Кемин районунда жайгашкан II кезектеги 35/6 кВ “Перевал- База” көмөкчордону ишке киргизилди

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:47

Кемин районунда жайгашкан II кезектеги 35/6 кВ “Перевал- База” көмөкчордону ишке киргизилди

IMG_391529 сентябрь, Бишкек. “Түндүк электр” ААК Кемин шаарында жайгашкан жогорку вольттогу 35/6 кВ “Перевал- База” көмөк чордонуна кубаттуулугу 6300 кВА болгон күч трансформаторун орнотуу иштерин аяктады. Бул көмөкчордон Кемин шаарынын түштүк бөлүгүн (өндүрүш зонасын) камсыздайт. Көмөк чордондо турган 5 600 кВА кубаттуулуктагы күч трансформатор 1962-жылы чыгарылган. Экинчи кошумча трансформатордун орнотулушу анын жүктөмүн азайтышына алып келет. Эми энергетиктерге керектөөчүлөрдү өчүрбөй оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду, ал эми авариялык режимдерде экинчи булагына кошууга шарт түзүлдү. Экинчи күч трансформаторду орнотуу менен “Перевал- База”көмөк чордонунда 12 ячейкалуу сыртка ыңгайланыштырылган 6 кВ комплекстүү бөлүштүрүү түзүлүштүн монтаждоо иштери соңуна чыкты.

Монтаждоо жана жөнгө салуу иштери менен жогорку чыңалуу кызматынын, диспетчердик жана технологиялык жабдууларды башкаруу; релелик коргоо жана автоматика, өлчөө, чыңалуудан коргоо жана сактоо, метрология өндүрүш кызматтарынын адистери алек болушту.

22-сентябрдан тарта орнотулган күч трансформатор 72 саат бою кур талаа режиминде  иштетилди. Үч сутка ичинде ар бир эки саат сайын “Түндүк электр” ААК адистери трансформатордун иштөө көрсөткүчтөрүн алып жатышты. Учурда орнотулган жабдуу “Түндүк электр” ААКнын Кемин райондук электр тармактарынын оперативдүү башкаруусуна кабыл алынды.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:47

Парламент

Элдик медицина