Өкмөтnүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровдун куттуктоосу

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 22, 2021 11:04

Өкмөтnүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровдун куттуктоосу

111 Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Улуу майрамыбыз болгон 23-февраль  Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм!

Бул майрам өсүп келе жаткан жаш муундардыАта Журтту сүйүүгө, Мекенчил болууга чакырат. Мекенге берилип кызмат кылуунун символу болуп саналат.

Өлкөдөгү тынчтык, туруктуулук жана биримдик – бул элибиздин улуу энчиси. Жергебизде тынчтык болсо, экономика өнүгөт, адамдар бейкут турмушта жашап жана эмгектенип, бакубат турмушту курушат. Азыркы  тынчтык мезгилде да биз өлкөнүн коргоонуу жөндөмүн чыңдап, Ата-Мекенибиздин келечегин сактоо биздин каарман жоокерлердин, намыскөй уул-кыздарыбыздын мекенчил сезимин курчутат деп ишенем.

Ата Мекенди коргоочу — бул бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес. Бул — биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуул.

Ошондуктан, Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, жан-дили менен Ата Мекенине күйгөн ар бир атуулубузга. ар бир үй-бүлөгө чын жүрөгүмдөн жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайм. Ардегерлерибизге чың ден соолук, узун өмүр тилейм, ал эми жоокерлерибиз менен офицерлерибизге ийгиликтүү кызмат өтөөсүн каалайм.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 22, 2021 11:04

Приемная кампания 2020

Элдик медицина