Кримдүйнөнүн баш кесерлери жандандыбы?

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 16, 2018 06:08

Кримдүйнөнүн баш кесерлери жандандыбы?

крим Шейшемби күнү редакциябызга күтүүсүз кирип келген жарандарыбыздын даттануусун угуп, коомчулуктун талкуусуна салууну чечтик.

Кыргыздын  “жыргаганымдан жыртык шым кийип жүрүптүрмүнбү”-деген сөзүндөй, кыргыздар жыргаганынан жылаңайлак ылай тебелеп, эптеп үй куруп, жашоосун улантып жатышыптырбы?

Дегеним, эптеп жер алгандарына сүйүнүп колунда барын курулушка салып, үй куруп жаткан жаңы конуштун тургундарынын айткандарын, алардын көз жаштарын көрүп жакаңды кармагандан башка жакындан жардам бере албай, айла жоктон бийлик төбөлдөрүнө кулак кагыш кылып жазып жатабыз.

Чындыгын айтыш керек, акыркы 5-6 жылдан бери кримдүйнөнүн баш кесердери тынчып калганы жалпыга белгилүү. Тилекке каршы, үстүбүздөгү жылы кайрадан жанданышып, карапайым калктын канын иче баштаганын айтпай коюуга болбойт.

Азыр кайсы жерге барба “черныйлар” мындай кылды, “черныйлар” мынча салык салышты-тезинен акча табыш керек. “Акча же өмүрүңдү танда” деп айтып жатышат-деген сөздөр айтыла баштады. Башкасын айтпаганда, жаңы конуштарда үй куруп жаткан карапайым калкты коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылууга окшогон фактылар күн санап көбөйүүдө.

Мисалы, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу жерлерине 2-3 жылдан бери калктын отурукташып, үй куруп жатканы жалпыга маалым. Ушул жерлерде 498, 519,520 контурларында “Камчы Көлбаевдин балдарыбыз” деген Алмаз, Нурик, Боки, Алик, Сыргак аттуу мырзалардын келип, куруучуларга салык салмайы башталыптыр.

Аларга маалымат ташыган Гульмира дагы 2-3 аялдары бар экендигин баса белгилеп кетүү зарыл-дейт Айша аттуу  айым (аты өзгөртүлдү)..

“Мен ушул жерди эптеп алып, 2 жылдан бери 1 бөлмөсүн бир туугандарым айылдан келип бүтүрүп берип кеткен. 3 балам менен квартиралабай жыргап эле жашап жатам. Ооба, азырынча эч кандай шарттары жок болсо деле “үңкүр да болсо үйүм бар”-дегендей, кышкысын көмүр алып, от жагып эле жыргап калдым. Мурда иштеп тапканымдын жарымын квартирага берип коюп, жарымын эптеп тамак-ашка жеткирчү элем. 10-15 күндөн бери Сыргак, Нурик, Боки деген балдар келип, бул жер сага тиешелүү жер эмес. Башкалардын жери экен. 3000 доллар берсең токтотуп беребиз –деп күндө келип коркутуп-үркүтүшөт. Мен эптеп керелден кечке тигүүчү болуп иштеп, тапкан акчам менен балдарымды багып жатсам, каятагы акча. Быйыл дагы бир бөлмөсүн бүтүрүп алайын деп чогулткан тыйыным бар эле. Аны дагы алышты. Бирок, такыр эле күндө келе беришип эшикке чыккандан дагы коркуп калдык. Милиция кызмакерлерине айтсаң тирүү калам деп ойлобо, ит аткандай сени ким атып кеткенин эч ким билбей калат-дейт.

Эрмек (аты өзгөртүлдү). Мен Россияга барып 3 жыл жер шыпырып (дворник) иштеп, эптеп тапкан акчама жер сатып алгам. Күзүндө кетип, жазга чейин ичпестен-жебестен акча чогултуп келип үй куруп жатам. Көлбаев Камчынын балдарыбыз деп келип алып, ур-токмокко алышат. Акча талап кылат. Таппасаң сени башка тагдыр күтүп турат, болбосо жериңден айрыласың-дейт. Эмне кылаарымды дагы билбей калдым.

Мына ушуга окшогон ондогон жарандарыбыздын арыз-муңун угуп, бул баш кесерлер карапайым калкты эмес, миллиондорду сугунган коррупционерлерге барышпайт-деген ой кетет экен.

Калкыбызды кантип баш кесерлерден сактап калабыз, канткенде элибиз тынч жашайт. Кандай жардам берсек элибиздин көз жашынын ордуна ууртунан күлкүнү көрөбуз. Урматту окурмандарыбыз, урматту бийлик башындагы ыймандуулар сиздерден жардам сурайбыз. Карапайым калкыбызга жардам керек…

 

Адилет Шамаев

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 16, 2018 06:08

Парламент

Элдик медицина