Өкмөт Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизди

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 10:47

Өкмөт Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизди

9 Жогорку Кеӊеште  “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, өкмөттүн өтүнүчү жана баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында айтылгандай, “Бузуулардын бирдиктүү реестрин” иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ошонун негизинде 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган бир катар мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков “түкүрүк” үчүн айыппул азыр 8-категориядан “бейбаштык” беренесиндеги 1-категорияга которулганын, айыппулдун өлчөмү 1000 сомду түзө турганын билдирди. “Өкмөт жаӊыдан күчүнө кирген укук коргоо жаатындагы ченемдик укук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү март айында парламенттин кароосуна киргизет. Мыйзамдарда көптөгөн кемчиликтер бар экен, азыр анын үстүндө иштеп жатабыз”, — деди ал.

Андан тышкары, жолдо жүрүүнүн техникалык регламентке байланыштуу тартип бузуу жоболорун өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору да өкмөттүн өтүнүчү жана баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта укук коргоо жаатындагы 5 кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кирген.  Алар Кылмыш-жаза кодекси,  Жоруктар жөнүндө кодекси, Жазык-процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекси, “Пробациялоо жөнүндө” жана “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдар.

Мурунку министр Талантбек Батыралиев мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө

Мурунку саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кечээ, 7-февраль күнү мурунку министрге КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүмү жана 322-беренесинин 2- бөлүмүнүн 2п. боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги тууралуу билдирме берилди.

«Белгилей кетсек, КР Эсептөө палатасы түзгөн актысына ылайык, Т.Батыралиев 2014-2018 жылдар аралыгында КР саламаттык сактоо министри кызматында иштеп туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуп, 4 стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ методу менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууларда мамлекетке пайдасыз бир нече келишимдерди түзгөн. Жыйынтыгында, мамлекетке 107 млн.сомдон ашык зыян келтирилген», -деп жазылат маалыматта.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 10:47

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина