Коррупционерлерге кандай мүлктөр таандык?

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 12, 2018 12:36

Коррупционерлерге кандай мүлктөр таандык?

2 Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүдө бир тууганын дагы аябай турганы тууралуу сөз болгон эле. Мына, андан бери 6 айдын жүзү болду, кандай жыйынтыктар болуп жатат деген кээ бир атуулдарыбыздын суроосуна төмөндөгүдөй жооп берүүгө болот.

СССР кулагандан кийин мамлекет башына келген Аскар Акаев кыргыз мамлекети үчүн жакшы эле иштерди жасагансыды. Ал учурда Россия дагы сыртын салып эч жактан жардам болбогондон кийин экс-президент Аскар Акаев чет мамлекеттерге чыгып акчалай каражат таап келип жатты. Ал учурда элде эч нерсе жок болгон. Талапка жооп бергендей мамлекет куруу дагы кыйынга турган. Тажрыйбасы жок илимпоз, академик президентти үй-бүлөсү баш болуп долбоорлорду ишке ашырууга алынып келген каражаттарды талап-тоной баштаган. Президенттен биринчи анын жубайы М.Акаева менен мамиле куруу бир ууч бюрократтардын негизги уставына айланып, кызматтан кызмат которуп, өз кызыкчылыктары үчүн иштеп калышкан. Мына ошондо Кыргызстандагы коррупция тамырлашып, өз кулачын кенен жайган. Жыйынтыгында айыл чарбасы талкаланып, мамлекеттин үлүшүндө турган жерлерди ошол эле бийликте турган адамдардын көздөй кишилери уюштуруп, жерлерди басып ала баштаган. Андан сырткары энергетика, медицина, билим берүү жана башка тармактарда тамырлашкан коррупция Акаевдин бийлигин кетирүүгө алып келди.

2005-жылы келген Курманбек Бакиевдин тарыхы дагы Акаевден ашса  ашып, бирок кемип калган жок. Анын дагы бир туугандары, балдары президенттин өзүнө ээ кылбай ар тараптан башкарып, кош бийлик менен мамлекетибиз таламайга түшкөнүн кантип жашырабыз. Карапайым калк жашоосун оңдоо үчүн чет өлкөлөргө кетүүгө аргасын болуп, өлкөдө калган жарандарыбыз четинен “заказ” менен өлтүрүлө баштаган. Акырында мобилдик телефондордун ар бир чалуусу үчүн 60 тыйындан кошумча киргизүү, энергетиканын тарифтерин ар бир сезондо көтөрүү ж.б. у.с.  жарандардын бийликке болгон нааразычылыгын жаратып, жыйынтыгында Бакиевди бийликтен кулаткан.

Шордуу кыргыз дагы деле жыргап кеткен жок, жаңы бийликке келип отурган Роза Отунбаев жана Алмазбек Атамбаев мурда үй-бүлөлүк клан башкарган болсо, кийин жакын санаалаштары башкарды. Бирок калыстык үчүн айта кетүү керек, мурда сөз менен айтылып, бирок коррупциянын айынан ишке ашпай келген ири долбоорлор Атамбаевдин учурунда ишке ашты. Мисалы, Датка-Кемин электр көмөк чордону курулуп, Кыргызстан энергетикалык толук көз карандысыздыкка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алды жана түндүк-түштүктү бириктирген альтернативдик жолдун курулушу башталып, бүтүрүүнүн алдында турат. Мамлекеттин ички жана тышкы жолдору, мектеп, аймактардагы, республикалык деңгээлдеги ооруканалардын капиталдык курулуштарын баса белгилеп кетүү зарыл.

Ошондой болсо дагы Алмазбек Атамбаев жанында жүргөн кээ бир шылуундардын коррупцияга аралашканын көзөмөлдөбөгөнү анын кечирилгис катачылыгы деп билсе болот.

Кыргыз элинин уучу куру эмес, 2017-жылы калктын колдоосуна ээ болуп президенттик кызматка келген Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы программаларынын бири катары “корруцияны жок кылуу” болгон.

Кызматка келген күндөн коррупцияга каршы күрөштү баштаган Президент С.Жээнбеков азыр кээ бир жарандардын сын-пикирине кабылып калып жатат. Урматтуу окурман, биздин чакан мамлекетибизде коррупция ушунчалык кулач жайып, тамырлашып кеткенин мезгил өзү көргөзүп жатат. Мамлекет башчысы жалгыз адам, биз коомчулук мамлекет өнүгүп-өссүн, коррупциясыз, адилет, айкын мамлекетте жашайлы деген тилегибиз бар болсо, анда колубуздан келишинче жардамыбызды беришибиз керек. Коомчулуктун жардамы жок, эч качан ийгиликтерге жете албайбыз. Сөзүбүз так болуу үчүн биз ар бир коррупция менен шектелген жарандарыбыздын камакка алынган мүлктөрүн сиздерге сунуш кылмакчыбыз.

Жантөрө Сатыбалдиевдин камакка алынган мүлкүнүн тизмеси 

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынды.

Эске салсак, Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнь күнү Бишкек ТЭЦине байланыштуу иш боюнча кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгү (кылмышка  шериктеш болуу) жана 303-берененин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айыпталууда. Сатыбалдиев учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө тийиштүү мүлкү:

— 2000-жылы чыккан Mercedes-Benz Б500 үлгүсүндөгү унаа;

— 2000-жылы чыккан Mercedes-Benz 500 үлгүсүндөгү унаа;

— 2008-жылкы Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа;

— Бишкек шаарындагы Бектенов көчөсүндө жайгашкан турак жай.

Сатыбалдиевдин уулу Жоомарт Сатыбалдиевге тийиштүү мүлк:

— Ош шаарындагы «Анар» кичи районунда жайгашкан дүкөн;

— 2015-жылы чыккан Toyota Camry унаасы.

Сатыбалдиевдин уулу Исламбек Сатыбалдиевге тийиштүү мүлк:

— Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылындагы сегиз жер участогу;

— Ош шаарындагы «Ак-Тилек» кичи районундагы турак жай;

— МАЗ 6303-020 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (чыгарылган жылы көрсөтүлгөн эмес);

— МАЗ 6422 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (чыгарылган жылы көрсөтүлгөн эмес).

Сатыбалдиевдин дагы бир уулу Кубат Жантөрө уулуна караштуу мүлк:

— 2006-жылы чыккан Lexus EC-350 үлгүсүндөгү унаа;

— 2008-жылы чыккан Mercedes-Benz OEK280 үлгүсүндөгү унаа;

— 2006-жылы чыккан Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа;

— 2003-жылы чыккан МАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа;

— 2006-жылы чыккан КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа.

Жубайы Канышай Турдукеевага тийиштүү мүлк:

— Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан өндүрүштүк имарат;

— Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан батир жана гараж;

— 2004-жылкы Lexus RX330 үлгүсүндөгү унаа;

— 1993-жылкы BMW 325 үлгүсүндөгү унаа;

— 2005-жылы чыккан Toyota Prado үлгүсүндөгү унаа.

Кубанычбек Кулматов канча акчаны чөнтөгүнө салган?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы экс-мэр Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында анын мүлкүн камакка алды. УКМКнын тергөө башкармалыгы буга чейин башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси боюнча айып койгон.

Экс-мэр 2014-жылы кытайлык TBEA компаниясы тарабынан Жылуулук Электр Борборун жаңыртуу долбоорунун алкагында аймактарда эки жаңы мектептин курулушу үчүн бөлүнгөн 2 миллион доллар грантттык каражатты Калыс-Ордо конушуна мектеп куруу зарыл деген шылтоо менен өкмөттүн карамагынан мэрияга которуп алган.

УКМКнын маалыматы боюнча Кулматов “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 миллион долларды которгонго жетишкен.

Калыс-Ордодогу мектептин курулушу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн. сом бөлүнгөн.

Байлыкка маарыган Шадиев коңшу Тажикстандын суусун кече качканы кызык

Издөөдө жүргөн депутат Аскарбек Шадиевдин мүлкү тууралуу айтсак, Башкы прокуратура эл өкүлүн Айтматов сыйлыгын ыйгаруудагы туура эмес аракеттеринен улам мамлекетке 2 миллион 61 миң сом өлчөмүндө зыян келтирген деген кине менен 28-апрелде кылмыш ишин козгогон.

Шадиев жана анын жубайынын Кыргызстандагы дээрлик бардык банктарда, башкача айтканда 25 банкта эсептери бар экени ашкере болгон.

Андан тышкары, 12 ишкана, анын ичинен Шадиев 100 пайыз ээлик кылган беш, 50 пайыз ээлик кылган төрт компания, Бишкектеги үйлөрү жана автоунаасы камакка алынган. Ал Кыргызстандан качып кетер алдында айрым мүлктөрүн сатууга дагы үлгүргөнү кийинчерээк белгилүү болду.

Эми Аскарбек Шадиев менен Асел Шадиевага таандык эсептер бар болгон өлкөдөгү 25 банктагы ячейкалар тоңдурулат.

Шадиевдердин ээлик кылган мүлкү жана компаниялардагы үлүшү төмөнкүчө:

— «Карвен чытыре сезона» ЖЧКсынын уставдык капиталынын 33,33 пайыздык үлүшү;

— «Бената» ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— «Карвен групп» ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— «Ларел» ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— «Боорсок плюс» ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— «Тип-Топ» ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— «Боорсок плюс» жана «Трейд Инвест» ЖЧКларында 100 пайыздык үлүшү бар жана кошо түптөгөн.

— «Континенталь транс сервис» ЖКЧнын уставдык капиталынын 33,33 пайыздык үлүшү;

— «Аква Инвест плюс» ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— «Аква Инвест» ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— «Союз Инвест» ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

Ошондой эле Бишкек менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан 4 турак жайга жана бир адам жашабаган имаратка ээлик кылышат. Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа бар. Жогоруда аталган мүлктүн баары камакка алынды.

Кийинки санда Албек Ибраимов менен Сапар Исаковдун мүлктөрү тууралуу жазмакчыбыз.

Нурзада Акмат

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 12, 2018 12:36

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина