Коррупцияга каршы мурда жабылып калган иштер кайрадан каралат

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:15

Коррупцияга каршы мурда жабылып калган иштер кайрадан каралат

1111 Коррупцияга  каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешмеде болуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов жетекчилик кылды.

Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Сагынбек Исмаилов, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров, Жогорку кеңештин депутаттары менен жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда.

“Жалпыга белгилүү болгондор Жогорку Кеңештен корруция иштерине карата катуу сын пикирлер айтылып, өзүнөр жардам берип, жыйынтыгы начар болуп жатат-деген сөздөр айтылып жатат. Мындан сырткары “актоо ” боюнча маселелер көтөрүлүп, тергеөөдөн кийин ири субьектилердин, мамлекеттин жетекчилери акталып кетип жаткан учурлар бар. Себеби сиздер тергеген Экономикалык кызматтык кылмыш иштери болгондуктан, сотко жеткенде 2017-жылы 200 адам  акталып чыгып кеткен. Ошондуктан, кимдин кандай сунушу бар”- деди баш прокурор.

УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Разаевдин айтымында тергөө учурунда күбөлөр баштапкы көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жибергенин айтты.

Андан сырткары, кошумча нарк салык төлөмдөрүн жасалма документтер менен кайтарып алгандардын 400 млн. сомдук мүлктөрү камакка алынган. Жыйынтыгында 5 салыкчы, 3 ишкер жана 2 кытай жараны кармалганы кабарланган.

Атайын ыкчам жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджет 1млрд.сомдок ашык зыян тартканы белгилүү болду.

Учурда экономикалык кылмыштарга байланыштуу 6 тергелип жатат-деди УКМКнын башкы тергөөчүсү.

Координациялык кеңешмеде мындан сырткары жол куруудагы коррупциялык иштерге байланыштуу да маселе көтөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов: “учурда эң көйгөйлүү маселе бул-жолдордун тешиктерин бүтөө (ямочного ремонт) деген. Негизи биз ушул ремонттук ыкмадаш баш тартышыбыз керек. Себеби, эски система, бул жерде коррупциялык тобокелчиликтер бар. Аудиттик текшерүү учурунда эсебин чыгарууда кыйынчылыктар жаралат экен. Биз сунуш кылат элек, ушундай жолдун тешиктерин бүтөө менен алек болбой, жылына 2-3 км. Жолго асфальт төшөсөк натыйжалуу болоор эле”-деди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымына караганда, министрликте коррупцияга каршы чаралар көрүлүп, алгылыктуу иштер аткарылып жатыптыр.

Кеңешмеде 2017-2018-жылдын беш айында экономикалык кылмыштарга байланыштуу 33 кылмыш иши козголуп, мамлекетке кетирген зыяндын көлөмү 222млн. сомдон айканы белгилүү болду.

2017-жылы жол курууда кылмыш иштери айкындалып, мамлекеттин казынасына 8млн.сом кайтарылган. Ал эми 2018-жылдын 5 айында 230 адамга ар кандай чаралар көрүлгөн.

Жалпыга белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинде Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоочуларга корруциялык иштерге каршы күрошүү боюнча катуу тапшырма берген. Төрт ай аралыгында чуулгандуу экономикалык кылмыш иштердин бети ачылып, бир нече мамлекеттик кызматкерлер камакка алынды. Президенттин талабына ылайык, мурда кылмыш иши козголуп, бирок кандайдыр бир себептер менен жабылып калган иштер дагы кайра каралып жатканлыгы айтылды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:15

Парламент

Элдик медицина