Кемин районунда үйлөрдүн биринен баңгизат жана ок атуучу курал табылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:02

Кемин районунда үйлөрдүн биринен баңгизат жана ок атуучу курал табылды

8 2019-жылдын 15-май күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине Ак-Туз айылынын жашоочусу баңгизаттарды колдонуп жана сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чогултулган материалдардын негизинде райондук соттун токтому менен Ак-Туз айылынын жашоочусунун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда жогорудагы даректен 110 грамм кургатылган баңгизатына окшош зат жана номурлары өчүрүлгөн тапанча табылган. Үйдүн жашоочусу алынган заттар Т.Т. аттуу баласына таандык экендигин билдирген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 41 жаштагы Т.Т. кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:02

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина