Кумтөрдөн 6 айда 3,65 миллиард сом төлөм которулду

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 15, 2018 11:54

Кумтөрдөн 6 айда 3,65 миллиард сом төлөм которулду

6  «Кумтөр Голд Компани» 2018-жылдын экинчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктады. Компания алты айда 184 023 унция же 5723,76 кг алтын өндүрдү. Жыйынтыгында 3,65 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөр мамлекетке которулду. Бул тууралуу компаниянын расмий сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Кумтөрдө алтын өндүрүү көлөмү 2018-жылдын экинчи чейрегинда 83 803 унцияны түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилинде ал 138 623 унцияны түзгөн. Ошондой эле, бул убакыт аралыгында 90 620 унция же 2,82 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн 117,3 миллион доллар киреше түшкөн.

Белгилей кетсек, «Кумтөр» кенинде 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 31-мартына чейин жалпысынан 11,7 млн унция же 363,4 тонна алтын өндүрүлгөн.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 15, 2018 11:54

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина