“Комуз күнү” онлайн түрүндө рахат тартууламакчы

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:23

“Комуз күнү” онлайн түрүндө рахат тартууламакчы

69-сентябрда «Комуз күнү” белгиленет. Кыргыз Республикасыны н Президентинин 13 –август 2019-жылдын №11- жарлыгына ылайык аталган маданий иш-чара өлкөбүздө быйыл экинчи ирет өткөрүлмөкчү. Максаты: кыргыздын руханий маданиятын сактап калуу жана андан ары өркүндөтүү, элдин биримдигин бекемдөө, этностор ортосундагы маданий байланыштарды кеңейтүү жана салттуу музыканын ролун күчөтүү болуп саналат. Быйыл “Комуз күнүн” белгилөө онлайн режимде өткөрүлүшү менен өзгөчөлөнөт. Ошого карабастан, Чүй районунда ага карата мыкты даярдыктар көрүлүп комуздун ышкыбоздору өздөрүнүн өнөрлөрүн көрүүчүлөргө соцтармактарда жайгаштырылган видео роликтер аркылуу тартуулоодо. Бул тууралуу Чүй райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Асанбековна Соромбаева билдирди. Белгилей кетсек, комуз кыргыз элинин байыртадан бери колдонуп келген чертме кылдуу аспабы болуп саналат. Комуз башы, тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеси, үч кулагы жана үч кылдан турат. Комуздун үч кулагы өрүктөн, арчадан жана мүйүздөн жасалат. Башка жыгачтарга караганда, өрүктөн чабылган комуз көбүрөөк бааланат. “ Адамды сүйлөткөн тил болсо, комузду сүйлөткөн кыл болот” — деп элибизде байыртадан айтылып келет. Өткөн замандарда комуз үнү жайлоолордо, боз үйлөрдүн ичинде гана угулса, бүгүнкү күндө залкар комузчуларыбыз Токтогул Сатылганов, Мураталы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Ныязалы, Атай Огонбаевдердин жараткан классикалык күүлөрү, обондору эстрадалык, симфониялык, эл аспаптар оркестрлеринде, атүгүл дүйнөлүк сахналарда жаңырып келет. Чүй райондук балдар искусство мектебинин жетекчиси Индира Акчубаковна Момункулова билдиргендей, аталган мекемеде 164 окуучу окуса, алардын ичинен 90дон ашык окуучу комуз бөлүмүндө чыгармачылыктарын өркүндөтүп келишет. Кыргыз элибиздин салттуу маданиятын улап, Чүй райондук балдар искусство мектебинин окуучулары “Комуз күнүндө” А.Огонбаевдин кол ойноткон “Ак тамак, көк тамак”, “Саадак какты”, К. Орозовдун “Салтанат шыңгырама”, М. Борбиевдин “Таң булбулу”, Н.Абдырахмановдун “Алтын балалык”, “Аттилахан” жана А. Огонбаевдин классикага айланган “ Маш ботой” күүлөрүн чоң чеберчиликте аткарышып, соцтармактардын көрүүчүлөрүнө онлайн аркылуу майрамдык шаң тартуулашты. Чүй райондук борборлоштурулган китепканада жана айылдык китепканалардын филиалдарында “Комуз күнүнө” карата тематикалык текчелер уюштурулду, китепканаларга келгендерге комуз тууралуу баяндамалар жасалып, китепкана кызматкерлеринин чыгармачылык деми менен даярдалган куттуктоолор, “Комуз күнүн” чагылдырган видеороликтер көрсөтүлдү. Бул тууралуу Чүй райондук борборлоштурулган китепкананын башчысы Толгонай Сардарбековна Сыдыгалиева билдирди. Аталган роликтерди “ Ютуб”, “ Фэйсбук”, “Одноклассники” жана башка соцтармактардын баракчаларынан көрүп, рахат алууга болоору белгилүү болду.

 

Бактыгул Байдылдаев

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:23

Приемная кампания 2020

Элдик медицина