Коопсуз шаар Бишкек шаарында алгачкы камера тесттик режимде иштей баштады

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 15:45

Коопсуз шаар Бишкек шаарында алгачкы камера тесттик режимде иштей баштады

10 Долбоордун биринчи этабынын алкагында 10-февралга чейин 10 кесилиште камералар ишке кирет.

-Бишкектин Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине «Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде коюлган камералар тесттик режимде иштей баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Долбоордун биринчи этабынын алкагында 10-февралга чейин төмөндөгү 10 кесилиште камералар ишке кирет.

-Жибек Жолу проспектиси менен Жаш Гвардия бульвары;

-Чүй проспектиси менен Фучик көчөсү;

-Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсү;

-Жибек Жолу проспектиси менен Фучик көчөсү;

— Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульвары;

-Бөкөнбаев көчөсү менен Абдрахманов көчөсү;

-Жибек Жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөсү;

-Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсү;

-Москва көчөсү менен Абдрахманов көчөсү;

— Горький көчөсү менен 7-Апрель көчөсү.

Камералар күнү-түнү иштеп, видео жана фотоматериалдарды топтойт. Долбоорду ишке ашыруу 4 этапка бөлүнгөн. Анын экинчи бөлүгү ушул жылдын март айында башталат.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорун россиялык «Вега» концерни ишке ашырууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 15:45

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина