ӨКМ: Вотсап аркылуу тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 30, 2018 00:40

ӨКМ: Вотсап аркылуу тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт

4 Вотсап мессенжери аркылуу тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматы суудагы издөө иштерин бекер алып барышат жана республика боюнча жай мезгилинде суу объектилеринде 59 адам чөксө, анын ичинен 18и жаш балдар болгон. Ысык-Көл облусунда 9 адам чөккөн, анын ичинен экөө жаш бала.

Белгилей кетсек, вотсап аркылуу «Ыссык Көлгө водалаздар сууда жүргөн элдерди суунун астынан тартып кетип атайлап эле чөктүрүп, ташка байлап коюшат, издетип жалдаганда саатына өтө көп суммадагы акча алышат. Кыргыздар ансыз деле азбыз эки айдын ичинде 300 адам чөгүп өлдү анын 72си жаш балдар» деген маалымат таркаган.

ӨКМ тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган билдирүүнүн авторун табуу максатында кайрылуу жасады. Себеби мындай чындыкка дал келбеген билдирүү коомчулук арасында түшүнбөстүктөрдү жаратууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 30, 2018 00:40

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина