Кемин районунундагы жаш балдарды коргоо жана алардын камкордугун күчөтүү

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 11:15

Кемин районунундагы жаш балдарды коргоо жана алардын камкордугун күчөтүү

8 Быйылкы жыл, Президентибиз С.Жээнбековдун Жарлыгы менен “2020-жылы – Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы болуп белгиленген. Эң негизги приоритет – балдарды колдоо, алардын бакубат жашоосу. Балдардын укугун коргоо, адам укугун коргоо жаатындагы мамлекеттин өзүнчө багыты болуп саналат, себеп дегенде жаш өспүрүм жарым-жартылай гана аракетке жөндөмдүү — демек, өзүн-өзү коргоого жөндөмсүз болуп саналат. Айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүү зарыл. Балдардын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болушу көңүл борборундагы маселе. Зээнди кейиткен зордук-зомбулуктарга кабылышы.

Алардын укуктары менен милдеттерин ата-энелери жана мыйзамдуу өкүлдөрүнөн тышкары мамлекет тарабынан да камкордук көрсөтүлөт.

Алсак, Кемин райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, райондо 62 жетим балдар бар. Алардын баары туугандарынын камкордугуна өткөрүлүп, үй-бүлөөлөрүнө тапшырылган. Алар кызыкчылыктары бөлүмдүн адистеринин тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

29.09.2017-жылы Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 233-р сандуу «Жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тууралуу» тескеме кабыл алынып, анын негизинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана тийиштүү мекемелер тарабынан иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Айрым айыл өкмөттөрдө балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү болсо алар үчүн муниципалдык турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралаган. Чым-Коргон айыл өкмөтүндө 6 томолой жетим балдарга, 5-жарым жетим балдарга “Ас-Сафе” араб фонду тарбынан (демөөрчүлөр) үйлөр берилген.

Мындан тышкары, өлкөбуз кабыл болгон короновирус пандемиясынын кесепетине кабыл болгон өзгөчө кырдаалда мэриялар, айыл өкмөттөр жана демөөрчүлөр тарабынан оор кырдаалга туш болгон жана жаш өспүрүмдөрдү камкордугуна алган үй-бүлөлөргө гуманитардык жана тамак-аш менен жардамдар көрсөтүлүп турган. Мындан ары да, жаш балдарды коргоп, алардын камкордугун күчөтүү боюнча иш-чараны күчөтүү зарыл.

Бул багытта Кемин райондук прокуратурасы тарабынан тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактылары аныкталса прокурордук актылар келтирилип, көзөмөлдөнүп турат. Жетим балдарга карата мыйзамсыз иш аракеттер аныкталган эмес.

 Кемин районунун прокурору

 У.Джумадилов

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 11:15

Приемная кампания 2020

Элдик медицина