Каршылык көрсөткөн кылмышкер

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 09:58

Каршылык көрсөткөн кылмышкер

3 2018-жылдын 18-ноябрь күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы, КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бирине Жайыл райондук ИИБү тарабынан киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү жүргүзүшкөн.

Ал окуя 2017-жылдын 11-күнү болгон. Жайыл районунун ИИБнүн кызматкери өзүнүн тааныштары 26 жаштагы М.Н. жана 27 жаштагы А.Э. аттуу балдар менен Кара-Балта шаарынан Сосновка айылына “Хонда-Аккорд” үлгүсүндөгү автомашина менен бара жатып, түнкү саат болжол менен 01:40 чамасында жол боюнда шектүү “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаанын токтоп турганын көрүшүп, текшерүү учурунда унаада 10-12 жаштар чамасында өспүрүм бала отурганын көрүшкөн. Ошол маалда ары жактагы үйлөр жактан келген жаран өзүн А.Сулаймановмун унаанын айдоочусу болом деп тааныштырып, айдоочулук күбөлүгүн көрсөткөн. Кызматкер аны мал уурдоого тиешеси бар деген шек менен Жайыл районун ИИБнө чогу барып, өздүктөрүн тактоону талап кылышкан.

Хонда-Одиссейге милиция кызматкери менен бирге жүргөн эки шериги М.Н. жана А.Э.лер отурушуп ИИБнө айдатып келе жатышканда жолдо айдоочу милиция бөлүмүнө баруудан баш тартып, ичиндеги балдар менен уруша кетишип, белгисиз курал менен бирин каратып ок чыгарып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул окуя Жайыл районунун ИИБнө каталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери (Киши өлтүрүүгө) аракет кылуу боюнча кылмыш иши козголгон. Териштирүү учурунда  “Хонда-Одиссей” автоунаанын айдоочусу А.Сулайманов эмес ал Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн Т.Шатманов экендиги аныкталып, ал буга чейин “Хулиганчылык” жана “Каракчылык” беренелери менен соттолгондугу такталып, ага издөө жарыяланган.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам маалыматтар чогултулуп, Кара-Балта шаарындагы бир үйдө жашырынып жаткандагы маалым болуп, 18-ноябрь күнү таң эрте ал жаткан үйгө тинтүү жүргүзүлгөн. Кылмышка шектүү жаран кызматкерлге каршылык көрсөтүп, белгисиз куралдан ок чыгарган. Атайын операция учурунда КРнын ИИМдин атайын багаттагы полкунун кызматкерине ок тийип, кылмышка шектүү Т.Шатманов да жаракат алып колго түшүрүлүп, окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, жаракат алган кызматкер жана кылмышка шектүү жаран аймактык ооруканага жеткирилген.

Бүгүнкү күнү милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Т.Шатманов бир нече оор кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

2016-жылдын 5-август күнү Т.Шатманов өзүнүн шериктери менен белгисиз курал жарактар менен куралданып, Ош шаарынын 56 жаштагы жашоочусу Н.И. аттуу жарандүн үйүнө каракчылык кылышкан. Бул окуя Ош шаарынын ИИБна катталып, КРнын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 2-февраль күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан кармалып, өзүгүн аныктоочу документин көрсөтүүнү талап кылган учурда белгисиз ок атуучу куралын пайдаланып, из жашырып кеткен. Бул окуя Свердлов районунун ИИБнө катталып, КРнын кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жайыл районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кара-Балта шаарындагы кылмышка шектүү Т.Шатмановдун кармоо учурунда каршылык көрсөтүп курал колдонуусу боюнча КРнын кылмыш-жаза кодексинин 28-340-беренеси (Укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматчысын өлтүрүүгө аракет кылуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 09:58

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина