Кара тизмеден чыккан 50 миң кыргызстандык кайрадан Россияга жөнөйбү?

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 13, 2015 10:01

Кара тизмеден чыккан 50 миң кыргызстандык кайрадан Россияга жөнөйбү?

7 Ар кандай сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстан үчүн эн маанилүү маселе чечилди. Россияда эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарынын арасынан 77 миңи кара тизмеге кирип калып, алар уй бүлөсүн бакканга каражат табу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан. Кечээ жакында булардын көпчүлүгү үчүн жагымдуу кабар келип, «кара тизмеден» 50 миң жаран чыгарылды.

Негизи чет мамлекетке кетип жатканда адам өзгөчө юридикалык жактан өтө так болушу зарыл. Ошол «кара тизмеге» түшкөндөр юрист адистердин айтымында өздөрүнүн сабатсыздыгынын, кайдыгерлегинин айынан ошондой окуяга туш болуп отурушат. Мындайлар канткенде азаят?

Албетте ар ким өзүнө тың болуп, укук-милдеттерин билип жүрсө гана. Бизде эмгек ресурсу көп, далайы азыр Россияны беттеп турат. Көп талашты жаратканы менен ушул «кара тизме» алар үчун абдан чоң сабак болду өңдөнөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 13, 2015 10:01

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина