Кемин прокуратура: жашы жете электерге карата жасалган кылмыш иштер

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 28, 2020 16:45

Кемин прокуратура: жашы жете электерге карата жасалган кылмыш иштер

8 Кемин районунда 2020-жылдын 9 айында сотто каралаган жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар иштер

Үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар – Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, үй-бүлөнүн талаптагыдай жашоосуна, жашы жете электерди адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоого ыңгайлуу шарттарды түзгөн коомдук мамилелерге кол салуучу кылмыштар.

2020-жылдын 9 айында Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпысынан жашы жете электерге карата жасалган 35 факт катталган. Көпчүлүк учурларда жашы жете электерге карата жасалган майда бейбаштык жана үй-бүлөдөгү зомбулук орун алууда.

Ал эми, ошол эле учурда Кемин райондук сотунда жашы жете электер жабырлануучу болгон 2 кылмыш иши жана 6 жоруктар каралып, соттун тийиштүү чечимдери чыгарылган. Сотто кылмыш жана жоруктар анча оор эмес болгондуктан иштер боюнча соттук териштирүүдө жашы жете элек жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн берген тосмо арыздарынын негизинде көбүнчө иштер кыскартылууда.

Кемин райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете электердин укуктарын жана таламдарын коргоо боюнча алгылыктуу иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин да, интернет булактарында Кемин шаарынын тургуну, жашы жете элек 2005-ж.т. И.А. Кемин шаарынан 1999-ж.т. К.А.Б. зордуктоо максатында кароосуз калган үйгө күчкө салып алып келгендигин, ал жерден И.А. каршылык көрсөткөндө аны өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөндүгү үчүн Кемин райондук соттун өкүмү менен К.А.Б. 15 жылга эркинен ажыратылган.

Кемин райондук прокуратурасы бул соттун өкүмү менен макул болбостон, Чүй областтык сотуна апелляциялык сунуш менен кайрылып, Чүй областтык сотунун өкүмү менен К.А.Б. өмүр бою эркинен ажыратылып, аталган өкүм Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими менен күчүндө калтырылган.

Мындай өтө зээнди кейитүүчү кылмыштарды жана окуяларды болтурбай, алдын-ала чара көрүү максатында жашы жете электердин ата-энелерине жана аларга тарбия берген улуу муундарга жашы жете электерди туура тарбиялоону, аларга карата зордук-зомбулукту токтотууну, аларды кечкисин кооптуу жерлерге жибербөөнү сунуштайт элем.

Жалпысынан Республикабызда балдарга карата зомбулук фактылары көбөйгөндүгүнө байланыштуу, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн аларга карата зордук-зомбулукту токтотууга жана өзгөчө чараларды көрүү, үй-бүлөлүк баалуулук, моралдык тарбия берүү, ата-эненин жоопкерчилиги  жана  оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга жардам уюштуруу боюнча иш-чараны күчөтүү зарыл.

Бул багытта Кемин райондук прокуратурасы тарабынан тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактылары аныкталса прокурордук актылар келтирилип, көзөмөлдөнүп турат.

 

Кемин районунун прокурору

                                                                            У.Джумадилов

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 28, 2020 16:45

Приемная кампания 2020

Элдик медицина