учук-бул кургак учуктун эң коркунучтуу түрү. Бул формада кургак учук бактериялары жок эле дегенде изониазидди жана рифампицинди, тактап айтканда кургак учуктун эң күчтүү дарыларын тоготпой, аларга туруктуу болуп калат. Мультирезистенттүү кургак учук, кургак учуктун кадимки түрүн туура эмес дарылаганда, тактап айтканда дарыларды дарыгердин көрсөтмөсүсүз ичкенде, жетишпеген санда же сапаты начар дарыларды, туура эмес дозада жана комбинацияда кабыл алганда пайда болот.

Азыркы убакта кургак учуктун өнөкөт (хронический) түрү менен ооругандардын 70-80 пайызы кургак учуктун мультирезистенттүү кургак учукка каршы дарылар анчалык күчтүү эмес, организмге терс таасирин тийгизген жактары көп жана абдан кымбат дарылар. Анан дагы бул формасын дарылоо аябай узак (21-24 айдан кем эмес) убакытта жүргүзүлөт жана дайыма эле жакшы айыгып чыгууга болбойт.

Дарылоонун негизги фазалары:

Еврейлер мисалы, ооруй электе эле оорунун алдын ала чараларын көрүшөт. Ал эми кыргыздардын жаман адаты “Кудай сактасын” деп жүрө бермейи бар. Азыр карапайым эл ооруса деле көп маани беришпейт жана акчасынан коркушат. Көбүнчөсү “дарылануу үчүн да көп акча керек да” деген көз карашта. Бирок, кургак учуктун белгилери байкалса, минтип сарсанаа болбостон дароо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылуусу керек. Дегеним, азыркы убакта мамлекеттик гарантиялык жана Улуттук “Кургак учук” программалары жана эл аралык “ДОТС” стратегияларына ылайык бул ооруну дарылоо бекер жүргүзүлөт. Оорулуулар мына ушуну эске алышса жакшы болмок. Ал эми кургак учукту дарылоо эки бөлүктө өтөт. Биринчиси- “интенсивдүү” (күчтүү) фазасы. Бул этапта оорулуу негизинен атайын стационарларда 2-3 ай бою дарыланышат. “Интенсивдүү” фазаны бүткөндөн кийин оору айланасына жугуштуу болбой калат жана дарылоону улантуу үчүн ооруканадан үйүнө чыгарылат.

Экинчиси болсо “улантуу” фазасы – бул этапта оорулуу дарыгердин көзөмөлү менен амбулатордук шартта дары ичип турат.

Оор кесепети

-Кургак учук – бул дүйнө жүзүндөгү эң бир көп тараган жугуштуу оорулардын бири.

-Өлүмгө алып келүү көрсөткүчү боюнча кургак учук бүт жугуштуу оорулардын арасынан экинчи орунду ээлейт.

-Дени сак адамдар “бул менин ишим эмес” деп эсептебеши керек. Ар бир адамда ооруну жугузуп алуу коркунучу бар.

-Диагноз өз убагында коюлуп, дарыгердин көзөмөлүндө дарылануу жүргүзүлсө кургак учуктан айыгууга болот.

-Дүйнө жүзүндө жыл сайын 2 миллион киши кургак учуктан каза болот.

-Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму жакынкы 20 жылда дагы 200 млн. адам кургак учук менен ооруп калуусун, ал эми 70 млн. адам бул оорудан каза болуусу мүмкүн экендигин алдын ала маалымдоодо.

-Кургак учук кайсыл үй-бүлөдө пайда болсо, ошолорго эң чоң азап чегүү, ал эми мамлекетке экономикалык жоготуу алып келет, анткени оорулуулардын 75 пайызын 20-40 жаштагы иштөөгө жарамдуу курактагы адамдар түзөт.

-Кургак учуктан айыгуунун негизги шарты-бул үзгүлтүксүз дарылануу. Ар кандай себептер менен үзгүлтүккө учуратуудан кургак учуктун кадимки түрү анын дарыларга туруктуу , өнөкөт түрүнө өтүп кетет.

Канчалык коркунучтуу?

Кургак учук оорусу жөнүндө журналисттик изилдөө-иликтөө иштерин жүргүзүүдө айрым гана учурларды окурмандарга сунуш кылуу менен сөзүбүздүн соңунда беш суроо түзүп ага жооп издеп көрдүк.

-Кургак учук тукум кууйбу?

-Жок куубайт. Кургак учук жугуштуу илдет болгондуктан үй-бүлөдөгү башка адамдар дагы ооруп калышы мүмкүн. Ошондуктан, кээде бул ооруну тукум кууй турган оору деп туура эмес ойлоп алышат.

-Үй-бүлө курууга кургак учук тоскоол кылабы?

-Кургак учуктан дарыланбаган адам өзүнүн үй-бүлөсүнө оорунун жугуп калуу коркунучун туудурат. Эгерде оорулуу айыккан болсо, үй-бүлө курууга эч тоскоол болбойт.

-Эгерде, кош бойлуу же бала эмизген эне кургак учук менен ооруп калса эмне кылуу керек?

-Кош бойлуу аялдар башкалардай эле дарыланышат. Аларга стрептомициндин уколу гана жасалбайт. Эгерде, оорулуунун эмчектеги баласы болсо, анда эмизүү улантыла берет. Анткени, эмизбей коюу баланын өсүшүнө тоскоол болот. Ал эми энеси кургак учук тарап кетпешине аракет кылуусу керек. Эң негизгиси- дарыларды ичип туруу, оорунун жайылып кетишин алдын алат.

-Ар кандай жаныбарлардын: иттин, кашкулактын, суурдун, аюунун жана башкалардын эттеринин, майларынын кургак учукка каршы касиети барбы?

-Жок. Булар кымыз, прополис, бал жана башка сыяктуу эле кургак учуктун бактерияларын өлтүрө алышпайт.

-Кургак учукту дарылабаса эмне болот?

-“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген кыргыздын макалында айтылган кептин чындыгы бар. Эгерде, дарыланбаса кургак учук айыкпайт. Оорулуу тегерегиндеги элдерге, биринчиси эң жакын адамдарына коркунучтуу, ал эми өзүн өлүмгө дуушар кылат.

Данияр ШАБДАНОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:49

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина