Кеминдин тургундары нааразычылык акциясына чыгышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 11:05

Кеминдин тургундары нааразычылык акциясына чыгышты

13 Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылынын тургундары 1 чакырым жер коӊшу ѳлкѳгѳ ѳтүп кеткенин билдирип, нааразычылык акциясына чыгышты.

«Биздин жергиликтүү ишканалар эки ѳлкѳнү бѳлүп турган суунун жээгинен шагыл таштарды алып жатышып, суунун нугу биз тарапка бурулуп кеткен. Анын кесепетинен 1 чакырым жер коӊшу ѳлкѳгѳ ѳтүп кетти», — деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Ал эми Чым-Коргон айыл ѳкмѳтү бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлгѳнүн билдиришти.

 

«Элдер кайрылганда биз дароо акимге кат жазып жөнөттүк. Алар тиешелүү мамлекеттик органдарга, тактап айтканда чек ара, мамэкотехинспекциясына жана башкаларга кат менен кайрылышыптыр. Бул боюнча комиссия түзүлүп, иш башталды. Эми жыйынтыгын күтѳбүз», — деди аталган түзүмдөн.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 11:05

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина