Каттоочулар үчүн окуулар өтүүдө

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:53

Каттоочулар үчүн окуулар өтүүдө

8 Чүй районунда жана Токмок шаарында  планга ылайык 2020-жылдагы  эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүн өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатат. Бул багытта  каттоо персоналын окутуу  иштери башталды. Чүй району боюнча  4 координатор, 21 инструктор жана 221  каттоочу, жалпысынан  236 адам каттоо иштерине тартылышты. Бул тууралуу Чүй-Токмок аймактык мамлекеттик  статистика  бөлүмүнүн жетекчиси  Аида Мелисбековна Карабашева билдирди.
Анын айтымында,  25-29-февралда  координаторлор, 5-9 –мартка чейин  инструктор-контролерлор окуудан өтүштү. Учурда,  11-20 мартка чейин  Чүй районунун жана Токмок шаарынын каттоочулары толугу менен окуп бүтүшүп, каттоо иштерине  киришмекчи. Райондун каттоочулары  төрт тайпага бөлүнүп, окуудан өтүшөт.  Окутуу процесси
И.Раззаков атындагы  Кыргыз  Техникалык Университетинин жана ТИПТтин базасында өтүүдө. Окуулар атайын иштелип чыккан  программанын негизинде өткөрүлөт.  Анда Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана  турак  жай фондун каттоодогу  каттоочулар үчүн нускамада камтылган маалыматтар окутулуп, мобилдик тиркемени  туура колдонуунун жолдору үйрөтүлөт.  2020-жылы  өткөрүлчү эл жана тура жай  фондун каттоо иш-чарасы  башка жылдардан кагаз түрүндө эмес,  мобилдик тиркемелер аркылуу эллектрондук түрдө өткөрүлгөндүгү  менен айырмаланат.  Катточулардын ишин жеңилдетүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү  максатында, Улуттук статистика  комитети тарабынан 21 инструктор-контролерго ошондой эле  сандагы ноутбук убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилди.  Алар мобилдик тиркемелер аркылуу калктын жана турак жайлардын санын программага  топтоп, ноутбук аркылуу  жиберишет.
Келишимдин негизинде  координаторлор 3 айга, инструктор-контролерлор 1,5,  ал эми каттоочулар 1 айга жумушка алынган. Алардын эмгек акылары республикалык бюджеттен төлөнөт. Каттоочулардын иши үчүн жергиликтүү бийлик ээлери тарабынан атайын имараттар бөлүнүп берилген. Аймактарда каттоо иштери тууралуу маалыматты камтыган баннерлер илинген. Эл жана турак жай фондун каттоо иштери  өлкөбүздө, анын ичинде Чүй районунда 23 –марттан 1 –апрелге чейин өткөрүлмөкчү.
Б.Байдылдаева

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:53

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина