Кеминдеги энелер сыйланды

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 10:49

Кеминдеги энелер сыйланды

2 Чүй облусунун Кемин районунда 2019-жылдын 17-майында «Энелеркүнүнө» карата «Бейиш эненин таман астында» аттуу иш-чара Кемин райондук маданият үйүндө өткөрүлдү. Иш-чарага райондунар бир айыл өкмөтүнөн жана шаарларынан келген 300 апа катышты.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Шаршеналиев катышып, куттуктоо сөзүн айтып, энелерге таазим этти.Ошондой эле айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери, мекем-уюмдардын жетекчилери, демөөрчүлөр да катышып, апаларга каалоо-тилектерин билдиришти. Апаларга гүлдестелер, белектер тапшырылды.

Жылдагыдай быйыл “Энелер күнүнө” карата Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 8-майындагы УП №58 Жарлыгы менен Кемин районунан 2 эне: Абыканова Айтбүбү апа, Курманалиева Эркингүл апа “Баатыр Эне” ордени менен сыйланса, 4 эне: Абдраимова Венера апа, Калыкова Зарина апа, Кубанычева Махабат апа, Сейдакматова Элмира апа “Эне Даӊкы” медалы сыйланышты.

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен коштолуп, ошондой эле апаларга Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры тарабынан Токтоболот Абдымомуновдун « Машырбек үйлөнөт» комедиясы коюлду.

Райондогу бардык мектеп, бала-бакчаларында 2019-жылдын 13-17-май күндөрү  класстык ачык сааттар,  «Эненин жүрөгү», «Энелерге гүл десте» жана башка темадагы майрамдык концерттер, кечелер өткөрүлдү.

Энелер майрамы райондун бардык айыл аймактарында, шаарларында17-19-май күнү белгиленет.

 

Урматтууапалар! Кадырманэнелер!

Кыргызстанда 2012-жылдан бери май айынынүчүнчү жекшембисинде “Энелер күнү” белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатуу менен бирге үй-бүлөдө да апаларга өзгөчө көңүл бурууга арналган күн болуп калды.

Жарлыкта айтылгандай: “Энени сыйлоо жана урматтоо салтына ылайык, эненин балдарды тарбиялоодо маанилүү ролун таанып билүү, үй –бүлөнү бекемдөө, коомду өнүктүрүүгө кошкон салымы кыргыз элинде тереӊ мааниге ээ. Ар бир жаран, жашына карабастан, эне менен болгон жан дүйнөлүк байланышты, анын колдоосун жана сүйүүсүн сезип турат. Кандай гана эненин камкордугуна ыраазычылыгыбызды билдирбейли, баары бир анын алдында карызбыз.”

“Бейиш эненин таманын астында” деген сөз эненин үй-бүлөдөгү жана коомдогу өзгөчө орду бар экендигин айгинелейт. Келечек муундун ден соолугу, балдардын билим сапаты, коом баалуулуктарынын калыптанышы түздөн-түз үй-бүлөнүн бейпилдигинен, эне ден соолугунан жана берген тарбиясынан көз каранды.

Эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, энени үйдүн куту, коломто ээси, жашоонун булагы  катары ыйык тутуп келген! “Дүйнөнүн түркүгү-энелер” деп айтылат элибизде.

Эненин жүрөгү өз балдарын жарык дүйнөгө келгенден баштап, кандай кырдаал болбосун жакшы көрүп сүйөт. Баланы тарбиялап чоӊойтуу каалоосу, бардык үмүттөрдү жана күтүүлөрдү актайт, бала төрөлгөндөн баштап эле эне жүрөгү ушундай болот жана балага гана эненин сүйүүчү, жүрөгү толук арналган. Эне бизге өмүр тартуулап,  бүт өзүн бизге арнаган. Кээде биз энени өзүбүздүн орой  мамилебиз, сөздөрүбүз менен таарынтып коерубуз жөнүндө такыр ойлонбойбуз.

Кыргыздар байыртадан энени ыйык көргөн, сүймөнчүлүк менен Умайэне атаган, жерди урмат менен Жер Эне, өз тилин Энетил деген!

“Сүйүү жок апалардын сүйүүсүндөй”, —

Дүйнө жок аруу – эне дүйнөсүндөй” деген сөздө такыр калет жок.

Жашоонун башаты эне мээриминде, эненин балага болгон улуу сүйүүсүндө. Эне сүтү – ыйык. Энелерибиздин бешик ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүк жаңырып турат. Эне балдарына жарык дүйнө тартуулоо менен бардык жакшы касиеттерди ыроолойт.

Бүгүн биз сиздерге эң жакшы тилектерибизди, таза сүйүүбүздү, сөздүн берметин айткыбыз келет.

Анткени, апалар сый-урматка, жагымдуу мамилеге, ар тараптуу колдоого татыктуу ыйык жансыздар. Сиздердин алдыңыздарда ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң. Сиздердин мээрим менен мээнетиңиздерди алдейлеп баккан эмгегиңиздерди жана ак сүтүңүздөрдү биз балалык адал ниетибиз, ак эмгегибиз, сый-урматыбыз, камкордугубуз менен гана актай алабыз.

Урматтуу кадырман апалар!

Өмүр берген апаларыбыздын расмий майрамы – Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бардыгыңыздарга ачык асман, узун өмүр, бакубат жашоо, чексиз бакыт каалайм!

Балдарыӊыздардын бактысына күбө болуп, алардын сый-урматына ээ болуп, төрдүн  көркү, үйдүн куту болуп жүрө бериӊиздер!

Эне тилейт “Күндүн нуру тоӊбосо!”

Эне тилейт “ Күндүн нуру соолбосо!”

Мен да тыйпыл, күн да тыйпыл болмокчу,

Эгер кокус эне заты болбосо!

Майрамыӊыздар менен биздин сүйүктүү апалар! Дайыма бар болуңуздар!  Сиздерге башыбызды ийип таазим этебиз!

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 10:49

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина