Кулалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым…

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 21, 2017 11:51

Кулалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым…

Нооруз-2017 21721 апрель, Бишкек. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык. Бүгүн биз тээ алыста жашаган уялаш бир тууганыбызга караганда, маңдайыбызда жашаган, бирок кайнаса каныбыз кошулбаган, тили буру кошуналар менен ысыгыраак катышарыбыз айдан анык белгилүү. Ооба, сөз Кыргыз Республикасындагы жана анын ичинен Чүй облусундагы диаспора, этностор туурасында болууда. Бүгүн Кыргызстандагы жана Чүй облусундагы башка улуттар жалпы кыргыз журчулугуна терең сиңип кеткен. Кээ бир бейрасмий статистикаларга караганда алардын саны Чүй өрөөнүндө төмөнкүдөй:

Орустар – 246 миң (31,9 %)

Дунгандар – 44 миң (5,7 %)

Украиндер – 26 миң (3,4 %)

Казактар – 18 миң (2,3 %)

Уйгурлар – 15 миң (1,9 %)

Немистер – 14 миң (1,8 %)

Түрктөр – 14 миң (1,8 %)

Өзбектер – 13 миң (1,7 %)

Татарлар – 9 миң (1,2 %)

Азербайжандар – 8 миң (1,0 %)

Корейлер – 6 миң (0,8 %)

Күрттөр – 4 миң (0,5 %)

Тажиктер – 3 миң (0,4 %).

Булардан тышкары ички миграциянын эсебинен дагы биртоп улуттар кирип-чыгып турушат.  Бул Чүй облусундагы  адаттагы көрүнүш. Анткени анын агросоода байланышы жогору. Мындан улам башка дубандардан келген мигранттар убактылуу болсо да жериликтүү эл менен бир топ катнаш түзүп кетишет. Чынында Чүй өрөөнүнүн агро тармагын дунган, өзбек, уйгар сыяктуу улуттар бир топ алга сүйрөп келет. Ооба, совет өкмөтүнүн бирден бир негизги ураандарынын бири болгон «Эмгек адамдардын башын бириктирет» деген кебинде калет жок. Чүйдөгү улуттар аралык мамилелердин ысыктыгы дал ушу эмгек. Нан болсо ыр да болот дегендей, улуттардын ар бир жемиши алардын ынтымак-ырашкерлигинен улам пайда болууда.

Албетте аларды уюштуруп, ынтымагын ырастап, мамилелерин тескеп туруучу өкмөттүн атайы агентствосу бар. Булардын негизги милдети-бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу. Алардын алгылыктуу иштери бир топ жерлерден көрүүнүдө. Ушуну эске алуу менен жогоруда айтылган улуттар аралык мамилелер туурасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агентиктин диреторунун орунбасары Салиев Бактияр Усмановичге суроо салдык

- Ассалому алейкум, агай,  бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында канча этнос бар?

— Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында  80ден ашуун этностун өкүлдөрү жашап жана эмгектенип жатышат. Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамына  кирген ар этностун өкүлдөрүнөн турган 30 диаспора бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоого өздөрүнүн салымдарын кошууда.

- Этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча Агенттик кандай иштерди жүргүзүүдө?

 

— Агенттик этностор аралык мамилелерди чыңдоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамына кирген диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда  2013-жылы 8 иш-чара, 2014-жылы  9 иш-чара, 2015-жылы 17 иш-чара, 2016-жылы 13 иш чара өткөргөн. Ал эми үстүбүздөгү жылдын башталышынан бери 4 иш-чара өткөрүүгө жетиштик. Алардын бир катар орчундууларына токтоло кетсек 2016-жылдын 3-февралында “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо” концепциясын жетекчиликке алуу менен,   “Тарых жана маданият” жылынын алкагында “Кайрылмандар: интеграция көйгөйлөрү жана жергиликтүү эл менен ыңгайлашуунун формалары” аттуу конференция  Бишкек шаарындагы Тарых музейинде  өткөрүлдү.

«Кыргызстанда жалпы жарандык   бирдейликти жана элдин улуттук биримдигин калыптандырууда жаштардын ролу” аттуу Жаштар форумун 2016-жылдын 11-февралында Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде  уюштуруп өткөрдү.

2016-жылдын 21-мартында Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында этностук коомчулуктардын диаспораларынын  иш-чарасын этносторду жакындаштырууга багытталган мыкты улуттук тамак-ашка, мыкты улуттук оюндардарга жана башка конкурстар  уюштуруп өткөрүлдү.

 

- Этностор аралык мамилелерди жөнгө салууда кандай  жетишкендиктер болду жана кандай көйгөйлөр бар?

 

— Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын аткаруу боюнча өткөрүлгөн иш чаралардын негизинде, мамлекетибизде этностор аралык мамилелердин чыңдалышына, достуктун өркүндөөсүнө, жарандардын бирдейлигин калыптандырууга  өбөлгө түзүлдү.

Мисалы, 2013-2015-жылдарга караганда 2016-жылы этностор аралык өңүттөгү чыр чатактар 5 эсеге кыскарды десек болот.

Кѳйгѳйлүү маселелердин бири — бул концепциянын негизги багытынын бири болгон мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү маселеси, тактап айтканда, республикабыздын кѳп этностуу аймактарындагы  мектептерде кыргыз тилиндеги окуу китептеринин тартыштыгы жана кыргыз тилдүү эмес мектептерде предметтик мугалимдердин жетишсиздиги. Дагы бир орчундуу маселе – бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда этностук азчылык топторунун ѳкүлдѳрүнүн аз санда болуусу. Бул ѳз кезегинде этностук азчылыктын кадр маселелеринде нааразычылыгын жаратуусу мүмкүн.

 

- Чүй облусунда этностор аралык мамилелердин абалы кандай?

 

— Чүй облусунда этностор аралык мамилелердин абалы туруктуу. Азыркы учурда Чүй облусунда республикабыздын баардык аймактарынан ички миграция менен келген жана отурукташкан жарандарыбыз кѳп. Атап айтсак, Чүй облусунда Кайрылман кыргыздардын саны көп. Ошону менен катар Чүй облусу кѳп этностуу. Агенттиктин 2013-жылдан бери жүргүзгѳн мониторингине ылайык Чүй областында этностор аралык мамилелердин чыңдалып жана элдин биримдигинин бекемделип жаткандыгы байкалууда.

 

- Чүй облусу боюнча Агенттик кандай иштерди жүргүзүүдө?

 

— Бүгүнкү күндө Чүй облусунда 4 райондук жана 1 шаардык консультативдик кеңештер жана этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамалар 2014-жылдан бери туруктуу иш жүргүзүүдѳ.

Агенттиктин коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчылары Чүй облусунун Ысык-Ата, Сокулук, Аламүдүн, Москва райондорунун, Токмок шаарынын райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери менен макулдашылгандан кийин дайындалышкан.

Агенттиктин Чүй облусундагы этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамаларына 2016-жылы жарандардан 76 ар кандай мүнөздөгү кайрылуулар түшкөн анын ичинен 8 кайрылуу этностор аралык мамилелерге байланыштуу болгон. Түшкөн кайрылуулардын басымдуу бөлүгү (68) турак жай салуу үчүн жер тилкелерин бөлдүрүүгө жардам берүү, жайыт жерлеринин аздыгы, таза суунун жана сугат суунун жетишсиздиги, базарлардын жанындагы автомобиль жолдорунун тардыгы ж.б. маселелерди камтыган, жооптуу катчылар түшкөн кайрылууларды карап чыгып тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жеринде чечишкен, чечилбеген маселелер боюнча жогорку органдарга кат түрүндө кайрылышкан.

2017-жылдын 21-мартында Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын эски аянтында этностук коомчулуктардын диаспораларынын  иш-чарасын этносторду жакындаштырууга багытталган мыкты улуттук тамак-ашка, мыкты улуттук оюндардарга ж.б. конкурстар  уюштурулуп өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамына кирген 18 диаспоранын өкүлдөрү катышышты.

 

 

 

 

Жогоруда берилген жооптордон кийин, Чүй облусундагы улуттар аралык мамилелер бир топ алгылыктуу экенин байкасак болот. Бирок таяктын эки учу бар деген сыңары, бул нерсенин да көйгөйлүү жагдайлары жок эмес. Мисалга мектептердеги кыргыз тилин үйрөтүү боюнча окуу куралдарынын жетишсиздиги, жумушка орноштуру же кадр маселелери сыяктуу. “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛИНИН БИРИМДИГИН ЖАНА ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ ЧЫҢДОО КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН” ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИН МАМЛЕКЕТТИК-УКУКТУК ЖАКТАН ЖӨНГӨ САЛУУ жөнүнүдөгү беренесинин 16-17-26-пунктарына ылайык:

“Кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоо критерийлери катары толеранттуулукту жана этностук жамааттардын маданий өзгөчөлүктөрү жана тилдерди билүү жөнүндө маалымдарлыгын кароо;

 

Бийлик органдарынын бардык деңгээлдеринде көп этностуу курамдагы  өкүлдөрдү калыптандырууда саясый партиялардын ролун  жогорулатуу, өлкөнүн саясый турмушуна жигердүү, кесипкөй жарандарды тартуу;

 

Элдин биримдигин чыңдоого жана жалпы жарандык аң-сезимди калыптандырууга багытталган жарандык коомдордун, биринчи кезекте этностук, жаштардын, аялдардын жана башка жамааттардын  өкүлчүлүктөрүнүн демилгелерин колдоо” деп жазылган.

 

Ырас, биз башка улуттар менен бир мекен койнунда жашап жаткан соң, алар менен бардык тармакта аралашып турушубуз керек. Антпесе бул толеранттуулукка жатпайт. Деген менен жогоруда айтылган кээ бир маселелер улуттар аралык мамилелерге эч кандай таасир этпейт. Чүй боорундагы улуттар биринен бир айырмаланбай калган. Анткени келин алып, кыз беришип калган эл биринин турмушун, салтын жаттап, ага көнүп да калышкан. Бүгүн алар бир үйдө бир дастаркон үстүндө чайлашуу менен өзгөлүктү байкашпайт. Демек ал жок. Бирок бул нерсе таң калачтуу эмес. Анткени бизден да бир топ алп держава болгон Россия да бүгүн көп улуттарды өзүнө камтып, ошону менен башкаларга айбат көрсөтүп келүүдө. Ал эми улуттар ортосуна бүлүк салгандар эл душманы. Алардын максаты — эки элди эриктирбей, бир элди бириктирбөө. Андыктан улуттар аралык ынтымак өзүбүздүн гана колубузда.

 

 

Адилет КАБЫЛБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 21, 2017 11:51

Парламент

Элдик медицина