Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Курман айтка карата куттуктоосу

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 30, 2020 17:39

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Курман айтка карата куттуктоосу

7 Кыргызстан мусулмандары  эң улуу майрам болгон Курман айт майрамын биримдикте, достукта  жана ынтымак менен тосуп жатабыз. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана  өзүмдүн атымдан  баардыгыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктап,  айтыңыздар маарек болсун — демекчимин.

Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күндү кыргызстандыктар дасторкон жайып, ак тилек,  ачык маанай менен тосуп алышат. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйык майрам келечекке зор үмүт жаратат.

Курман айт күнү өлкөбүздүн бардык мусулмандары бир туугандык, достук мамилелерин бекемдеп, бири-бирине кайрымдуулук менен мамиле кылып, сый-урмат көрсөтүү сезимдерин өрчүтөт жана колдон келген жардамдарын аянбай беришет.

Ушул ыйык күнү ар бирибиздин бийик жана таза аруу тилектерибиз, ойлогон ой-максаттарыбыз кабыл болуп, элдин жыргалчылыгы үчүн албан ийгиликтерди жарата беришине тилектешмин.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалаймын!

Андыктан ар бириңиздердин ден соолугуңуздардын бекем болушун, үй бүлөңүздөрдө ырыскылуу ынтымак орноп, кут кетпей кубаныч жайнап турсун деп тилек кылам. Башкысы ар бир эмгек акыбети кайтып, эл- жерибизде тынчтык, үмүттүү келечек, жашоонун жыргалчылыгы орноп турсун.

Дегеним, Аллах Таала берген сыноодо же дүйнөнү каптаган илдетти биримдиктин, ынтымактын негизинде жеңип жатабыз деп айткым келет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» Жарлыкка кол койгон. Бүгүн илдеттен өтүп кеткен мекендештерибизге аза күтүү күнү болду.

Куттуктоо менен эле чектелбестен, GOVID-19 пандемиясынан өтүп кеткен жарандарыбызга терең кайгыруу менен азасын тең бөлүшкүм келет.

 

Алтынбек Намазалиев: Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 30, 2020 17:39

Приемная кампания 2020

Элдик медицина