КР БШК жана ИИМ добуштарды сатып алуу көрүнүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө белсенүүдө

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 5, 2016 15:33

КР БШК жана ИИМ добуштарды сатып алуу көрүнүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө белсенүүдө

47454w660h490croplr «Кабар» КУМАда өткөн маалымат жыйынында КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматов добуштарды сатып алууга тиешеси бар жактардын кеңири чөйрөсүн жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк бере турган жана мындай мыйзам бузуу үчүн жазаны күчөтүүчү мыйзам долбоору жакын арада үчүнчү окууда каралышы күтүлүп жатканы тууралуу маалымат берди. БШК мындай жат көрүнүшкө каршы күрөштө ИИМге чоң ишенич артат.

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары минтип айтты: “Акыркы жылдары өлкөбүздө колдонулуп келаткан жарандардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде добуш берүү тутуму “карусель”, бюллетендерди дүңүнөн салуу сыяктуу добуштарды бурмалоонун кээ бир ыплас схемаларын жокко чыгарды. Азыркы учурда добуштарды сатып алуу көрүнүшү таза жана ачык-айкын шайлоо үчүн чоң коркунуч жаратууда”.

Өз сөзүндө КР ИИМнин БТБнын начальнигинин орун басары Н.Утемисов колдонуудагы мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн Кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертти. КР Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин (шайлоо укуктарын ишке ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу) санкциясы үч жылга чейин эркинен ажыратууну, ушул эле Кодекстин 140-беренеси (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) – беш жылга чейин эркинен ажыратууну, ушул эле Кодекстин 141-беренеси (шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес саноо) жети жылга чейин эркинен ажыратууну карайт.

КР ИИМнин 1-11-декабрдагы мезгилде бардык шайлоо участокторуна милициянын наряды (ИИМдин 2-3 өкүлү) бекитилерин билдиришти. 8-12-декабрда кыргыз милициясынын өздүк курамы аскердик даярдыктын “Жогорку” даражасына которулат.

Учурда календардык планга ылайык КР БШК ИИМдин өкүлдөрү менен биргелешип, бюллетендерди шайлоо участокторуна жеткирүүдө, бюллетендер сакталган сейфтер күнү-түнү ишеничтүү кайтарууга алынган, ошондой эле шайлоо аяктагандан кийин аймактык шайлоо комиссияларына жеткизүү учурунда дагы ал бюллетендердин бекем сакталышы камсыздалмакчы.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 5, 2016 15:33

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина