Кесиптин жөнөкөйү жок

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2019 10:06

Кесиптин жөнөкөйү жок

7 Жайыл районунун бут кийим оңдоочу жайынын ээси, өтүкчү-мастер Жантай Бейшенбаевди жылдын кайсы мезгилинде болсо да бош отурганын көрбөйсүң. Ал өз ишине элден эрте келип, элден кеч кетип, бирде бут кийим тигип, бирде ултарып, бирде оңдоп отурганы отурган. Жантай Сатылганович 1977-1979-жылдары Советтик Армиядан келгенден кийин Бишкек шаарындагы Жеңил өнөр жай техникумун аяктап, өтүкү-мастери кесибине ээ болгон. Ошондон бери бул кесипте талыкпай эмгектенип келет. Өтүкчүлүк кесип 18-19-кылымдарда Европа, Азия өлкөлөрүндө күчтүү өнүккөн темир, жыгач устачылык, кол өнөрчүлүк жана башка кесиптердей эле жогору бааланган сыймыктуу байыркы кесиптердин бири. Аталган кесип бугүнкү күндө да өзүнүн улуулугу, баалуулугу же кирешелүү жагынан башка кесиптерден ашса ашып, асты кемибей алар менен тең тайлашып келет. Чындыгында өтүкчүлүк эң пайдалуу, кирешелүү кесиптердин бири. Мында товарың өтпөй калуу, кардарларды издөө, банкрот болуу деген жок. Узанууга устаканаң, иштөөгө товарын, колуңда аспаптарың болсо кардарларга жылуу мамиле кылып, ишти сапаттуу бүтүрүү негизги маселелердин бири. Жантай Сатылганович өз кесибине жооптуу мамиле кылып ишти сапаттуу  бүтүрүү менен ар дайым кардарларыңан алкыш алып келет. “Күндөн күнгө ондогон бут кийимдерди оңдоп, ондогон кардарлардан алкыш алуу мен үчүн Ардак грамоталардан да артык” дейт кесип ээси. Жантай Сатылгановичтин айтканында калет жок. Ал өтүкчүлүк кесипти аркалаганына 40 жылдан ашты. Бул кесипти аркалоо менен дарагын бир жерден көгөртүп турмуштан өз ордун тапты. Бактысына да кесиби аркылуу жетти. Учурда эс алууга чыкканына карабай ата кесиби ардактуу деп өз кесибин уулдарына үйрөтүп келет.

 

Болот Жумагулов

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2019 10:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина