Кеминде Чу дарыясынын сол жээги бекемделди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 21, 2018 15:15

Кеминде Чу дарыясынын сол жээги бекемделди

3 Кемин районунун Жаңы-Алыш айылынын сол тарабында жайгашкан Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери аягына чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга раймамадминистрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган аймакта жайгашкан 3 сарай турак жайы менен, жол, чарбактарды, мүрзө жана мамлекеттик чек араны суу жеп кетүү коркунучу бар эле. 2017-жылы авариялык аймактарды калыбына келтирүү иши планга киргизилип, анын негизинде кооптуу деп эсептелген Чу дарыясынын сол жээги бекемделди.

«ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдына алуу жана кесепеттерин жоюу департаменти тарабынан Чу дарысыянын жээгин бекемдөө иштери 2018-жылдын 2-майында башталып, 11-июль күнү аяктады. Аткарылган ишке 7 млн. 800 миң сом жумшалды. Чу дарыясынын узундугу 325 метр»  деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 21, 2018 15:15

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина