Кеминде “Өлбөс полктун” жүрүшү уюштурулду

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:18

Кеминде “Өлбөс полктун” жүрүшү уюштурулду

4 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буюрмасы менен бекитилген.

Иш-чаралар планына ылайык Чүй облусунун аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына эстеликтерди оңдоо, айлана-чөйрөсүн иретке келтирүү жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Чүй облусу боюнча 8-9 майда жер-жерлерде майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Иш-чаралардын алкагында митинг-реквиемдер, “Өлбөс полктун” жүрүшү жана майрамдык концерттер уюштурулду.

Бүгүнкү күндө облуста 41 согуштун ардагерлери жашайт, анын ичинен 29 согуштун катышуучулары, 12 согуштун майыптары.

Согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 410,0 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Мындан тышкары ардагерлерге райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:18

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина